ТИКА эмне кылууда?

Түркиянын жардам мекемелери-2

ТИКА эмне кылууда?

Урматтуу окурмандар, дүйнө жүзүндөгү бир топ өлкө жана аймакта ар түрдүү социо-маданий долбоорлорду ишке ашырган «Юнус Эмре» институту, Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгы, Кызылай жана Түркиянын кызматташтык жана координация агенттиги башкармалыгы (ТИКА) сыяктуу  мекемелерибизди тааныткан «Түркиянын жардам мекемелери» аттуу программабыздын биринчи бөлүмүндө  ТИКАнын тарых-таржымалы тууралуу айрым маалыматтарды бергенбиз. Бүгүнкү программабызда жана алдыбыздагы аптада ТИКАнын иш-чараларына токтолобуз.

***

ТИКА эмне кылууда?

Фонд маданиятынын бир алкагы болгон ТИКА, дүйнөнүн эң алыскы бурчтарына жеткирген жардамдары менен Түркиянын гуманитардык жардамын жана абийирдүү турумун так түрдө өкүлдүк кылууда. Орто Азиядан тартып Балкан өлкөлөрүнө чейин, Африкадан тартып Латын Америкасына жана Түштүк Азияга чейин кеңири аймакта өнүгүүгө карай экономикалык, социалдык, маданий жана бир топ тармакта долбоорлорду ишке ашырып Түркиянын тажрыйбасын досторубуз менен бөлүшүүдө.

ТИКА, ушул убакка дейре чет өлкөдө ишке ашырган 25 миңге жакын өнүгүү долбоору менен ооруканаларды, мектептерди, жолдорду куруп, жүз миңдеген карапайым калктын муктаждыктарына жооп берди. Түркиянын бул өлкөлөр менен болгон достук байланышынын күчтөнүшүнө жана карым-катнаштардын ылайыктуу жерге жетишине салымын кошууда.

Ишке ашырылган долбоорлордун түрдүүлүгү; билим берүү, саламаттык сактоо, баш калкалоо, эне-бала ден-соолугу, талаа чарба жана мал чарба, транспорт, өндүрүш, жумуш менен камсыздоо, суу-санитардык сыяктуу көп сандаган тармакты камтууда. Бул долбоорлордун бардыгынын негизинде; дос өлкөлөрдүн өз булактарын эффективдүү колдоно ала турган институттук жана адам дараметинин ийгиликке жетишүүсүнө колдоо көрсөтүп, узун мөөнөттүү адилеттүү өнөктөштүктү өнүктүрүү максаты бар.

Акыркы 3 жылда (2015-2017) Балкан өлкөлөрүнөн тартып Орто Азияга чейин, Жакынкы Чыгыштан Африкага чейин бир топ аймакта 250гө жакын орток маданий жана тарыхый мурас болгон эстелик-түзүлүштөр ТИКА тарабынан рестоврациясы жасалып тургузулду.

Сомали, Палестина, Пакистан, Кыргызстан, Молдова жана башка бир топ өлкөдө ТИКА тарабынан курулган ооруканаларда жүз миңдеген бейтап шыпаа таап жатат.



Тектеш кабарлар