"Алтын топ" сыйлыгына талапкерлер белгилүү болду

«France Football» журналы 2018  «Алтын топ» сыйлыгына талапкер 30 футболчуну белгиледи.

"Алтын топ" сыйлыгына талапкерлер белгилүү болду

Дүйнөнүн мыкты футболчусуна берилген «Алтын топ» сыйлыгы үчүн талапкерлер билдирилди. «France Football» журналы 2018  «Алтын топ» сыйлыгына талапкер 30 футболчуну белгиледи.

Талапкерлердин арасында сыйлыкты бешинчи жолу алган Барселонанын аргентиналык футболчусу Лионель Месси менен Ювентустун португалиялык футболчусу Криштиану Роналду менен бирге Реал Мадрид жана Хорватия улуттук командасындагы оюну менен 2018 ФИФА мыкты оюнчу сыйлыгына ылайык көрүлгөн хорват Лука Модрик да орун алды.

Париж Сен-Жерменден Неймар жана Килиан Мбаппе, Ливерпулдан Мухаммед Салах, Челсиден Эден Хазард, Атлетика Мадридден Антуан Грицманн  да 30 кишилик тизмеде орун алды.

«France Football» журналынын  1956 – 2009 – жылдары берген «Алтын топ» сыйлыгы менен ФИФАнын 1991 – 2009 -  жылдардын арасында берген «Дүйнөдө жылдын футболчусу» сыйлыгы, 2010 -  жылы «ФИФА алтын топ» деген ат менен берилген.

ФИФА менен «France Football»  ФИФА «Алтын топ» деген ат менен 2010 -  жылдан баштап берилген дүйнөдө жылдын футболчусу сыйлыгында өнөктөштүктү 2016 -  жылы акырына чыгарган.

 

 



Тектеш кабарлар