Волейбол боюнча дүйнөлүк чемпион болгон команданы Эрдоган куттуктады

Эрдоган, Дүйнөлүк чемпион болгон 23 жашка чейинки айымдардан турган улуттук волейбол курама командасын куттуктады.

809241
Волейбол боюнча дүйнөлүк чемпион болгон команданы Эрдоган куттуктады

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Дүйнөлүк чемпион болгон 23 жашка чейинки айымдардан турган улуттук волейбол курама командасын куттуктады.

Эрдоган, Волейбол федерациясынын төрагасы Мехмет Акиф Үстүндагга куттуктоо телефрафын жолдоп, Дүйнөлүк чемпиондукка жетишкен улуттук курама команда жана Волейбол федерацясынын жооптуу кызматкерлерин куттуктады.

Жаштар жана спорт министри Осман Ашкын Бак да бир маалымат жарыялап, Дүйнөлүк чемпион болгон улуттук курама команданы куттуктады.

Түркия, 23 жашка чейинки айымдар арасында волейбол боюнча дүйнөлүк чемпионат-2017нин финалында 17-сентябарь күнү үй ээси Словенияны 4-0 эсебинде утуп алып, алтын медалды багындырды.

Түркия, ушуну менен 3-өткөрүлгөн 23-жашка чейинки айымдар арасында  волейбол боюнча дүйнөлүк чемпионатындагы алгачкы алтын медалына ээ болду.

2013-жылы Мексикада өткөн мелдеште 5-орунга ээ болгон Түркия, 2015-жылы Анкарада дүйнө экинчилигин алган болчу.



Тектеш кабарлар