Волейболдо Түркиянын кыздары үчүнчүлүктү алды
Европа Чемпионатынын үчүнчүлүк үчүн беттешүүсүндө Түркия Болгарияны 3-1 эсебинде утуп алып коло медалды багындырды.
956599
Волейболдо 17 жашка чейинки кыздар арасында Европа Чемпионатынын үчүнчүлүк үчүн беттешүүсүндө Түркия Болгарияны 3-1 эсебинде утуп алып коло медалды багындырды.
Болгариянын борбор калаасы Софияда өткөн Европа Чемпионатынын үчүнчүлүк оюнунда үй ээсинин командасы менен беттешкен Түркиянын командасы оюндагы эсеби 25-21,25-20, 21-25 жана 25-19 болуп 3-1 үстөмдүк менен бүтүрдү.
Улуттук курама команда бул жыйынтык менен трибунанын үчүнчү баскычында орун алды.