Моро; Бакубат күндөргө карай

Бүгүнкү күндө Моро мусулмандарын башкача келечек күтүп турат.

Моро; Бакубат күндөргө карай

Моро; Бакубат күндөргө карай

Филиппин аралдарынын түштүгүндөгү Минданао аралында жашаган Моро мусулмандары балким адамзат тарыхынын кайгысы эң көпкө созулган аймагы, балким кайгыруудан эң көп чаалыккан эл болушу мүмкүн. 1500-жылдарда башталган кайгы, кан, зулумдук, азап менен жуурулушкан процесс учурубузда белгилүү бир үмүткө багыт алды. Моролук балдардын көз жаштарынын тыйылышы, караңгы күндөрдү артка таштап, ата-энесинен ажырабастан келечекке карай тынчтыкта багыт алуулары үчүн кыйырда күчтүү жарык нур көрүнүүдө.

Анкарадагы Йылдырым Беязыт университетинин саясий илимдер факультетинин деканы проф. др. Кудрет Бүлбүлдүн темага байланыштуу баамдоосун окуп жатасыздар.

Моро, түрк тилинде сүйлөшүлгөн аймакта, күнүмдүк дубаларда Палестина, Эритрея, Кашмир сыяктуу эзилген калктар жашаган аймактар менен бирге эскерилген аймак болуп саналат. Морону кеңири эл массалары балким дагы көп Салих Мирзабейоглунун таасирдүү ырында айтылгандай «Жарык нур согушкерлери-Моро дастаны» менен уккан болуш керек. Ал эми бүгүнкү күндө Моро мусулмандарын башкача келечек күтүп турат. Сөздү 21-январда өткөн референдумга алып барууга далалаттануудамын.

Моронун кыскача тарыхы

Исламдын Филиппин аралдарына келиши, Ыраакы Чыгыштагы берки аймактарга келгенден жана  жайылышынан башкача эмес. Моролуктар дагы мусулман соодагерлер аркылуу Ислам менен таанышкан жана мусулмандык бара-бара жайылган. Моро мусулмандары 1500-жылдарга дейре өз мамлекеттеринин астында кылымдар бою жашоолорун улантышат.

Мородо мусулмандар менен испандардын ортосунда кагылышуу 1521-жылы башталган. Андалусиянын кулашы менен бирге кагылышуулар Филиппинге өткөнү жана ошол убактан бери ар башка формалар менен 500 жылдай уланып келгени айтылат.

1900-жылдарда Филиппиндин түштүк жагынын дээрлик толугунда көпчүлүк болуп турганда, ассимиляция жана демограциялык түзүлүштү өзгөртүү иш-аракеттеринин себебинен мусулмандар көп аймакта азчылык абалына түшүрүлдү. Эң башында испандар, 20-кылымдын алгачкы жарымында аймакты башкарган АКШ жана андан кийин Филиппиндин жүргүзгөн саясаттары менен мусулмандар өлүмгө учурайт же көчүүгө мажбурланат. 2016-жылы Котаботого барган убагымда журттарынан ажыраган адамдардын, кургактыкка жайгашууларына да уруксат берилбегенинен, дарыялардын үстүнө курган калай кутулардан салынган баракаларда жашоого мажбурлангандарын ошол жерде көргөм.

Моролук мусулмандар 1960-жылдарда өздөрүн жок кылууга багытталган саясаттарга каршы биргелешип туруштук берүү акцияларын башташкан. Ар башка мезгилдерде ар башка уюмдар менен бул туруштук берүү акцияларын улантышат. Ушул күрөшкө таянган түрдө Исламий Боштондук фронтунун лидери Селамет Хашим жана анын 2003-жылда каза болушунан кийин да Хаж Мурат Ибрахим, Филиппин менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрүн улантат. 40 жылга созулган  жана 120 миң кишинин каза болушуна,  2 миллион кишинин көчүүсүнө себеп болгон жарандык согуштун аякташы үчүн Филиппин өкмөтү менен Моро Исламий Боштондук фронтунун (MILF) ортосунда 2012-жылы бир катар план келишимине кол коюлат. 2014-жылы тынчтык процессин байкоо максатында «Көз карандысыз байкоочу делегация» түзүлөт. Филиппиндин учурдагы мамлекет башчысы урматтуу Дутерте, 2014-жылдагы шайлоо үгүттөөсүндө Мородо автономиялуу аймак түзүлө турганынын убадасын берет.

Референдумдун жыйынтыктары жана түшүнүгү

2019-жылы 21-январда өткөн референдумда Моро мусулмандарынын автономиялуулугу 80 пайыздык добуш менен кабыл алынды. Мындан кийин 80 мүчөлүү «Бангсаморо өткөөл бийлиги» куралат. Кандайдыр бир түрдөгү парламент милдетин аткара турган бул бийлик 2022-жылга дейре Бангсаморонун башкаруусун милдеттенет. Референдумдун кабыл алынышы менен аймакта чогула турган салыктардын 75 пайызы жергиликтүү өкмөткө 25 пайызы борбордук өкмөткө таандык болот.

