Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-26

Башкыр адабиятынан Назар Нежминин чыгармачылыгы.

Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-26

 Урматтуу  китеп күйөрмандары, программабыздын бүгүнкү чыгарылышында башкыр адабиятынан кеп кылып жана башкыр элинин белгилүү акын-жазуучусу Назар Нежминин чыгармачылыгын айтып беребиз.

Кадырлуу окурмандар, түпкү теги түрк урууларына барып такалган башкыр эли – географиялык алкагы боюнча түндүктө жашаган түрк элдеринин арасында жайгашып, тили боюнча түндүк түрк тилдеринин тобунан орун алган. Башкыр адабиятынын элдик дастандарга өтө бай келген салмактуу орду бар. Мына ошол руханий байлыктан азыктанган бир топ адабиятчынын ичинен эң көрүнүктүүсү жана белгилүү акын-жазуучусу Назар Нежми деп айтсак болот. Жазуучу 1918-жылы Башкуртстандын Минеште деген айылында кедейдин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Анын балалык чагы абдан оор өтөт. Эки жашында атасынан ажыраган жазуучу энеси жана төрт бир тууганы менен ошол учурда журттун башына келген ачарчылыкка туш келет. Ал аз келгенсип чечек оорусу менен ооруп бетинде так калат. Айылдын тентек балдары бир жагынан жетим деп кордосо, бир жагынан бетиндеги тактардан улам “кодурекей шайтан” деген лакап ат менен шылдыңдашчу экен. Бирок анын тайманбас, өжөр мүнөзү жана күчтүү эрки менен мүңкүрөбөй чоңоёт. Назардын жашоосу почтага келген гезиттерден улам өзгөрөт. Келген гезиттерди окуп жүрүп эрте такшалып, мектептин эң мыкты окуучуларынан болот. Кийин Уфага келип Тоо-кен институтуна тапшырат. Кичинесинен сөзгө бай, ырга жакын акын ошол учурларда ыр жаза баштаган. 1937-жылы факультетинде ыр конкурсу уюштурулат. Ал “Эл душманы Троцкийге” деген ыры менен катышып биринчиликти багындырат. Бул ийгилиги аны алдыда улуу акындык дарага жекирген алгачкы кадамы болгон. Үчүнчү курска келгенде 2-дүйнөлүк согуш башталып, аскерге алынат. Анын жүрөктү сыздаткан ырлары мына ошол согуш маалында жазылган экен. Талыкпаган эмгеги менен 1960-жылы “Хенек” аттуу журналдын башкы редактору, 1962-69-жылдары “Башкурт жазуучулар фондунун” директору кызматтарына чейин көтөрүлгөн. 1967-жылы чыгармачылыгынын туу чокусуна улашып, элдик акын катары эң сыйлуу “Эмгектин кызыл желеги” аттуу наамы менен эки жолу сыйланат. Анын алгачкы ырлар жыйнагы 32 жашында басылып чыккан. Ал философиялык тереңдиги менен укмуштай ырлардын автору десек болот. Мисалга алсак, “Мекке жолунда”, “Зеки Велидинин мүрзөсүнүн башында”, “Бардык нерсе мага кечигип келди”, “Күтүлбөгөн жамгыр”, “Илим тууралуу кеп” сыяктуу ырлары кеңири таанымал. Ал акын катары белгилүү болсо да, илимий макалалары, аңгемелери жана котормолору менен дагы таанылган инсан. Мындан сырткары автордун ырларына обон жазылып азыркы тапта да башкыр элинде унутулбай ырдалып келет. Ал кырк жашынан өтүп үйлөнүп Алсу аттуу бир кыздуу болгон. Дүйнө кыдырып саякат наамасын жазган акын 81 жашында дүйнө салган. Анда эмесе кийинки сөз жазуучунун эл арасында жактырылып окулган, “Базардын баасы” аттуу аңгемесине токтололу.   

Түрк элдеринин көбүнө таандык конок сыйлоо үрп-адаты башкырларда да жашап келет. “Базардын баасы” аттуу бул аңгемеде башкыр элинин конокко болгон сый-урматтын кандай экени тууралуу окурманга маалымат берет. Окуя шаарда, көп кабаттуу үйлөрдүн биринде өтөт. Жай мезгилинин бир түнүндө тынымсыз эшик кагылат. Шашылган үй ээси түн ортосунда келген белгисиз жолоочуга эшигин ачат. Жолоочу үй ээсинин фамилиясын сурап, туура келгендигин тактагандан кийин үй ээсинин айылдагы эжесинин саламын айтат. Үй ээси эжесинин бир жума үйүнө конокко келип, бүгүн саар менен айылына кайтканын жолоочуга билгизбей кабыл алат. Жолоочу жанында жолдошторунун да бар экенин айтып, бир аял бир эркекти кошо ээрчитип кирет. Ал-жай сурашып отуруп, айылдан базарга эт сатканы чоң унаа менен келишкенин айтышат. Бир тараптан жубайын тургузуп коноктор үчүн дастаркон даярдатат. Бир жагынан конокторунун сатканы алып келген эттери үчүн жер дайындап узактагы гаражына жеткирет. Келген коноктор бөтөлкөнү бөлө ичип уктаар түрү жоктой. Салтка сый көрсөткөн үй ээси ичпесе дагы жанында отурууга туура келет. Түн бир оокумуна барып эс алган коноктор таңга маал базарга чыгышат. Базардан кийин кайтып келишээрин да билдирип жөнөп кетишет. Үй ээси жубайы экөө алардын ким экенин, эжесинин кандайча жакындары болоорун ыйбаа көрсөтүп сурашпаган. Кечинде жумушунан чыккан үй ээси конокторунун базардан кайтып тамак үстүндө отурган учурунда келет. Бир топ кызып калышкан экен. Соодасынын начар өткөнүн кеп салышып нааразы. Үй ээси экинчи күнү гана алардын аттарын, эжесине кандай жакындыгын сурайт. Көрсө алар эжесине жакын коңшу айылдан келишиптир. Үй адресин бир убакта так ушул үйгө өзүлөрүндөй күтүүсүз келген коноктон алышкан экен. Ал конок эжесинин бригадада бирге иштеген таанышы болуп чыгат. Ошондо үй ээси жанына ала келген бир бөтөлкөсүн жубайына берип конокторду сыйлоонун камын көрөт. Ансыз да күүлөнүп отургандар коноктор үчүн көптүк кылат дегенби айтор, жубайы ал бөтөлкөнү бузбаган болот. Унутулган бул окуядан бир ай өткөндөн кийин айылдагы эжесинен кат келет. Ал катта эжесинин саламын айтып келген бул конокторго “Бир бөтөлкөндү да ыраа көрбөдүңбү” деп жазылган экен. Автор муну менен өз элинде конок күтүү салтынын замамбаптагы абалын окурмандарга жеткирүүнү максаттаган.   

Урматтуу окурмандар, бүгүнкү чыгарылышыбызда башкыр адабиятынан жана анын белгилүү жазуучусу Назар Нажминин чыгармачылыгынан кеп салдык. Эгер акындын чыгармаларына кызыгуу жаралган болсо анын түркчө, татарча жана орус тилине которулган чыгармаларынан окууңуздарды сунуштайбыз.

Программаны даярдаган Назгүл Кадырова.  



Тектеш кабарлар