Түркия Швецияны 3-2 эсебинде утту

УЕФАнын улуттар лигасынын «В» тайпасынын 2-оюнунда Түркия менен Швециянын курама командалары Стокгольмдогу Friends Arena стадионунда беттешти.

2018-09-10T192607Z_997294694_RC1509217C40_RTRMADP_3_SOCCER-UEFA-NATIONS-SWE-TUR.JPG
2018-09-10T194127Z_500235453_RC1F7E2316A0_RTRMADP_3_SOCCER-UEFA-NATIONS-SWE-TUR.JPG
2018-09-10T202611Z_220541749_RC1C8D552000_RTRMADP_3_SOCCER-UEFA-NATIONS-SWE-TUR.JPG
2018-09-10T202649Z_1117011098_RC14F018B9B0_RTRMADP_3_SOCCER-UEFA-NATIONS-SWE-TUR (1).JPG
2018-09-10T212006Z_312029610_RC15216B9C80_RTRMADP_3_SOCCER-UEFA-NATIONS-SWE-TUR.JPG
"А" улуттук курама футболдук команданын ийгилиги
"А" улуттук курама футболдук команданын ийгилиги

Түркиянын "А" улуттук курама футболдук командасы Швецияны 3-2 эсебинде утуп алды.

УЕФАнын улуттар лигасынын «В» тайпасынын 2-оюнунда Түркия менен Швециянын курама командалары Стокгольмдогу Friends Arena стадионунда беттешти.

Улуттук курама команда Швеция менен ойноп жатып 2-0 артта калганына карабастан оюнду таштап койбой  Хакан Чалханоглунун бир жана Эмре Акбабанын 2 голу менен оюн талаасынан 3-2 эсебинде жеңиш менен чыкты.

34-мөнөттө Исаак Телиндин баш менен сүзгөн тобун дарбазачы Синан Болат тосуп койгондо кайра бут менен тээп киргизип койду. Ушундайча Швеция 1-0 алдыга чыкты.

Оюндун экинчи жарымына да Швеция жакшы баштады.

49-мүнөттө Клаэссон 30 метрдей аралыктан катуу тээп топту дарбазага киргизди жана Швеция 2-0 алдыга чыкты.

Ал голдон 2 мүнөт кийин Мехмет Топалдын пасын жаза аянтынын сол тарабынан Хакан Чалханоглу таамай тээп дарбазага киргизди. Ошентип оюн эсеби 2-1 болду.

88-мүнөттө Түркия Эмре Акбабанын голу менен 2-2 теңме-тең болду. Ар ким оюн тең бүтө турганын ойлоп жатканда 90+2-мүнөттө Эмре Акбаба баш менен гол киргизип оюндун эсебин  3-2ге айландырды.

Ошентип Түркия Швецияны 3-2 эсебинде уткан болду.


Этикеткалар: Швеция , Түркия , УЕФА

Тектеш кабарлар