Отурукташкан ориентализм

Глобалдык перспектива - 47

Отурукташкан ориентализм

Батыштык изилдөөчүлөрдүн бир жагы империализм менен байланыштуу, бир жагы экзотика менен көрүлгөн Чыгыш коомдорунун саясий, социалдык, маданий, диний, этникалык, антропологиялык жана башка багыттарына карата аткарган эмгектери ориентализм деп аталат. Бул түшүнүк чыгыш коомдоруна тыштан, жогорудан караган жана аны негизги өзөк эмес, таасирленген бир зат катары көргөн мамилелер үчүн тескери бир маанини да камтууда.

Анкара шаарындагы Йылдырым Бейазыт университетинин саясий илимдер факультетинин деканы профессор – доктор Кудрет Бүлбүлдүн бул тууралуу баа берүүсү.

Ориенталист эмгектер азыркы күндө да манисин жогото элек. Бирок чоң катнашта формасын өзгөрткөн. Мурун аткарылган формасы менен батыштык иликтөөчүлөрдүн чыгышка, иликтөө аймактарына барып изилдөө жүргүзүүсүнө мурункудай муктаждык жок. Себеби чыгыш өлкөлөрүнөн изилдөөчүлөр бул эмгектерди же маалыматтарды батыштык өлкөлөргө барган сайын жеке өздөрүнө сунуштоону каалап жатышат.

20 жылдык кайгылуу окуялар

Батыш цвилизациясынын алдында жетеринче жетиштүү болбогон Түркия жана Япония сыяктуу өлкөлөр 200 жылга жакын убакыттан бери батышка изилдөөчү, адис, студент, илимпоз, кызматкерлерди жиберүүдө. Бүгүн да Африкадан, Балкандардан, Жакынкы Чыгыштан, Ыракы Чыгыштан, Латын Америкадан көптөгөн өлкө Кытай жана Индия сыяктуу өлкөлөр ушуга окшогон методду колдонушууда. Бул өлкөлөрдө бир гана университеттердин эмес, дээрлик бардык министрликтерден жана коомдук мекемелерден, билим берүү, маалымат, маданият тармактарынан  кызматкерлер батыш өлкөлөрүнө жиберилүүдө. Батыштын тажрыйбасын ал жердеги билим жана технологияны, методду ордунда көрүшсүн, керектүү болгондорду өз өлкөлөрүнө алып келүү үчүн бул өлкөлөр аз булактары менен көптөгөн мажбур түрдөгү керектөөлөрүнөн баш тартып, оор чыгым төлөп бул эмгектерин улантышууда. Андай болсо максаттарына жетишүүдөбү? 200 жылдан бери батышка билим алуу үчүн киши жиберүү улантылып жаткандыгына караганда андай деле көрүнбөйт. Университетте окуп жүргөн кезде : «Япондор батыштын билим жана технологиясын алып өлкөлөрүнө кайтышты, биздикилер болсо акын болуп кайтышты»,- дечү бир мугалимибиз. Батышка баруунун батышта жок болуунун 200 жылдык кайгылуу баянын Сезаи Каракоч жети балалуу бир ата аркылуу  «Жомок» аттуу ырында түшүндүрөт.

Батышка барып өлкөсү тууралуу эмгектенүү

«Жиберилген өлкөдөгү маалыматтарды, иш аткаруу методун алып өлкөсүнө кайтсын, өлкөсүнүн өнүгүшүнө салым кошсун» деген күтүү менен көптөгөн өлкөдөн батышка жиберилген студенттердин, илимпоздордун, коомдук кызматкерлердин көпчүлүгүнүн өлкөлөрүнө кайтпагандыгы аянычтуу абал. Жиберген өлкөлөрдүн университеттери, коомдук мекемелери жиберген кишилер эмгектенген темаларга байланыштуу кыска иликтөө жүргүзө турган болсо бул абал ортого чыгат. Көптөгөн өлкөдөн батыштык өлкөлөргө барган иликтөөчүлөр, коомдук кызматкерлер, окуучулар өзгөчө социалдык илимдерде, барган өлкөлөргө байланыштуу темаларды эмес, көпчүлүк учурда өз өлкөлөрүнө байланыштуу темалар тууралуу иштеп жатышат. Качан бир батыш өлкөсүнө барып илимий максатта ал жерге баргандар менен же өлкө тышынан Түркияга кайткандар менен жолугушсам бул аянычтуу абалды көрүп капаланам.

