Европа дзюдо чемпионатында 4 медаль
Жаштар Европа дзюдо чемпионатынын биринчи күнүндө аялдар 48 килограммда Туче Бедер күмүш медалга жетишти.
1049637
Болгариянын борбор шаары Софияда өткөрүлгөн Жаштар Европа дзюдо чемпионатынын биринчи күнүндө аялдар 48 килограммда Туче Бедер күмүш, 44 килограммда Гамзе Сайма болсо коло медалга жетишти.
Эркектер 55 килограммда Огузхан Өзышык жана 60 килограммда Михрач Аккуш болсо коло медалдын ээси болду.
Борбор шаар Софиядагы Асикс арена спорт залында өткөн жарыштардын экинчи күнүндө аялдарда Букет Мержан менен Семанур Эрдоган жана эркектерде Халил Чимен менен Мустафа Коч медаль үчүн татамиге чыгат.
Тектеш кабарлар
Фенербахче Грециянын Олимпиакос командасы менен беттешет
Үлкер стадионунда ойноло турган оюн Түркия убактысы менен саат 22.00дө башталат.