УЕФА супер кубогун Реал Мадрид алды

Футболдо 42 -  УЕФА супер кубокто Реал Мадрид Манчестер Юнайтедди 2 – 1ге жеңип экинчи жолу кубокту утуп алды.

УЕФА супер кубогун Реал Мадрид алды

Футболдо 42 -  УЕФА супер кубокто Реал Мадрид Манчестер Юнайтедди 2 – 1ге жеңип экинчи жолу кубокту утуп алды. Македониянын борбор шаары Скопияда  ойнолгон УЕФА супер кубок матчында өткөн сезондо чемпиондор лигасында чемпион болгон Испания командасы Реал Мадрид менен Европа лигасында жеңишке жетишкен Англиянын командасы Манчестер Юнайтед беттешти.

Реал Мадридде португалиялык жылдыз Криштиану Роналдо беттешүүгө резервден баштады.

Манчестер Юнайтедге сезондон мурда трансфер кылынган футболчулар Неманья Матич, Виктор Линделеф жана Ромелу Лукаку биринчи он бирде орун алды.

24 – минутада Мадрид командасы голь киргизген тарап болду. Каземиронун киргизген голу менен 1 – 0 болду. 52 -  минутада Исконун киргизген голу менен Реал Мадрид 2 голь киргизген болду. 62 -  минутада Лукакунун голу менен Манчестер Юнайтед да голь киргизди. Калган минуталарда эки команда тең голь киргизе алган жок. Реал Мадрид атаандашын 2 – 1ге жеңип УЕФА супер кубокту музейине алып барды.



Тектеш кабарлар