Түрк аба жолдору Европа Лигасындагы чоң таймаш

Лиганын 12-жумасы Испания баскетболунун эки локомотив командасы Реал Мадрид менен Барселона Лассаны беттештирди.

1106770
Түрк аба жолдору Европа Лигасындагы чоң таймаш

Түрк аба жолдору (THY) демөөрчүлүгүн кылган Европа лигасында «эл классико» толкундануусу болду.

Лиганын 12-жумасы Испания баскетболунун эки локомотив командасы Реал Мадрид менен Барселона Лассаны беттештирди.

Аянтчадагы «эл классико» толкундануусуна кожоюндук кылган Мадрид командасы көрүүчүлөрүнүн алдында атаандашынан күчтүү экенин көрсөтө алды.

Алгачкы эки чейректен кийин 23 упайлык айырмага жетише алган Реал Мадрид, оюндун экинчи жарымында дагы жакшы ойноп беттешүүнү 92-65 упайлык жеңиш менен аяктады.

Жеңиш санын 10го жеткирген Реал Мадридде аянттын четинен келип 17 упай топтогон Трей Томпкинс оюндун эң атактуусу болду.

Удаама-удаа үчүнчү жеңилүүсүнө учураган Барселона Лассада болсо Томас Хёртель 16 упай топтоп командасында алдыга чыккан жалгыз ысым болду.



Тектеш кабарлар