Отурукташкан ориентализм-2

Глобалдык перспектива-48

Отурукташкан ориентализм-2

Глобалдык перспектива-48

Отурукташкан ориентализм-2

Өткөн аптадагы жазуубузда ориентализмдин формасын өзгөрткөнүнө, мурда батыштык изилдөөчүлөр тарабынан атайын ордунда жасалган эмгектерди, батыштан тышкаркы коомчулуктардан адамдардын батыштык өлкөлөргө барып түздөн-түз сунуштоо темасында дагы көп каалоосу болгонуна токтолгонбуз. Чет өлкөнүн тажрыйбасын өлкөсүнө алып келсин деп жиберилгендердин өлкөлөрүнүн тажрыйбасын, ал эмес өлкөсүнүн фонддорунан пайдаланып чет өлкөгө алып чыгууларына, өлкөсү үчүн барган ал өлкө боюнча адис болушу күтүлүп жатканда, барган өлкө үчүн өлкөсү боюнча адис болуунун жаңылыштыгына токтолгонбуз.

Анкарадагы Йылдырым Беязыт университетинин саясий илимдер факультетинин деканы, проф. др. Кудрет Бүлбүлдүн темага байланыштуу баамдоосун окуп жатасыздар.

Коомчулугуна жат болгон, күн карамага айланган интеллигенттер

Өлкөсү үчүн жасалбаганынан, өлкөсүнө салымы болбой турган эмгектер менен артка кайтуу шексиз бир топ жагынан 200 жыл бою маселе жаратууда.

Мындай абалда эң оболу чет өлкөгө жиберилгендер үчүн жасалган каржылоолор, ондогон кыйынчылыктарга карабастан бөлүнгөн аз булактар бекер коротулган болууда.

Бир үмүт, бир чечүүчү жол табыш үчүн чет өлкөгө жиберилгендердин бул үмүткө кызмат кылбоолору, өлкөлөрдүн өнүгүүсүнө бөгөт болууда, чечүүчү жолго карата үмүттөр башка жазга калтырылууда.

Батыштык өлкөлөр үчүн жасалган иштер менен өлкөгө кайтылганда өлкөлөрдүн эң сапаттуу адамдары батыштык өлкөлөр тарабынан күн карамага айландырылууда.

Түркия жагынан алып карасак 200 жыл бою туш болгон интеллигенттердин өлкөгө жат болушунун негизги себептеринен биринин бул абал болбогонун айта алабызбы? Өзгөчө өнүгүп бара жаткан өлкөлөрдөн чет өлкөлөргө бара алуу чоң айырмачылык болуп саналат. Бул айырмачылыкка ээ болгондорго кайтышта абдан чоң маани берилет. Ушул себептен өз коомчулугуна жат болуп өлкөлөрүнө кайткандардын жараткан терс таасири абдан оор болуп жатат. Орто эсеп менен жүз жыл мурдагы Осмон Садразамы/ премьер-министри Саид Халим Пашанын айткандарынан бул абалдын жаңы болбогонун түшүнөбүз. Паша жашаган мезгилинде Батышты билбеген жана өз коомчулугун билбеген эки түрдүү интеллигенттен сөз кылат жана кайсынысынын дагы зыяндуу болгонун сурайт. Анын оюу боюнча экөө тең зыяндуу. Бирок батышты билип өзүн билбеген интеллигенттер дагы көп зыяндуу.

Көп убакыт бою чет өлкөдө жашагандардан бир бөлүгү, өз коомчулуктарына жат болуп калгандарынын себебинен, кадимкидей жек көрүп, менменсинүү менен кайтышууда. Чындыгында коомчулуктары, көбүнчө бул процессте дагы көп жолду басып өткөн болушат. Чет өлкөдөн кайткандардан күтүлгөн нерсе коомчулугунун көбүнэсе билген кемчиликтерин үстүртөдөн карап, катуу, жалпылоочу жана кемсинтүүчү түрдө кайталоо эмес, бул маселелердин чечилиши үчүн өлкөсүнө кайтып жатканда эмне алып келгени, кандай тажрыйба менен кайтканы болуп саналат. Барган өлкө үчүн чыгарылган адабиятты, теорияларды суктануу менен ошол бойдон өлкөсүнө алып келүү эмес, сындооочу көз караш менен буларды карап чыгып өз өлкөсүнүн тажрыйбасы менен жаңылоо болуп эсептелет.

Өзүн өзү ориентализмге ыкташтыруу...

Мамлекеттик мекемелердин атынан чет өлкөдө изилдөө жасагандар менен академиялык мекемелердин атынан чет өлкөдө изилдөө жасагандар өз коомчулугуна жат болуп калганда академиктер келечек муундарды түптөгөндүктөн дагы зыяндуу болот. Батыштык өлкөлөрдө коомдук илимдерде үйрөтүлгөн илим, теория, ыкма жана индекстер ал өлкөлөр үчүн абдан маанилүү экени шексиз. Бул маалыматтар белгилүү катышта берки өлкөлөр үчүн дагы маалымдоочу болуп саналат. Бирок академиктер политология, социология, экономика сыяктуу коомдук илимдерди (дата жазуу, негизги ойлор жана ага болгон мамилелер жагынан)  толугу менен Батыштагы сыяктуу үйрөнгөндө, өз өлкөлөрүнө түпсүздүктү жана тарыхсыздыкты алып барган болушат. Анткени Батыштык илим литературасында Батыштан тышкаркы коомдорго таандык маалымат, ойчул жана мамилелерге көбүнчө орун берилбейт. Буларга батыштан тышкаркы коомчулуктардагы академиктер орун берүүлөрү, өз тажрыйбалары менен батыштык илимий тажрыйбаларын аралаштыруулары күтүлөт. Муну кылбаган учурларында бир өлкөнүн тарыхы, тажрыйбасы, батыштыктар тарабынан эмес, өз ичинен чыккан академиктер тарабынан көрмөксөнгө салынып, мындай нерсе эч болбогон сыяктуу мамиле кылынууда.

