Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-24

Батыш Тракия адабиятынан Мехмет Хилминин “Күнөөлүбүз” аңгемеси.

Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-24

Урматтуу китеп күйөрмандары, программабыздын бүгүнкү чыгарылышын Батыш Тракиядагы же башкача айтканда, Грецияда жашаган түрк элдеринин адабиятынан кеп кылып, андан кийин учурдагы Батыш Тракия адабиятынын жаралышына башат болгон Мехмет Хилми аттуу жазуучунун “Күнөөлүбүз” деген аңгемесин баяндап беребиз.

                 Кадырлуу окурмандар, батыш Тракия түрк адабияты, Греция чек арасынын ичинде жашаган түрк элдеринин жараткан адабияты деп айтууга болот. Батыш Тракия Осмон Империясынын кол алдында болуп турган учурунда, ал - Анадолу адабияты менен бирге өнүккөн. 1923-жылдан баштап, тагыраак айтканда, “Лозан” тынчтык келишиминен кийин Греция чек арасынын ичинде калган Батыш Тракия түрк адабияты өнүгүүдөн алыс калган. Батыш Тракияда ошол жылдардан баштап 1960-жылдарга чейин гезит-журналдардын гана жарыяланганын көрүүгө болот. Ал учурларда Осмон Империясынан чыгып, Грециянын карамагына өткөн Батыш Тракияда саясий чагым, согуш, ички жана тышкы көчүп-конуулар сыяктуу факторлор менен адабиятка көңүл бөлүүгө деле мүмкүнчүлүк болгон эмес. 1960-жылдардан баштап Түркия менен Грециянын ортосундагы маданий келишимдер ишке ашып, Түркиядан билим алган батыш тракиялык жаштар мекенине кайтып, адабий кыймыл жаратышкан. Мына ошондон баштап өзүнчө бир топ чыгармалар жаралып түрк дүйнөсүнө таанылып, жайыла баштаган.

          Бүгүнкү чыгарылышыбызда Батыш Тракиянын адабиятына чоң салым кошкон, аз жашаса да таасирдүү эмгек калтырган жазуучу Мехмет Хилми тууралуу жана анын “Күнөөлүбүз” аттуу аңгемесинен кеп салабыз.

                  Мехмет Хилми 1902-жылы Дедеагач аттуу жерде Бабалар айылында жарык дүйнөгө келген. Балкан согушунда айылы талкаланып үй-бүлөсүнөн ажырайт. Кийин Түркиядагы Эдирне губернаторунун жардамы менен Эдирнеде окуп, окуусун ийгиликтүү аяктайт. Туулган жерине кызмат кылуу максатында кайткан жазуучу алгач мугалим болуп иштейт. Көп өтпөй өлкөлөрүнө сырттан көчүп келгендер иш менен камсыздалып ал иштен чыгарылат. Ал жерде жашаган түрк элдеринин эң эле оор жылдары болгон 1922-1925-жылдары жазуучу саясий башкарууга каршы өз эли үчүн жанын үрөп иштеп, “Йени зия” аттуу гезит жарыялап, эзилген элинин үнүн жар салат. Ал бул жазуулары үчүн Лимни аралына сүргүнгө айдалат. Бирок муну менен токтоп калбастан, жарыяланбай калган гезитинин атын “Жаңы кадам” деген ат менен өзгөртүп кайрадан чыгармачылыгын улантат. Бул кадамы менен ал саясий башкарууга тоскоол болгон үчүн анын өмүрүнө коркунуч туулган күндөрдү да башынан өткөрөт. Гезитиндеги эли үчүн жарыялаган жазууларынан улам кайрадан куугунтукка алынат жана 15 жолу сотко берилет. Ал жаш кезинде Искече деген жерде 1931-жылы бул дүйнөдөн кайтат. 29 жылдык өмүрүндө эли-жери үчүн күрөшүп, күчтүү калеми менен аз жазса да маңыздуу жазып өз элинин сыймыгы жана шам чырагы болгон. Башка түрк элдери анын өлүмүн терең кайгыруу менен кабыл алып, Түркиянын гезиттеринде “Түрк дүйнөсү улуу адамын жоготуу менен аза күтүүдө” деген тема менен чыгарышкан. Анын аз санда гана аңгемеси жаралып, бирок өтө курч жазылганы менен баалуу десек болот. “Күнөөлүбүз” аттуу аңгемеси да ошол таризде жазылып, окурманга насаат калтырат.

Аңгеме, ызгаардуу кыштын сүрөттөлүшү менен башталат. Аты аталбаган каарманыбыздын баяны менен башталат. Ал учур согуш, ачарчылыктын доору болуп, ар бир көчө сайын тилемчилерге толгон. Кудайдын куттуу күнү ар бир жерде өлүм кабары чыгып турган заман. Бирок элдин алдыңкы байлары ал учурда деле сайрандап, казинолордо, чайканаларда, ресторандарда жылуу-жумшак күнүн өткөрүшөт. Ошондой күндөрдүн биринде бир чайканада элдин аттуу-баштуулары чогулуп чай ичип аткан учуру. Ар башка ооздон кеп чыгып тилемчилердин азайганына сүйүнүп баарлашып отурушкан чагы. Ошол маалда эшикти аз гана каккылап, бир жаш тилемчи бала калчылдап тартынып чайканага кирет. Элдин баары андан оору жукчудай жийиркеничтүү карашат. Чайчы корстонуп:

               - Жылынгың келсе меш тигине, деп өзүнөн алыс тутат. Байкуш баланын жанында акчасы бар экенин, ага чай ичкиси келээрин айтканда чай ээси кыйкырып кубалай баштайт. Аны көрүп четте отурган каарманыбыз чай буюртма берип, тилемчини жанына чакырып ичкенге чейин карап отурат да, ал жердегилерге сабак болуучу төмөнкүлөрдү айтат. “Улуу, урматтуу мырзалар! Бул чай тилемчиники. Бирок билип койгула, булардын тиленип, жийиркеничтүү абалга келтиргендер ушул жерде отурган билимдүү кишилер бизбиз. Ушул жылуу жерде отуруп алып чай ичкен булардын акысыбы же биздин акыбызбы билбейм. Кана кимибиз муктажбыз. Бул адамдар иштебесе, жалкоо болсо, оруулуу болсо, бир коомдун микроптору деп атасак кимдин күнөөсү. Тамга билбеген алардын күнөөсүбү же укмушту билип отурган биздин күнөөбүзбү? Булар үчүн биз күнөөлүбүз. Биз иш таап, сууктан коргоп, оорулууну айыктырып, кезексиз келген өлүмдөн алып калуу биздин вазыйпабыз”- деп, сөзүн бүтүрүп тилемчиге караса чайын ичип эчак кеткен экен. Анын чынысынан жийипкенип турган чайчыны каратып чыныны жер бир чабат. Ошондо гана ал жерде отурган аттуу-баштуулардын ар бири өз ойлоруна чөмүлөт. Эми ар ким өз мойнундагы ишти түшүнгөн сыяктанат.

Урматтуу окурмандар, бүгүнкү чыгарылышыбызда Батыш Тракия адабиятынан кабардар болдуңуздар. Батыш Тракия адабияты түрк дүйнөсүнүн ичинде Түркияда кеңири изилденген. Эгерде бул адабиятка кызыгуу жаралган болсо түркчө булактарды окууңуздарды сунуштай алабыз.  

Программаны даярдаган Назгүл Кадырова.  


Этикеткалар: Эдирне , Мехмет Хилми

Тектеш кабарлар