Бешикташтын жеңиши

Стамбулдагы Водафон Паркта өткөн беттешүүдө Бешикташ Австриянын ЛАСК Линц командасын 1-0 эсебинде утту.

Бешикташтын жеңиши

Бешикташ УЕФАнын Европа лигасынын 3-тандоо турунун алгачкы беттешүүсүндө Австриянын ЛАСК Линц командасын 1-0 эсебинде утту.

Стамбулдагы Водафон Паркта болгон беттешүүдө Бешикташ 6-мүнөттө Раян Бабел кигизген гол менен 1-0 алдыга чыкты.

Беттешүүнүн калган мүнөттөрүндө гол кирген жок жана Бешикташ 1-0 эсебинде утту.

Бул жыйынтык менен Бешикташ Европа кубогунун оюндарында удаама-удаа үчүнчү жеңишине жетишти.

Өткөн сезондо УЕФА чемпиондор лигасынын акыркы 16 команда ойногон мелдеште Байерн Мюнхенге 3-1 эсебинде утулган Бешикташ, бул сезондо В36 Тошавн командасын эки оюнда тең жеңди.

Үчүнчү алдын ала тандоо турунда ЛАСК Линцти уткан Бешикташ,  ушундайча удаама-удаа үчүнчү жеңишине жетишип, Водафон аренадагы жеңиш сериасын болсо жетиге жеткирди.

ЛАСК Линцке карата командасын 1-0 эсебинде алдыга чыгарган Раян Бабел, бул сезон расмий оюндарындагы алгачкы голун киргизди. Нидерландиялык футболчунун ак-кара түстүү формасы менен Европа кубокторундагы алтынчы голу болуп эсептелет.



Тектеш кабарлар