Тарыхта бүгүн - 02

Ай биринчи жолу 1839 – жылы фотоаппаратты тапкандардын бирөөсү болгон француз фотографт Луис Дагер тарабынан  сүрөткө тартылды.

Тарыхта бүгүн - 02

Биринчи фотографиянын кайсы жылы тартылгандыгы толугу менен билинбесе да Ай биринчи жолу 1839 – жылы фотоаппаратты тапкандардын бирөөсү болгон француз фотографт Луис Дагер тарабынан  сүрөткө тартылды.

***

1905 – жылы Орусия  - Япония согушунда  Кытайдагы Орусиянын базасы Порт Артур Адмирал Хейхачиро Тогонун командириндеги Япон деңиз күчтөрүнө багынды. Орусия императорлугун кулоо жолуна алып барган жана 1905  - жылдагы төңкөрүштүн каалгасын ачкан жеңилүү сериалы башталды.

*** Кишилерди аныктоо үчүн аттарынан кийин дини, социалдык, үй  - бүлөлүк абалын колдонгон Түркияда 1934 -  жылы 21 -  июнда мыйзамдуу өзгөртүү менен фамилия мыйзамы чыгарылды. Түркчө фамилиянын алынышы мажбур болгон мыйзам 1936 -  жылы 2 -  январда ишке кирди.

*** 1959 -  жылы айдын чектерине жетип күндүн орбитасына кире турган алгачкы космостук унаа «Луна 1» советтер союзу тарабынан космоско учурулду. «Луна 1» күндүн тегерегинде  орбитага отурган биринчи спутник болду.

***

1975 -  жылы Түркия радиолору ТРТ1, ТРТ2 жана ТРТ3 деген ат менен үч каналдан уктурууларын бере баштады.

*** 1979 -  жылы түрк жана Америка археологдорунун 5 жылга созулган биргелешкен эмгеги менен дүйнөнүн биринчи суу астында калган ислам кемеси Эгей деңизинде табылды.

***

1993 -  жылы Түрк куралдуу күчтөрү БУУнун чакыруусу менен жарандык согуш жана жакырдык апааттын босогосуна алып келген Сомалиге барып, 43 жыл мурда барган Кореядан кийин экинчи жолу чет өлкөнүн жерине кирди.

 



Тектеш кабарлар