Өлкөсү үчүн батыш эмес, батыш үчүн Түркия адиси болуу

Батыш тышкы коомдордон билим алуу максатында батышка баргандар, түрдүү себептер менен көпчүлүк учурда өз өлкөлөрүнө байланыштуу темалар тууралуу эмгектенүү максатынан башка, кээде тескери жыйынтыктарды жаратууда. Мындай абалда бул өлкөлөр өз фонддору менен өз тажрыйбаларын батышка өткөргөн болушууда. Кеткендер батыш тууралуу бир тема боюнча иштөө менен эмес, өлкөлөрүнө байланыштуу темада иштеп кайтышканда өлкөлөрүндөгү муктаждыкты, кемчиликти жапкан болушпайт. Өлкөлөрүнө байланыштуу иштегендиктен батыштын өлкөлөрүнө байланыштуу керектүү темаларда адис болгон болушат. Түркиядан мисал келтире турган болсок 200 жылдан бери киши жебергендигибизге карабастан Түркияда АКШ, Германия, Франция сыяктуу эң көп киши жиберген өлкөлөргө байланыштуу адис саны абдан аз. Ушуга карабастан Түркиянын фонддору менен батыш өлкөлөрүндө окуп Түркия адиси болгон киши саны абдан көп. Батыштык өлкөлөргө байланыштуу бир темада адис болуу абдан кыйын, Түркияны кызыктырган темаларда бул адистердин батыштын радио, телекөрсөтүү жана гезиттеринде, интернет сайттарында бат  - бат чыгып жаткандыгына күбө болосуз.

Батыш тышындагы коомдордон батыштык өлкөлөргө баргандардын өлкөлөрүндөгү адам укуктарын бузуу, этникалык маселелер, азчылык маселелери, стратегиялык темалар, диний кыймылдар сыяктуу темалар тууралуу эмгектер аткарылганда батыштыктар тарабынан жасалган жаңы ориенталист эмгектерге да муктаждык жок болууда. Себеби батыштык изилдөөчүнүн тил үйрөнүү менен коомдор арасындагы айырмачылыктарды билип туруп батыш тышында коомдогу бир теманы анализдөө үчүн дагы көп убакытты алат жана дагы көп чыгымы болот. Бирок батыштык бир көз карашка ээ болгон, өлкөсүнүн фонддору менен батышка барган жана батыштык теория менен методдор аркылуу өлкөсүнө караган бир иликтөөчү аркылуу ушуга окшогон темалар тууралуу иштөө, убакыт жана чыгымы жактан дагы оңой. Өлкөсү муктаж болгон тармактарда батыш үчүн бир адиске айландыруу акылдуулук болот.

Маселе бир гана барылган өлкөдөн чыгып жатабы? Батыш үчүн жасалган эмгектер менен өз өлкөсүндө келечек издөөнүн, өзүнөн өзү ориенталистке айландыруу жол ачкан жыйынтыктарга келерки жумада токтолобуз. Бирок маселенин бир гана барылган өлкөлөрдөн чыкпагандыгын ал түгүл маселенин дагы аз бир бөлүгүнүн батыштык өлкөлөрдөн чыккандыгын азыртадан белгилей кетели.

Анкара шаарындагы Йылдырым Бейазыт университетинин саясий илимдер факультетинин деканы профессор – доктор Кудрет Бүлбүлдүн бул тууралуу баа берүүсү.

 

 



Тектеш кабарлар