Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-29

Түрк адабиятынан Осмон Чевиксойдун “Башыма тоолор кулады” романы.

1141662
Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-29

Урматтуу китеп күйөрмандары, программабыздын бүгүнкү бөлүмүн түрк адабияты менен улантабыз. Бүгүнкү чыгарылышыбызда азыркы түрк адабиятынын жазуучуларынан Осман Чевиксойдун чыгармачылыгынан жана анын “Башыма тоолор кулады” аттуу романынан кеп салабыз.  

                Кадырлуу окурмандар, алгач жазуучунун  өмүр баянына токтоло кетели. Учурда да чыгармачылыгын уланткан Осман Чевиксой 1951-жылы Туркиянын Чорум аттуу шаарында жарык дүйнөгө келген. 1971-жылы мектепте мугалимдик кесипти аркалай баштайт. 1982-87-жылдар аралыгында мугалимдик кесибин Германияда улантат. Андан кийин Гази университетинин Түрк тили жана адабият бөлүмүн бүткөрөт.

                        1977-жылдан баштап ар кыл илимий, санат жана адабият журналдарына чыгармаларын жарыялады. 1981-жылы Маданият министрлигинин өткөргөн “Жүз жыл” аттуу конкурсунда “Ак кадам” деген аңгемеси “Жылдын мыкты аңгемеси” деп табылды. Билим берүү министрлиги тарабынан уюштурулган мугалимдердин конкурсунан жазуучунун аңгемелери экинчи орунга татыктуу болду. Азыркы учурда мугалимдик кызматын улап келет. Евразия Жазуучулар Уюмунун кадырлуу мүчөсү болуп, ал жерде жаш жазуучуларга жол көрсөтүп сабагын берип келет. Анын чыгармачылыгы ыр менен башталган. Алгачкы ыры 1968-жылы Сабах гезитине жарыяланган. Анын адабият сүйүүчүлөрдүн арасында кеңири таралган “Ак кадам”, “Аркада кайгы калды”, “Сени өзүңө түшүндүрүү” аңгемелери, “Башыма тоолор кулады”, “Бүркүт уясы” сыяктуу романдары белгилүү. Мындан башка окуу китептерин да жазган жазуучу түрк тили жана адабияты, жат жазуу китеби, адабий тексттер, туура сүйлөө сыяктуу илимий эмгектерин да жараткан. Анын бир топ чыгармасы тектеш жана чет тилдерине которулуп келет. Учурда үй бүлөсү менен Анкара шаарында чыгармачылыгын улантып жашап келет.

