Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-27

Балкар адабиятынан Ангел Караличевдин “Жалкоо адам” аңгемеси.

Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-27

Урматтуу  китеп күйөрмандары, программабыздын 2019-жылынын алгачкы уктуруусун балкар түрк элинин адабиятына арнамакчыбыз. Программабыздын бүгүнкү чыгарылышында балкар адабиятында кеңири таанымал балкар жазуучусу Ангел Караличевдин  чыгармачылыгына арнап жана анын “Жалкоо адам” аттуу аңгемесинен кеп салабыз.  

               Кадырлуу окурмандар, балдар адабияты менен көбүрөөк белгилүү болгон Ангел Караличев өзүнүн жомоктору менен балкар элине жана дүйнөгө таанылган жазуучу. Ал чыгармачылык жолунда элдик оозеки чыгармаларды, уламыш жана жомокторду топтоп жүрүп, ушул адабий жанрда кызыктуу аңгеме, жомокторун жараткан. Болгарияда ага “Балкар элинин Андерсени” деп да аташат. Жазуучу 1902-жылы Велико-Тырново шаарына караштуу Стражитса айылында төрөлгөн. Ал орто мектепти бүтүргөн соң София университетинин химия факультетине тапшырат. Өз жолунун башка экенин түшүнгөн жазуучу үчүнчү курска келгенде окуусун таштайт. Кийин кайра башка окуу жайды аяктап жогорку билимин толуктайт. Ал он жети жашынан баштап чыгарма жаза баштаган. Анын алгачкы чыгармасы ыр менен башталып “Бүркүттөр” деген ырын жазган. Ырдан соң чыгармачылык жолун аңгеме жана жомоктор менен уланткан. Анын алгачкы китеби “Кара буудай” деп аталып 1925-жылдагы антифашисттик көтөрүлүш тууралуу жазылган.  Андан кийинки чыгармалары 20-30-жылдары арасында жаралып, коомчулукка абдан жаккан үчүн ар бир чыгармасы үч-төрт жолу басылып чыгат. Анын “Казына”, “Жалган дүйнө”, “Болгар жери”, “Баткактан чымчык” аттуу белгилүү аңгемелери бар. Өмүрүнүн кырк жылын аңгеме, жомок, ыр жазып өткөрөт. Бир топ китептин автору болгон жазуучу балдар үчүн өзүнчө 15 китеп чыгарган. Мындан сырткары орус эл жомокторун балкар тилине которуп элине арнаган. Өтө кызыктуу жазылган чыгармалары жана жомоктору элүүгө жакын тилге которулган. Ал элине кылган кызматы үчүн маданиятка эмгек сиңирген ишмер наамына ээ болгон. Жазуучу 1972-жылы София шаарында бул дүйнөгө көз жумган.

SİNYAL     Ангел Караличев “Жалкоо адам” аттуу аңгемесинде коомчулукка жалкоолуктун кесепетин юмор аралаштырып түшүндүргөн.

             Илгери биз заманда аябай жалкоо бир адам жашаптыр. Ал өзүмчүлдүгүнөн жана жалкоолугунан ар күн көлөкөлөп гана жатчу экен. Балдары ач калып көчөмө-көчө кыдырып тиленип жашашат. Айыл калкы ары-бери өткөн сайын нааразы болушуп ал адамдын кулагынын кужурун алышат. Жалкоо адам бир күнү ордунан туруп айыл чиркөөсүн көздөй жөнөп попко барат. Ал попко айыл элин чакыртып, өзүн тирүүлөй көмүүсүн суранат. Таң калган поп себебин сурайт. Жалкоо адам айылдаштарынын “иште” деген сөзүнөн жадаганын, жок дебесе аркы дүйнөгө барып эс алаарын айтат. Адамдын айтканын аткарып айылдаштары чогулуп, табытка салып мүрзөнү көздөй жөнөшөт. Жолдо бара жатканда бир иштерман адам жолугуп сурап калат. Айыл эли окуяны башынан айтып беришет. Иштерман адам жалкоо адамга кайрылып буудай берээрин аны иштетип эмгек кылса болорун түшүндүрөт. Бирок жалкоо адамдын жалкоолугу кармап буудайдын тегирмендик иши бар экенин айтып кабыл албайт. Айыл эли жолун улап мүрзөгө жетип жалкоо адамды дем ала тургандай тешик ачып көөмп коюшат. Иштерман адам бул окуяны акылсыздык деп таап, ал адамды коркутуу жолу менен ага жардам берүүнү пландайт. Түн ичинде кара кийинип мүрзөгө барган иштерман жалкоону түртүп ойготот. Жалкоо ким экенин сураганда ал тозокко түшкөнүн айтып, өзүн тозокту кайтарган кароолчу шайтан катары тааныштырат. Буйрук берип баарын аткарбаса тозок отуна куйкалаарын айтат. Аргасыз калган жалкоого үйүлгөн ташты таң атканча бир жактан экинчи жакка ташытат. Ишин бүткөргөн жалкоого белек камдаганын айтып, аны бакка байлап камчысы менен сабай баштайт. Бир маалда аны бактан бошотуп табытына жаткырып, үстүн жука көөмп ал жерден алыстайт. Жерге жарык кирип, өзүнө келген жалкоо адам кыймылдап көрүп, үстүн жапкан топурактын аз экенин баамдап ордунан ыргып турат. Айылын көздөй зуулдап, деми кысылганча чуркап үйүнө жетет. Дароо балтасын алып токойго чуркап отун бутай баштайт. Отун алып жатканын көргөн бир айылдашы салам берип, аркы дүйнөдө кандай жаңылык бар экенин сурайт. Жалкоо адам ага аркы дүйнөнүн абдан жаман экенин, күнүгө таш ташытып, иш бүткөндө белеги катары камчы менен сабашаарын айтат. Анда мыйыгынан күлгөн айылдашы бул түнү мүрзөгө кайтып кайтпасын сурайт. Жалкоо адам мүрзөгө кайткыча бул калың токойду бутап түгөтөөрүн, бирок эч качан мүрзөгө кайтпашын титиреп жооп берген экен. Мына ушундай аңгемеси менен жазуучу кыйыр түрүндө окурмандарына, коомчулукка акыл-насаатын жеткирген.

 Урматтуу окурмандар, бүгүнкү чыгарылышыбызда балкар адабиятынан кабардар болдуңуздар. Ангел Караличевдин “Жалкоо адам” аттуу ушул аңгемесин же башка чыгармаларын окугуңуз келсе анын орус, түрк тилдерине которулган китептерин сунуштайбыз.

Программаны даярдаган Назгүл Кадырова.  



Тектеш кабарлар