Баалуулуктардын акырыбы? – 2

Анкарадагы Йылдырым Беязыт университетинин саясий билимдер факультетинин деканы профессор Кудрет Бүлбүлдүн көз карашы.

Баалуулуктардын акырыбы? – 2

 

Өткөн жумада баалуулуктардын эрозияга учурагандыгынан, бөлүшүү, адилеттик сыяктуу түшүнүктөрдүн унутулуп бара жаткан бир мезгилге кирип жатканыбыздан сөз кылып, бул мезгилди «баалуулуктардын акырына чыгышы» деп атоонун ылайыктуу болорун айтып,  баалуулуктар жактан БУУ жана Европа Биримдигиндеги тескери абалдарга токтолгонбуз. Бүгүн да ушул эле теманы улантабыз.

Анкарадагы Йылдырым Беязыт университетинин саясий билимдер факультетинин деканы профессор Кудрет Бүлбүлдүн көз карашы.

АКШ

Көп алыс эмес бирок кечээ күнгө чейин АКШ «Америка түшү» деп аталган бир өлкө эле. «Американын турмуш формасы» дээрлик бардык өлкөлөрдө мода болгон. Бүгүн коомдук бир изилдөө жасала турган болсо АКШ түшүнүгү бардык өлкөлөрдө тарыхынын эң түпкү чеги болот.

Бүгүн латын америкалык 6000 баш калкалоочу көптөгөн айлардан бери Америка чек арасында күтүп жатат. Түркия, Ливан, Иордания сыяктуу өлкөлөр кээде бир түндө ашыкчасы менен качкын кабыл алып жаткан болсо, дүйнөнүн мыкты өлкөсү азыркы учурда чек арасында эң көп качкынды күттүргөн өлкө. Эң маанилүүсү дүйнөнүн эң бай өлкөлөрүнүн бирөөсүнүн Европада кулаган Берлин дубалы сыяктуу чек ара дубал тургузуунун, качкындарга каршы армия колдонуудан башка жолду таппагандыгы болуп жатат. Жасалган жана жасала турган ошончолук чыгым качкындар маселесинин чечилишине жумашалса балким  дагы аз чыгым болмок. Азыркы АКШ башкаруусу мыйзамдуулук санааркоосуна муктаж болбостон бир гана өз пайдасына карап «оболу Америка», «АКШны кайрадан чоңойт» деген сөздөр менен бардык эл аралык келишимдерден чыгууну ойлоп жатат. АКШнын глобалдык ысынууга тоскоол болуу максатында Париж Климаттык Келишиминен БУУнун билим берүү, билим жана маданият уюму ЮНЕСКОдон чыгуу чечимдери бүткүл дүйнөдө тынчсыздануу жаратууда. Президент Трамптын акыркы БУУнун Жалпы Кеңешинде  айткан : «Глобалдашуу идеологиясына каршыбыз»,- деген сөзү  бир канча жыл мурун бир  3 -  дүйнөлүк лидери же идеологу тарабынан айтылып, бир АКШ президентинин мындай сүйлөм курушу ойго да келбес эле. Бүгүн АКШ да болгон батыштын абалы, демократия, адам укуктары, эркиндиктер сыяктуу баалуулктарды жактап жаткандай көрүнгөн, бирок өздөрүнүн ишине жарабаганда Инжилдеги аяттарды башка бир мааниде ачыктаган батыш цивилизациясынын тарыхынан башка нерсе эмес.

Кытай менен Орусия

Кытай жана Орусия акыркы кылымдын стандарт алып келген, орток дүйнөлүк баалуулуктарды чыгарган өлкөлөрдүн арасында эмес. Муну менен бирдикте Кытай абдан ылдам өнүккөн өлкө. Эки мамлекет да глобалдык саясатта таасирдүү өлкөлөр. БУУнун Коопсуздук Кеңешинде вето укугуна да ээ. Эки өлкө тең жетеринче ачык коом болбогону үчүн ички саясатта аткарган иштери эл аралык коомчулук тарабынан жетеринче билинбейт.