 “Башыма тоолор кулады” аттуу чыгарма адамзаттын кылган күнөөсүнүн жуулушу да, күнөөсү сыяктуу оор болоруна басым жасайт. Окуя Анадолунун бир айылында өтөт. Эки үй-бүлөнүн илгертен келген кастыгы урпактарына чейин уланат. Айылда тынчтык кетип, эки үй-бүлө мүчөлөрү куралсыз бир кадам таштабай турган көрүнүш болгон. Окуяда чоң-чоң аталарынын эгин талаасынан чыккан чыры азыр да уланып келет. Башкы каарман Карабей аскерден жаңы келген, күч-кубаты ордунда жаш жигит. Ал ушул эки үй-бүлөнүн бирисинин, Кара Бекирдин эки уулунан кийин төрөлгөн кичүү уулу. Кара Бекирлер мыйзамдуу түрдө эгин талаасын Балжы үй-бүлөсүнө уттуруп коет. Ал аз келгенсип Кара Бекирдин иниси кол салуу менен өлтүрүлөт. Бул окуя эки үй-бүлөөнү жер маселесинен кечирилгис кун төлөө маселесине чейин алып келет. Күндөрдүн биринде талаадан кайткан Карабей энесинин колу сынып, сабалган абалынын үстүнөн чыгат. Кайгылуу аял атасынын сындырганын айтат. Атасы Кара Бекир өтө катуу, мүнөзү кырс адам болгондуктан Карабей ачуусун ичине жутат. Кийинки күнү айыл ичин аралап окуянын жүзү башка экенин уккан Карабей артка кайткыс касам ичет. Энесинин кор көрүлүп сабалганы атасынын эмес душман туткан үй-бүлө ээсинин кылганын уккан эле. Атасы сымал ачуусу чукул Карабейдин өч алуу сезими ичин өрттөп алдыга максат коет. Иш чыйырынан чыгып баратканын көргөн Карабейдин энеси шашылыш түрдө шаарга көчүп кетүүнү туура көрөт. Абышкасы менен кеңешип улуу баласынын аялын-балдарын алып, Карабейди балаадан коргоп биротоло көчүүнүн камын көрүшөт. Бардар үй-бүлө болгон үчүн шаарда да турак-жайы бар эле. Бир баласы чет мамлекетте, бир баласы шаарда иштечү. Учурунда аларды да туура эмес кадамынан коркуп айылдан чыгарган эле. Эми Карабейди да бул кун жана жер маселесинен алыска алып кетмекчи. Бирок так ушул учурда Карабей душманынын беш кишисин атканга жетишет. Болоор иш болгондон кийин ата-энесин, жеңесин шаарга качырып, өзү тоого жашырынат. Бир келген ачуу менен өз өмүрүн талкалайт. Канчалаган жакшы кыялы бар эле, өзүнүн сүйгөн кызынын колун сурайт эле, иш курат эле. Эми минтип кылмышкер Карабейге айланат. Жалгыз ишенээри таякеси Сейиталиге баш калкалайт. Качып кутула албашын, өзү барып моюнга алса жан азабынан да, түрмөдөгү мөөнөтүнүн азайышынан да кутулаарын айтып кеңеш берет. Бирок мурунку чечкиндүү Карабей жок эле. Күнү бою тоо кыдырып, кечкисин Сейиталиге баш калкалап күн өткөрөт. Күнөөсүн жууп колго түшүп бергенче, качып жүргөнүн эп көрүп кара жолду тандайт. Күндөрдүн биринде атагы алыска кеткен тоо каракчысы Местан аттуу кишинин кылтагына илинет. Ансыз деле өзүн өзү жемелеп, өлбөстүн күнүн көрүп жүргөн Карабей Местандын бирге орток иш кылуу сунушун кайтара албайт. Аты чыккан Местанга мамлекет канча жолу атуу өкүмүн чыгарса да эч кимге кармалбай келет. Кылган кылмыштарынын аты-саны жок болгон бул коркунучтуу кишиден таякеси алыс турууну өтүнөт. Кайгыга алдырып, өмүрүнүн жакшы жакка уланбасына көзү жеткен  Карабей, каракчы Местанга кошулат. Көптү билген таяке Карабейге акыркы эскертүүсүн айтып Местанды өлтүрүүсүн буюрат. Бирок бул жолу да Карабей уттурат. Кайгылуу Балжы үй-бүлөсү да эчак Карабейдин өлүмү үчүн тузак курушкан. Балжы үй-бүлөсүнүн эң улуусу, карыя көз алдында Карабейдин өлүмүн көрүш үчүн каракчы Местанга эчак буйрук берген экен. Ачууга алдырып кылган кылмышынын кечиримдүү экенин, бирок Местан сыяктуу шайтанга билип туруп кошулганын экинчи кылмыш экенин жана мунун кечирилбей турганын айткан таякеси баарын сезген эле. Тоо койнунда кутулуунун жолун издеген Карабей кылган кылмышынан кутула албай Местандын огунан жан берет. Ошол кезде “Шайтанга кулак салба” деген таякесинин сөзү эми кеч эле. Кун, өч алуу, жек көрүү баары бүткөн. Бир кесим жана кандуу талаанын эгини эми арам эле. Чыгарма Карабейдин өлүмү менен кайгылуу аяктайт.     

                Жазуучу бул романында кудай берген өмүр бир буюмга, байлыкка алмаштырылгыс экенин окурмандарына насаат катары айта кетет.                                                                       

Урматтуу окурмандар, бүгүнкү чыгарылышыбызда түрк адабиятынан кабардар болдуңуздар. Эгерде бул романга кызыксаныздар Осман Чевиксойдун 2003-жылы Билим берүү министирлигинин басмасынан чыккан китебин сунуштабыз.

Программаны даярдаган Назгүл Кадырова.  



Тектеш кабарлар