Дүйнөлүк кубок үчүн атактуу футболчулардын маскалары...

Соода ишканалары, жылдыз футболчулардын латекстүү маскаларын сатып чоң киреше табууда.

Дүйнөлүк кубок үчүн атактуу футболчулардын маскалары...

ФИФАнын 2018-жылкы Дүйнөлүк кубогуна саналуу күндөр калды.

Дүйнө жылдыздары, Орусияда өтө турган ири спорттук иш-чарада жолугушат.

Соода ишканалары, чоң рынок болгон Дүйнөлүк кубокту акчага айландыруу үчүн ишкерликтин кызыктуу жолдорду сынап көрүүдө.

Мексикада бир ишкана, Дүйнөлүк кубоктордо чемпион болгон футболчулардын латекстүү маскаларын сатып чоң киреше табууда.

Куернавака шаарындагы ишкана, бул кубокто буга чейин чемпион болгон 12 ысымдын маскасын сата баштады.

Диего Армандо Марадонадан Криштиану Роналдуга чейин бир катар жылдыздын латекстүү маскаларын чыгарган ишкана, товарларын Испания, Франция, Америка жана Орусияга жөнөткөндөрүн билдирди.

Чоң кызыгуу жараткан маскалардын ар биринин баасы 13 Америка доллары...



Тектеш кабарлар