Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-25

Хакас адабиятынан Василий Кобяковдун “Баптис” аңгемеси.

Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-25

 Урматтуу китеп күйөрмандары, программабыздын бүгүнкү чыгарылышында сибир түрк элдеринин арасында жашаган хакастардын адабияты жана хакас элинин белгилүү жазуучусу акын Василий Кобяковдун “Баптис” аттуу аңгемесинен кеп салабыз.

Кадырлуу окурмандар, алгач жазуучу тууралуу азыноолак кеп кылалы. Доорунун улуу жазуучуларынан болуп эсептелген Кобяков - Хакасиянын Шира районунун Оспа айылында 1906-жылы жарык дүйнөгө келген. Ал он жашка келгенге чейин эле эне-атасынан ажырап жетим чоңоёт. Жаштык кезин айылында уй багып өткөрөт. Алгачкы мектепти бүтүргөндөн кийин эле эли үчүн караңгылыкты жоюу кыймылына катышып активдүү иштей баштайт. 1929-жылы Красноярскийдеги советтик партия мектебине жолдомо алат. Окуусун ийгиликтүү аяктагандан кийин Хакасияга кайтып китеп басмаканасында жана Улуттук Хакас Театрында эмгектенет. Театрда иштеп жүргөн кезинде сахнага коюлуучу оюнду элинин жашоосунан алып жазат. Мына ошондон баштап элдик жомок, ыр жана дастандарды топтоп адабиятка болгон кызыгуусу артат. Алгачкы чыгармачылыгын ыр жазуу менен баштайт жана андан кийин жазылган дастандарын жаратат. Кобяков 1930-жылдары хакас адабиятынын эң таанымал жазуучулар катарына кирет. Адабий чыгармаларынан сырткары хакас тили жана анын алфавитинин пайдубалынын курулушуна активдүү катышат. 1934-жылы “Айдо” аттуу алгачкы автобиографиялык повестин жаратат.  Андан кийин учурундагы эң ийгиликтүү “Партизан күндөрү”,  “Башкасынын кампасы”, “Баптис”, “Казан”, “Мылтыктын үнү” сыяктуу кеңири таралган аңгемелерин жараткан. Мындан сырткары Кобяков Пушкин, Некрасов, Чехов, Горький сыяктуу улуу орус жазуучу-акындарынын да чыгармаларын хакас тилине которуп элине тааныткан.

                      Кобяков хакас адабиятынын баштоочуларынан жана эң таланттуу хакас жазуучуларынын бири катары кабыл алынган улуу киши. 1937-жылы анын мойнуна күнөөсүз жерден күнөөгө тагылып, өлүм жазасына тартылат. Бирок кийин Коммунисттик партиянын жыйырманчы жыйынында акталып китептери кайрадан жарыялана баштаган.

                      Кобяков кыска сүргөн төрт жылдык адабий чыгармачылыгына карабастан хакас элинин күчтүү калемгери катары азыркыга чейин эскерилип, хакас адабиятынын улуу адабиятчыларынын арасында анын аты алтын тамга менен жазылган жазуучу болуп саналат.

Урматтуу окурман, жогоруда да айтып кеткендей Кобяков чыгармаларын чыныгы каармандардын жашоосунан алып жазган. “Баптис” аттуу аңгемесинде да сибирялык жергиликтүү калктын тарыхта жазылып калган, баштарынан  өткөргөн окуяны баяндайт. Сибир аймагында орус императорлугунун христиан динин жаюу саясаты жана ал үчүн ар түрдүү азап менен баш ийдирүү максатын азыр дагы ар бир хакас урпагы унутпаган. 17-19-кылымдар бою ортодокс христианлыгына үгүттөө иштери жүргүзүлүп келген. Шаманизмди дин туткан хакастарды ошол доордо орус дин адамдары кыйноо жолу менен баптис кылышат. Кобяковдун “Баптис” аттуу эки бөлүмдөн турган аңгемеси мына ушул тууралуу жазылган. Чыгарма эки бөлүмдөн түзүлүп, биринчи бөлүмдө Чоңдай аттуу карыянын жаш балдарга өзүнүн бала чагындагы окуясын айтып бергени менен куралат. Экинчи бөллүмүндө болсо карыган кезиндеги окуялар сүрөттөлөт. Карыя жаш кезинде айылы менен сүрүлүп Аскиз дарыясынын жээгине айдалып, эмне болгонун аңдай албай турган айыл элинин бир заматта баштары сууга үч жолу малынып баптис кылынып, аттары орус аттарына өзгөртүлгөнү баяндалат. Орус папасынын сырткы көрүнүшү элди үркүтүп  баптис болбосо аркы дүйнөдө отко какталаарын айтып опузалаганы баяндалат. Элдик шаман жаңы келген орус папасынын түрүн көрүп шайтанга окшоштуруп кубалайт. Мына бул көрүнүш хакас элине жаңыдан келе баштаган орус калкынын басып кириши болчу. Чыгарманын аягында хакас эли христиан динин кабыл алып, орустардын негизги максаты болгон салыкты дин адамдарына төлөй баштаганы сүрөттөлгөн. Папазга ар бир диний кыймыл үчүн эл карызга батып, колундагы мал-жанын сатууга да мажбур болушкан.

                  Кобяков бул чыгармасы менен орустун зулумдугун, өз элинин башка элге кантип тебеленгенин адабий түрдө жазып элге жеткире алган. Бул жерде айтылчу трагедиялуу нерсе, мына ушундай ачык-айрым жазылган чыгармалары үчүн жазуучунун өмүрүн алып тынышкан.

                 Урматтуу окумандар, бүгүнкү чыгарылышыбызда хакас адабиятынан кабардар болдуңуздар. Кобяковдун чыгармалары бир топ тилге которулган. Эгерде бул аңгемеге кызыгуу жаралган болсо анда орус тилиндеги котормосун жана Гүлсүм Килли Йылмаздын түркчө котормосун окууңуздарды сунуштайбыз.

Программаны даярдаган Назгүл Кадырова. 

 

 

 



Тектеш кабарлар