Анадолу Эфестин атаандашы Панатинаикос

Мелдеш Стамбулда саат 20.30да башталат

847814
Анадолу Эфестин атаандашы Панатинаикос

Анадолу Эфес баскетбол командасы, Түрк аба жолдору Европа лигасынын сегизинчи жумасында эртең Грециянын өкүлү Панатинаикос Суперфудсту тосуп алат.

Мелдеш Стамбулдагы "Синан Эрдем" спорт залында саат 20.30да башталат.

Лиганы өзү каалагандай баштай албай биринчи 5 мелдеште утулуп калган Анадолу Эфес, андан соң удаама-удаа атаандаштын талаасында ойногон эки оюнда Испаниянын Барселона Ласса командасы менен Израилдин өкүлү Маккаби FOXту жеңип алды.

Панатинаикостун болсо 4 жеңиш жана 3 жеңилүүсү бар.



Тектеш кабарлар