Табигый булак кирешелеринин да 75 пайызы аймакта калса, 25 пайызы борбордук өкмөткө өткөрүлөт. Бангсамородогу мусулмандар Филиппинден айырмаланып аймакта ислам укугун жайгаштыра алат. Өз араларында Ислам укугун ишке ашыра алат. Мородогу христиандар болсо Филиппиндин мамлекеттик укугуна баш ийет.

Моро мусулмандары ички иштеринде толугу менен көз карандысыз, тышкы иштер жана коопсуздук темаларында болсо Филиппин өкмөтүнө көз каранды болот.

Моро мусулмандарынын муктаждыгы

Тынчтык процессинин колдоого алынышы; Дүйнөнүн кайсы жеринде болсо болсун, тынчтык процесстерин уланта алуу абдан татаал иш. Болгон окуялар тараптардын арасында уланган тынчтык сүйлөшүүлөрүн кайра башына буруу коркунучун ар дайым сактап тургансыйт. Ушул себептен аймакта тынчтык жана ынтымакты каалаган катмарлардын, эл аралык коомчулуктардын Филиппиндеги бул процесске кошо турган колдоосу абдан маанилүү. Филиппин өлкөсү президенти Родриго Дутертенин Бангсаморого жакын аймактан болушу, балалык чагын бул аймакта жана моролуктар менен карым-катнашта өткөргөн болушу тынчтык процесси үчүн маанилүү мүмкүнчүлүк болуп эсептелет. Ушул жагынан алганда процесстин улантылышы үчүн Дутертенин колдоого алынышы, шыктандырылышы маанилүү. Процесстин террордук уюм ДЕАШтын кийлигишүүсү менен бузулбоосу үчүн этият болуу керек.

Гуманитардык жардам менен тим калбоонун керектүүлүгү; 500 жыл бою эркиндик күрөшүн жүргүзгөн, бул багытта оор чыгымдарды төлөгөн коомчулуктун гуманитардык жардамдарга муктаждыгы талашсыз. Жогору жакта айтып өткөн сапарымда аймакта 26 эл аралык уюм бар экенин, Ислам дүйнөсүнөн болсо бир гана Түркиядан Гуманитардык жардам фондунун (İHH) бар экенинен кабардар болгом. Аймакка карай гуманитардык жардамдар шексиз арттырылышы керек.

Муну менен катар мурдагы макаламда маалымдаганым сыяктуу (https://www.yenisafak.com/hayat/filipinlermoro-muslumanlari-ve-otesi-2556104) Моро мусулмандарынын эркиндик процессинде, гуманитардык жардамдардан дагы көп колдоого муктаждыгы бар. Көп жылдар бою өзүн коргоп калыш үчүн согушууга багытталган коомчулук бул процессте автономиялуу башкарууну түзө алыш үчүн башкаруу тажрыйбасына шашылыш муктаждыгы болот. Саясий система, мамлекеттик финансы, жергиликтүү башкаруулар, борбордук бюрократия, университет билими, сот сыяктуу тармактарда квалификациялуу адамдар жана тажрыйба алууга муктаждыгы болот. Моро мусулмандарынын жаңылыш башкарылып жана сапатсыз кишилер менен 500 жылдык күрөшүнүн текке кетпешү үчүн бүткүл дүйнөдө Моро ыктыярдууларына бул тармакта ашыгы менен иш түшөт.

Университеттердин, саламаттык сактоо тармагынын жана автономиялуу башкаруунун түзүлүүсүндө муктаждык боло турган укук, мамлекеттик башкаруу, жергиликтүү башкаруу сыяктуу тармактарда факультет болбосо дагы жогорку мектептерди ачуулары көп сандаган маселенин чечилишине структуралык салым кошот.

Түркиянын глобалдык тынчтыкка салымынын баасы; Мородогу тынчтык процесстерин жүргүзүү максатында Түркия дагы арасында болгон эл аралык комиссия түзүлдү. Бул комиссиядан тышкары байкоочу топ да түзүлдү. Беш кишиден турган бул топтун курамында Моро мусулмандарынын талабы менен Түркиядан бир жарандык уюм орун алууда. Гуманитардык жардам фондунун (İHH)  атынан бул топто Хүсейин Оруч орун алды. Бул топ тынчтык процессине байкоо салат.

Түркия, жарандары анчейин байкабаса дагы ээ болгон тарых, тажрыйба жана глобалдык имиджинен улам глобалдык тынчтык жана ынтымакка эң көп салым кошо турган өлкөлөрдөн бири.  Бул салым кошуу бир гана мамлекет аркылуу эмес, Филиппин мисалында болгону сыяктуу жарандык коомдук уюмдар жана университеттер аркылуу да бериле турган салым болуп эсептелет.

Мородо 500 жылдык күрөш менен жетишилген жер абдан баалуу. Ар кимди жакындарынан ажыраткан кагылышуу абалынын артта калышы, рефендумдун жыйынтыгынын Моро мусулмандары, Филиппиндер жана адамзатка тынчтык алып келиши, моролук балдардын эртеңкиге эми дагы ишенимдүү карай алышы үчүн бул процесстин улантылышына ар кимдин салым кошуусу зарыл.

Йылдырым Беязыт университетинин саясий илимдер факультетинин деканы проф. др. Кудрет Бүлбүлдүн темага байланыштуу баамдоосун окудуңуздар.

 



Тектеш кабарлар