Күн тартибине сереп салуу - 48

Брексит процесси

Күн тартибине сереп салуу  - 48

2016 -  жылы июнь айында Британия калкы өлкөлөрүнүн Европа Биримдигинен чыгуу чечимин референдум менен чыгарды. Европа Биримдигинен чыгуу жыйынтыгы чыккан референдумдан кийин Британия өкмөтү Европа Биримдиги жана биримдиктин башка 27 мүчө өлкөсү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Бир топ англис министр кызматынан кеткен процесстин акырында Британия жана Европа Биримдигинин ортосунда 600 беттик бир бөлүнүү келишими түзүлдү. 25 -  ноябрда тараптар кабыл алган келишим тексти декабрь айынын 11де англис  парламенти тарабынан  бекитилиши керек. Англис парламентинде бир топ депутат келишимди жактырышкандарын жана бекитишпей тургандарын билдирип, келишим үчүн көпчүлүк добушту алышы коркунучка кирди.

Саясат, экономика жана коомдук изилдөөлөр фондунун изилдөөчү  - жазуучусу Жан Ажундун бул тууралуу баа берүүсүн угуңуздар.  

Британиянын Европа Биримдигинен бөлүнүү күнүнө чейин тараптардын арасында келишимге кол коюлуп парламент тарабынан бекитилсе  Британия Европа Биримдигинен катуу түрдө чыгат. Бул абалга тоскоол болуу үчүн Тереза Мэй башкарган Британия өкмөтү менен Европа Биримдигинин ортосунда чечим чыгарылган келишим тексти менен маанилүү бир кадам ташталган болду. Европа Биримдигине мүчө өлкөлөр Британиянын биримдиктен бөлүнгөндүгүнө капаланышкандарын айтканына карабастан келишимдин түзүлүшүнөн улам тынчтануунун болгондугунан сөз кылышты. Өзгөчө Британиянын биримдиктен бөлүнүшүнөн кийин башка өлкөлөрдүн да бөлүнүшүнө тоскоол болуу үчүн Британиянын Европа Биримдигинин берген мүмкүнчүлүктөрүнөн пайдаланбашына өзгөчөлүк көрсөтүшкөндөрү көрүнүүдө.

Европа Биримдигине мүчө өлкөлөрдүн арасында Брексит келишимине узун убакыттан бери каршы чыккан өлкө Испания болгон. Испаниянын түштүгүндөгү Гибралтар аймагынын абалы Испания өкмөтүнүн вето коркутуусуна жол ачкан. Гибралтардын 1713 – жылдан бери Британияга караштуу болгонуна карабастан Испания өкмөтү Гибралтарга ээ чыгууну улантууда. Брексит келишиминин беренелеринин ортосунда чек ара өтүүлөрүнүн белгилениши Испанияны Гибралтар маселесинде таасирдүү болот. Мындан Испания өкмөтү нааразычылыгын Европа Биримдиги өкүлдөрүнө билдирип, Гибралтар үчүн каалаган ишенимди алгандан кийин вето укугун колдонуудан баш тартты.

Британиянын Европа Биримдигинен бөлүнүшү менен кургактыкта пайда боло турган бир чек ара болсо Ирландия менен Түндүк Ирландиянын ортосунда. Эки аймактын ортосунда  бир чек араны каалабаган тараптар 2020 -  жылга чейин өткөөл мезгилди ишке ашырууну жана Ирландия үчүн чечүүчү жол табууга чечим чыгарылды. Ушунун негизинде Британия өткөөл мезгилинде Европа Биримдигинин бажы биримдигинин ичинде сөз ээси болбойт.

Британия жана Европа Биримдигинин ортосундагы Брексит  келишими англис парламенти сыяктуу чоң бир ыктымалдуу тоскоолдукка такалуу потенциалына ээ болсо да жалпысынан бир топ жактан бир алгачкы болууда. Башка бир мисалы болбогон Брексит  келишими бир гана  Британиянын Европа Биримдиги менен эмес, ошол эле учурда башка Европа Биримдигине кошулбаган жана кошула албаган өлкөлөр үчүн да үлгү боло алат. Ушунун негизинде Түркия жана Балкан өлкөлөрүн Европа Биримдигине мүчөлүк сүйлөшүүлөрү токтоп кала турган болсо Британия менен Европа Биримдигинин ортосунда түзүлгөн келишим мисал болуп, түрдүү өнөктөштүк түзүлүшү мүмкүн.

Бир тараптан Британиянын Европа Биримдигинен бөлүнүшү, биро топ геостратегиялык жактан жоопкерчиликке ээ болот. Орусиянын Чыгыш Европада Европа Биримдигине каршы жүргүзгөн күрөшүндө  Британия сыяктуу маанилүү бир өлкөнү жоготкон Европа Биримдиги мурункусуна караганда дагы күчсүз абалда болот. Өзгөчө Европа армиясы талкууланып жаткан бир мезгилде Британия сыяктуу Европанын эң күчтүү армиясына ээ болгон бир өлкөнүн Европа Биримдигинен бөлүнүшү Европа армиясы пикири тууралуу тынчсызданууларды жана шектенүүлөрдү  күчтөндүрөт. Бир тараптан Британиянын Европа Биримдигинен бөлүнүшү менен бирге Европадагы күч тең салмактуулугу жана биримдигинин өзгөрүшү сөз боло алат. Европа Биримдиги бир тараптан Орусия, Африка жана Түркияга коңшу болуп туруп Британиянын бөлүнүшү менен түндүктө жаңы бир коңшуга ээ болот.



Тектеш кабарлар