УЕФА Чемпиондор лигасы

Чемпиондор лигасында акыркы 16 команда ойнойт.

УЕФА Чемпиондор лигасы

УЕФА Чемпиондор лигасынын акыркы 16 команда ойной турган туру, 13-февраль шейшемби күндөгү мелдештер менен башталат.

13-14-февралда жалпы 4 беттешүү болот. Бул турдун биринчи мелдештери 20-21-февралдагы оюндар менен аяктайт.

Тарыхында биринчи жолу Чемпиондор лигасынын тайпалар баскычынан өткөн Бешикташ, акыркы 16 команда ойной турган мелдештин биринчисинде 20-февралда Бавария Мюнхен менен атаандаштын талаасында беттешет.

Чейрек финалга чыккан командалар 6-7-март жана 13-14-марттагы реванш оюндарынын аягында белгилүү болот.

Оюндардын бардыгы Түркия убактысы боюнча саат 22.45те башталат.



Тектеш кабарлар