Бесра Думандан коло медаль

Мексикада майыптар арасында дүйнө чемпионаты өтүп жатат

Бесра Думандан коло медаль

Майыптар арасында штанга боюнча дүйнө чемпионатында Түркияны өкүлдүк кылган Бесра Думан, кыздар арасында 50 килограмм салмакта коло медалга ээ болду.

Мексиканын борбор шаары Мехикодо өтүп жаткан чемпионатта күч сынаган 16 жаштагы Бесра, жаштар категориясындагы чемпиондугунан кийин чоңдордо да коло медаль алды.

Бесра 106 килограммды көтөрүп египеттик Рехад Ахмед жана вьетнамдык Дэн Тхи Линь Фуонгдон кийин дүйнө үчүнчүсү болду.  



Тектеш кабарлар