Анадолудагы байыркы шаарлардын эң маанилүүлөрүнөн бири-Эфес...

Түркияда туризм-3

Анадолудагы байыркы шаарлардын эң маанилүүлөрүнөн бири-Эфес...

Урматтуу окурмандар, тарых бою ар түрдүү цивилизациялардын бешиги болгон Анадолу жергесинде көп сандаган байыркы шаар бар. Бул байыркы шаарлардын эң маанилүүлөрүнөн бири-Эфес...

Түркиянын Эгей аймагында, Измирдин облустук чектеринин ичинде орун алган Эфес, алгачкы доорлордон баштап Эллинизм, Рим, Чыгыш Рим, Бейликлер жана Осмон доорлору болуп орто эсеп менен 9000 жыл бою үзгүлтүксүз отурукташуу аянты болгон. Айрыкча тарых бою абдан маанилүү порт шаары, маданий жана соода борбору абалында эле...

Эфес байыркы шаарынын курулушу б.з.ч.6000-жылдарга неолит доору деп аталган Жылмаланган Таш дооруна чейин жетет...Акыркы жылдарда жасалган изилдөөлөрдө Хеттерге таандык отурукташуулар белгиленди. Рим императорлугу убагында гүлдөгөн доорун жашаган Эфес, Азия провинцияларынын эң чоң порту болчу. 1330-жылы түрктөр тарабынан алынды жана Түрк бейликтеринен бирөөнүн борбору болду. Бара-бара маанилүү порт болуу өзгөчөлүгүн жоготту жана кичирейди. Бүгүнкү күнү Измирдин Селчук районунун территориясында, жыл сайын миңдеген туристти тарткан байыркы шаар абалында...

Эфес, тарых бою бир топ жолу жер которгонунан калдыктары кеңири аянтка жайылган...Орто эсеп менен 8 чарчы чакырымдык аянтка жайылган бул калдыктар боюнча көп жылдарга созулган казуу-рестоврация жана оңдоо иштери аткарылды.

Эфес ар башка мезгилдерге таандык жогорку шаарлашуу, архитектуралык жана диний тарыхка жарык чачкан символдорду камтып турат. Булардан эң маанилүүсү дүйнөнүн жети кереметинен бири катары кабыл алынган Артемида ибадатканасы... Христиан дүйнөсүнүн, Исанын шакирттеринен бири болгон ыйык Жондун Яхьянын Инжилин Эфесте жазганы жана Мариям Эненин бул жерлерде дүйнө салганына ишенилүүсү Эфестин маанилүүлүгүн арттырууда. Учурубузда христиандар тарабынан ажылык борбору катары кабыл алынган Мариям эненин үйү, ыйык Жондун көрүстөнүнүн үстүнө салынган Базилика жана Мариям чиркөөсү эң маанилүү эстеликтер болуп саналат...Байыркы шаарга ушул себептен христиан дүйнөсүнөн зыяратчылар агылып келүүдө...

Байыркы дүйнөгө жол тартуу жана кылымдар мурдагы жашоо формасына күбө болгуңуз келсе Эфес сизди күтүп турат...

Саякатыңыз байсалдуу болсун!


Этикеткалар: неолит доору , Рим , Эфес

Тектеш кабарлар