Болт күн санап жатат

Дүйнөнүн эң ылдам чуркаган адамы кыялын орундатуу үчүн күн санап жатат.

Болт күн санап жатат

 

Австралия А лига командаларынан Central Coast Mariners менен ишин баштаган Усаин Болт  жума күнү командасы ойной турган даярдык оюнунда форма кийүүнү күтүп жатат.

Клубдун машыктыруучусу Майк Мулвей да 32 жаштагы жылдызга форма берерин билдирди...

8 алтын олимпиада медалдын ээси болгон ямайкалык спринтер : «Ылдамдыгымды сактап жатам. Жума күнү ойноло турган беттеште аз убакытка болсо да форма кийүү мүмкүнчүлүгүн тапкым келет»,- деди.

Дүйнөнүн эң ылдам адамы сприн өзгөчөлүгүн футбол менен толуктоо үчүн  аракет кылууда.

 



Тектеш кабарлар