Сүмела монастыры

Түркияда туризм-5

SÜMELA (3).jpg
Sümela Manastırı.jpg
sümela manastırı.jpg
Сүмела монастыры
Сүмела монастыры

Сүмела монастыры

 

Түркиянын Чыгыш Кара деңиз аймагында, Кара тоонун (Карадаг) этектериндеги тик жардын бетинде укмуш монастыр бар. Ал: Сүмела монастыры...

1700 жылдык өтмүшү болгон монастыр, дүйнөнүн эң эски жана эң маанилүү тарыхый монастырларынан бири болуп эсептелет.

Уламышка караганда Сүмела монастыры 3-кылымда м.а. Византия доорунда Афинадан келген эки кечил тарабынан курулган.

Көп жылдар бою мааниси артып, камсыздалган жаңы кирешелер менен байытылган жана өзгөчө 13-кылымда кеңейтилип жаңы бөлүмдөр кошулган.

Чыгыш Кара деңиз жээктеринин Түрк эгемендигине киришинен кийин, Осмон  падышалары көп сандаган монастырда болгону сыяктуу Сүмеланын да элдерин коргоп, аларга айрым мүмкүнчүлүктөрдү беришкен.

18-кылымда бир топ бөлүмү жаңыланып, айрым дубалдары фрескалар менен кооздолгон. 19-кылымда чоң имараттардын кошулушу менен монастыр укмуштуудай көрүнүшкө ээ болуп; эң бай жана гүлдөгөн мезгилин жашаган. 1916-жылы башталган жана эки жылга созулган орус басып алуусу убагында монастыр дагы алардын карамагында калган. 1923-жылдан кийин толугу менен бошотулган...

**

Сүмела монастыры кылымдар бою маанилүү диний борбор болгон; ошол эле убакта кечил жетилткен билим берүү жери катары тиричилигин уланткан.

Сүмела монастырынын башкы бөлүмдөрү; Анакая чиркөөсү, бир канча кичине чиркөө, ашкана, окуучу бөлмөлөрү, конок үйү, китепкана менен ыйык булак болуп саналат. Чиркөөнүн жана ага жабышкан сыйынуучу жерлердин дубалдары фрескалар менен кооздолгон. Фрескаларга оюлган башкы темалар; библиядан алынган сахналар, азирети Иса жана Мариям эненин турмушуна тиешелүү сүрөттөлүштөр...

**

Элдин арасында Мариям Эненин аты менен да айкалышкан Сүмела монастыры Трабзондун Мачка районунун чек араларынын ичинде, коктудан орто эсеп менен 300 метр бийиктикте орун алган.

Монастырда 2010-жылы Фенер Рум патриархы башкарган сыйынуу өткөрүлдү.

Христиандар тарабынан ыйык деп эсептелген Сүмела монастыры жыл сайын миңдеген киши тарабынан зыярат кылынат.

Кылымдардын изи калган бул монастырды көрүш үчүн аймакка барсаңыз, ошол эле облустун ичинде орун алган табигый сулуулуктары менен атагы чыккан Узунгөлгө барышыңызды, Трабзон Аясофия музейин кыдырып чыгууну жана Ататүрк сарайын зыярат кылышыңызды сунуштайбыз.

Акчаабат көфтеси, сары майлуу форель, жүгөрүнүн уну жана жергиликтүү сырдан жасалган куймакты жебестен кайтпоону дагы сунуштайбыз.

Саякатыңыз байлалдуу болсун!



Тектеш кабарлар