Ислам дүйнөсү

Мусулман өлкөлөр да глобалдык деңгээлде акыркы бир канча кылымдан бери стандарт алып келген, орток дүйнөлүк баалуулук жараткан өлкөлөрдүн арасында эмес. Өздөрүн лаицизм, монархия, шарият мамлекети же эмне деп аныктаса аныктасын бул өлкөлөр да демократиялык, авторитардык жана тоталитардык башкаруу формаларынын бирине тең келүүдө. Өзгөчө Жакынкы Чыгышка каралганда башкаргандар башкарылгандардын ыраазычылыгына муктаж эмес. Бийликтерин башкарган элдерге эмес, чоң катнашта глобалдык актерлорго карыздар. Глобалдык актерлор да бул абалды тартынбастан эле айтышууда. Бир гана жоопкери өздөрү болбосо да азыркы абалы менен кээ бир Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү тарыхынын балким да эң аянычтуу шарттардын ичинде жашап жатышат. Бул өлкөлөрдүн элдери жанын коргоп калуу чүн өлкөлөрүн таштап кеттшүүдө.

Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн көпчүлүгү баалуулук же жетишкендиктерди жаратууну бир тарапка таштап, бардык баалуулуктарга, элдерине каршы бийликтерин улантуу, бийлигин коргоп калуу аракетинде.

Агартуу акылдын акыры : Франкенштайндан жасалма акыл

Англис аял жазуучу Мэри Шеллинин 1818 -  жылы он тогуз эле жашында жазган «Франкенштайн» жараткандыгы, бир роман болуудан башка салт, дин жана башка мекемелерден алыстап, агартуу, секуляризм жана позитивизмдин куруучусу рационалдуулукка багынган бир акылдын барышы мүмкүн болгон  жыйынтык катары да көрүлө алат.

Бүгүн да ошол эле агартуучу акыл, жасалма акыл адам жаратуунун артына түшкөн. Эч бир баалуулук жана изгилик таныбаган, агартылган акылдын 1 – 2 – Дүйнөлүк согушунда адамзаттыкты жана планетабызды кандай апаатка жетелегенине бардык адамзат күбө. Бардык баалуулктардан алыс, бир гана механикалык күчкө жана абалга сезимталдуу болгон. Биологиялык адамдардан дагы күчтүү жана аларды текшерүүгө ала алган жасалма акылга ээ «адамзат» дүйнөнү кайда жетелейт? Адамзаттын акырын башка эч бир нерсе эмес, жеке өзү алып келе тургандай көрүнүүдө.

Гедонист адам

Агартуу, жана секуляризм, байланыш жана маалыматтык технологиялардагы өнүгүүлөр үмүт пайда кылган идеология, дин жана мекемелердин барган сайын үмүт болуудан чыгышы менен бирге дагы көп адамды гедонисттештирүүдө. Жаштарда дагы көп көрүлө тургандай түрдө бир гана ырахат алуунун артына түшкөндөрдүн саны барган сайын өсүп баратат. Үй  - бүлөсү, достору, чөйрөсү, иш дүйнөсү, табият, жаныбарлар жана башка жандуулар менен бир гана ырахат алуу үчүн байланыш курган адамдар себеп болгон апааттар азыртадан эле коркутуучу. Эч бир баалуулугу жок, бир гана ырахат алуунун артынан түшкөн бир затка айланганда бул зат адамзат тышында башка бир нерсеге айланат. Бул жерге чейин айтылгандардан улам негизинен мамлекеттер, мекемелер сыяктуу уюмдашкан мекемелер үчүн баалуулуктардын жок болгондугунан сөз кылууга болот. Жогоруда белгиленген тескери абалдар болсо да жеке кишилердин, мега күбөлүктөрдүн, чоң идеологиялардын, эл аралык мекемелердин же мамлекеттердин чатыры астында эмес, булардын баарынан көз карандысыз катары көпчүлүк учурда бир баалуулук же изгилик санаасын алып жүрүүнү улантышкандары ортого салына алат. Ооба уюмга кошулбаган кишилер дагы көп баалуулуктарды алып жүрүүчү болушу мүмкүн. Баалуулуктарга дагы көп ээ чыгуу потенциалдары жактан уюмга кошулбаган түзүлүштөрдөн дагы көп үмүт кыла  алабыз. Муну менен бирге дүйнөгө дагы көп уюмдашкан мекемелер форма бергендигин билүү, бизди дагы көп үмүткө кабылуудан алыстатууда.

Адамзат үй  - бүлөсү катары бирдикте чара көрүп «баалуулуктардын акыры» деген процессти токтото турган  жаңы бир жол таппасак дайыма бирдикте даярдап жаткан кайгылуу мезгилге ылдам жакындап жатабыз.



Тектеш кабарлар