Маселенин булактары

Шексиз барган өлкөлөрүндө өлкөсү үчүн абдан баалуу эмгектерди кылган изилдөөчүлөр да бар. Буларды тышкары калтырсак маселенин төмөнкү себептерден келип чыкканы айтылса болот.

Жөнөткөн өлкөнүн эмгектене турган темага байланыштуу багыттоочу, чектөөчү түзөтүүлөрдү жасабоосу; Кааласа мамлекет, кааласа университеттер тарабынан жөнөтүлсүн чет өлкөгө жөнөтүлгөндөргө карай мекемелер көбүнчө чектөө кылышкан жери жок. Айрым убактарда барыла турган өлкө дагы талапкердин тандоосуна калтырылууда.

Баргандардын иштин жеңилин тандоосу; Чет өлкөгө баргандардын, көп иштелген же барылган өлкөгө таандык темалар боюнча эмгектенүүлөрү, алардын дагы көп эмгектенүүлөрүн жана барылган өлкөнүн тилин дагы жакшы билүүлөрүн талап кылат. Анткени бул темада карым-катнашта болгон академиялык чөйрөлөр дагы көп маалыматка ээ. Ал эми өз өлкөлөрү тууралуу тема боюнча иштегенде өздөрүн дагы көп кыйноого салышат. Жеңилине качуу же жаңылыш багыттандыруунун себебинен өлкөлөрү үчүн дагы көп мааниси болбогон көп сандаган докторантура диссертацияларына күбө болдум. Австрияда бир докторант Түркиянын ЕБ саясатын, Германияда болсо башка бирөө АК Партияны докторантура темасы катары тандап эмгектенгенин жана Түркияга кайтууну каалагандарын айтышкан. Мен да Түркияда чет өлкөдөн келген докторантура жактаган адамдарга көп муктаждык болгонун, бирок эмгектенген темалары боюнча Түркияда көчөдө жүргөн адамдар деле адистешип алганын, бул темаларда эмгектенген болуулары менен Түркияга кандай салымдарды кошо тургандарын сурадым. Европада бул темалар боюнча эмгектенүүлөрдүн европалыктар үчүн абдан пайдалуу болгонун, ушул себептен келечектерин Европада издөөлөрүнүн дагы жакшы боло турганына токтолгом. 2017-жылы АКШда кездешкен эки докторантура темасы да ушундай эле түрдө болчу: «Түркияда исламий кыймылдар», «Суфизмдин күрт кыймылына таасири». Аларды көндүрө албасам дагы аларга буларды айткам: «Түркияга кайтканыңызда бул темалар менен өлкөңүзгө кандай салымдарды кошууну ойлоодосуз? АКШдагы дин-мамлекет карым-катнаштарын, евангелизм боюнча эмгектенген болсоңуз, кайтканыңызда сизге абдан көп муктаждык болмок».

Барган өлкөдөгү империалдык көз караштагы академиктердин багыттоолору; Айрым убактарда мындай багыттандыруулар да таасирдүү болууда. Бирок бул кеңештер баргандардын көөшөрүп туруулары, жасагысы келгендерин билген учурунда ашылып өтүлбөй турган тоскоолдук эмес. Докторантура изденүүлөрү убагында Англиядагы бир университетте маектешүүгө киргенимде Англия тууралуу бир тема боюнча эмгектенгим келгенин айткам. «Таң калычтуу алгач ирет оксиденталист эмгектенүү сунушуна туш болдук» деп кабыл алышкан.    

Шексиз айрым убактарда Түркия тууралуу эмгектенүүлөр керек болуп калат, ал эмес шыктандырылышы керек. Көп сандаган өлкөнүн тарыхын кызыктарган осмон тарыхынын, мурасынын өлкөбүздүн академиктери тарабынан туура түрдө бүткүл дүйнөгө чагылдырылышы абдан баалуу. Ушул сыяктуу тармактардан тышкары Түркия тууралуу эмгектенбөө негиз кылынып, Түркия тууралуу эмгектенүүнүн болсо бир гана жөнөткөн мекемелердин уруксатына байланыштуу болгон түзөтүү менен 200 жылдан бери туш болгон маселе белгилүү катышта чечилген болоор эле. Мекемелерди чет өлкөгө изилдөөчү жөнөтүп жатканда эмгектенүүлөрүнө Түркия тууралуу эмгектенбөө эрежелерин койсо, маселенин чечилишине чоң салым кошот.

Андай болбосо, жиберген изилдөөчүлөрдү Сезаи Каракочтун жомок ырында болгону сыяктуу Батыш үчүн жасалган эмгектердин арасында жоготуубузду уланта беребиз.

Анкарадагы Йылдырым Беязыт университетинин саясий илимдер факультетинин деканы проф. др. Кудрет Бүлбүлдүн темага байланыштуу баамдоосун окудуңуздар.

 

 

 



Тектеш кабарлар