Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-28

Балкар адабиятынан Валентин Найденовдун “Аскердик доктор” аңгемеси.

Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-28

Урматтуу  китеп күйөрмандары, программабыздын бүгүнкү уктуруусун балкар элинин адабияты менен улантабыз. Программабыздын бүгүнкү чыгарылышын азыркы балкар адабиятынын жазуучуларынан Валентин Найденовдун  чыгармачылыгына арнап жана анын “Аскердик доктур” аттуу аңгемесинен кеп салабыз.  

   Кадырлуу окурмандар, Валентин Найденов азыркы тапта балкар адабиятынын белгилүү жазуучуларынын бири болуп саналат. Жазуучу 1949-жылы София шаарында төрөлгөн. Анын негизги кесиби доктор болуу менен бирге эле балкан элине адабиятчы катары да таанымал. Ал адабиятта көркөмдөөнүн жана түшүндүрүүнүн жаңы нугун таап ийгиликтүү чыгармаларды жарата алган. Жазуучу аңгеме жана романдарында каармандарын айылда жана чоң шаарларда жашаган ар түрдүү этникалык катмардан алып жазган. Ал окурмандарына коомдун өзгөрүшүнөн жана өнүгүшүнөн кабар берген чыгармаларын тартуулаган. Анын “Бейиш газы”, “Жашыл бадал”, “Романдай аңгемелер”, “Ынтымак үйү”, “Кристи Явашевдин күндөлүгү”, “Мээримдүү Ева” аттуу кеңири таанымал аңгеме жана романдары менен окурмандарынын сүймөнчүлүгүнө ээ болгон.  Анын чыгармалары орус жана түрк тилдерине которулган. Жазуучу 2008-жылы отуз үч жыл бою доктор болуп иштеген Сливен шаарында көз жумган.

Валентин Найденев “Аскердик доктор” аттуу аңгемесинде оор күндө достуктун кандай болоорун, достуктун күчүн өз мисалында окурмандарына сунат. Бул окуя согуш майданында болуп өткөн эскерүүдөн жаралган. Аңгемеде чет өлкөнүн аскердик туткунуна түшүп калып, ал жерде кызмат кылган француз доктордун бир кезде башынан өткөргөн окуясы баяндалат. Аңгеме – учурда жашы өтүп карыя чагына келген француз доктордун, маңдайындагы маектешине өзүнүн баштан өткөргөн окуясын баяндоосу менен башталат. Окуя Украинанын тоолу бир аймагындагы туткун лагеринде болуп өтөт. Кыштын кычыраган бир суук күнүндө туткунга түшкөн бир аскердин өлүм алдындагы абалы сүрөттөлөт. Туткундагы бул аскердин эң акыркы каалоосу, чын дүйнөгө кетээр алдында дүйнөдө кылган күнөөсүнөн арылууну эңсеген экен. Ал үчүн өлүм төшөгүндө жаткан аскер дин адамы попту алып келүүсүн өтүнөт.  Анын досу акыркы каалоосун аткарыш үчүн бороондуу күндө дин адамы попту издеп жөнөйт. Кыска мөөнөттө поп табылып казармага келет. Эшиктен кирип келе жаткан попту көргөн өлүм астында жаткан аскердин жүзүн нур аралайт. “Мына, аяз ата келди” деп айтып, өмүрүнүн акыркы секундаларын бактылуу жылмайып бул дүйнө менен кош айтышат. Аскердин жүзү күлүп үзүлгөнүн көргөн доктор досу өмүр бою бир эсеби сүйүнсө, бир эсеби ага боору ооруп, кайгырып өтөт. Көрсө окуянын чындыгы мындай болгон экен. Туткун лагери тоолуу жерде жайгашып, бир жагынан кычыраган кыш болуп ал жакка каттоо жок болгон. Мына ушундай күндөрдүн биринде туткундагы аскердин ичээр суусу түгөнөт. Досунун акыркы каалоосун аткарууну көздөгөн доктор досу өзү поп түрдөнүп көрүнүп, поптук кызматты аткарып, өлүмүн жеңилдеткиси келген. Эшиктин ызгаардуу суугунан сакал-муруту музга айланып, үстү-башы бубак болуп кирип келгенин өлүм төшөгүндө жаткан досу аяз ата деп ойлогон тура. Кантсе да аскер бул дүйнө менен бактылуу көз ирмемде коштошкон экен. Доктордун сүйүнгөнү тагдырлаш досунун аз да болсо акыркы сапарына күлүп, өзүн бактылуу сезип кеткени эле. Ал эми кайгырганы, өлүм астында күнөөсүнүн жуулганын сезип кетсе гана деген ой өмүр бою эсинде калган экен. Жазуучу бул аңгемесинде достуктун баа жеткис өрнөгүн окурмандарына сунган. Аңгеменин акырында жазуучу өз оюн, монологун кошо айта кетет. Эгерде бир досуңдун сен үчүн кылган жакшылыгы көңүлүңдү жайлантып, жүзүңдү күлдүрсө, анан акыркы сапарга аттансаң бул бактылуулук. Анткени мындай окуялар тилекке каршы өтө аз экенин баяндайт. 

Сырттан көз салып окуганда жөнөкөй түрдөн бир аңгеме катары туюлса да, автор бул чыгармасында адамдын татаал психологиялык ички жан дүйнөсүн ачып көрсөтө алган. Мына ушунусу менен окурмандарынын жүрөгүнөн түнөк тапкан чыгарма болгон.                                                                               

Урматтуу окурмандар, бүгүнкү чыгарылышыбызда балкар адабиятынан кабардар болдуңуздар. Бул аңгемени окуңуздар келсе орус тилине же түрк тилине которулган котормосунан таап окусаңыздар болот.

Программаны даярдаган Назгүл Кадырова.  



Тектеш кабарлар