Фенербахче-ЦСКА Москва
Мелдеш Түркия убактысы боюнча саат 20.45те башталат.
930129
Түркиянын Фенербахче Догуш Баскетбол командасы, Түрк аба жолдору Европа Лигасынын 26-жумасында эртең Орусиянын ЦСКА Москва командасын тосуп алат.
Стамбулдагы «Үлкер» спорт залда өтө турган мелдеш Түркия убактысы боюнча саат 20.45те башталат.
Плей-офф этабында ойноону гарантиялаган эки командадан ЦСКА Москва 20 жеңиш жана 5 жеңилүү менен лидер абалында болсо, Фенербахче Догуш 18 жеңиш жана 7 жеңилүү менен үчүнчү орунда турат.