Тарыхта бүгүн

Тарыхта бүгүн болгон маанилүү окуялар.

1119471
Тарыхта бүгүн

1807 -  жылы башталган Осмондук  -  Британия согушун акырына чыгарган Кале  - и Султание келишимине 1809- жылы ушул күнү кол коюлду.

1889 -  жылы немис физик Мартин Брендел адамдардын энергиялуу жагын башкача айтканда аурасын биринчи жолу сүрөткө тартты.

1922 -  жылы ушул күнү Анадолудагы улуттук күрөштүн негизинде Адана душмандан куткарылды.

1883 -  жылы түрк, англис жана француз орток капиталы менен курулган, андан кийин бир немис банкы тарабынан сатып алынып иштетилген Анадолу  - Багдат жана Мерсин – Тарсус темир жолдору 1929 -  жылы бүгүн түрк өкмөтү тарабынан сатып алынып мамлекетке өткөрүлдү.

Денизли облусунун Ажыпайам айылында чабандык кылып жүргөндө бир мугалим тарабынан акылдуулугу аныкталып, Түркиядан кийин Бостондо билим алып билим тарыхына атын жаздырган Хүсейин Йылмаздын "Umumi İzafiyet Üzerine Yeni Nazariye" башкача айтканда "Жалпы салыштырмалуулук теориясы боюнча маалымат" аттуу эмгеги  1959 -  жылы бул күнү дүйнөнүн эң престиждүү журналы "Physical Reviewде» жарыяланды.

1993 -  жылы Европа Кеңеши  тарабынан жыл сайын берилген «Жылдын музейи» сыйлыгын Стамбулдагы археологиялык музейлер алды.

 

 



Тектеш кабарлар