Рамил Гулиев чемпион болду

Берлинде атлетика боюнча Европа чемпионаты өткөрүлдү.

Рамил Гулиев чемпион болду

Германиянын баш калаасы Берлинде өткөрүлгөн атлетика боюнча Европа чемпионатынын үчүнчү күнүндө эркектер арасында 200 метрге чуркоонун финалы болду.

Улуттук атлет Рамил Гулиев биринчиликти алып чемпион болду жана Түркия рекордун жаңылап алтын медаль тагынды.

Өткөн жылы Лондондогу дүйнөлүк чемпионатта да алтын медалга ээ болгон Гулиев, карьерасындагы биринчи Европа чемпиондугуна рекорд коюп жетишти.

Чемпионатта британиялык Нетаниэль Митчелл-Блейк күмүш, ал эми швейцариялык Алекс Уилсон болсо коло медалга ээ болду.



Тектеш кабарлар