Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-21

Гагауз адабиятынан Тодур Занеттин “Күнүмдүк ыйык наныбыз” аттуу драмасы.

Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-21

Урматтуу китеп күйөрмандары, биздин бүгүнкү уктуруубузду гагауз адабияты менен улантабыз. Программада гагуз адабиятынын учурдагы белгилүү жазуучусу Тодур Занет жөнүндө жана анын “Күнүмдүк ыйык наныбыз” аттуу драмасынан баяндап беребиз.

               Кадырлуу окурмандар, гагауз элинин улуттук гимнинин автору, акын-жазуучу, драматург, режиссёр, фольклорчу жана котормочу Тодур Занет гагауз адабиятынын кадырлуу жазуучуларынын бири. Ал 1958-жылы Молдова Республикасындагы Гагаузиянын Комрат районунун Конгаз айылында туулган. Анын ондон ашуун поэзия, проза китептери жарык көргөн. Чыгармачылык жолу 19 жашында жазган алгачкы пъесасы менен башталат. Учурда 1999-жылдан баштап “Ана сөзү” гезитинин уюштуруучусу жана анын башкы редакторлук кызматын аркалап келет. Мындан сырткары “Кырлангыч” аттуу журналды да чыгарат. “Ана сөзү” гагауздардын өз эне тилинде жарыяланган алгачкы  гезит болуп эсептелет. Журналисттик кесиби менен бирге гагауз элинин алдыңкы акын-жазуучуларынын катарында болуп, 1986-жылдан баштап чет элде жазуучулар союзунун мүчөлөрүнө кабыл алынган. Түрк дүйнөсүнүн иш-чараларына активдүү катышып 1992-жылдан бери “Түрк дүйнөсүнүн жазуучулар бирдигинин” эң алдыңкы мүчөлөрүнөн. Анын бир топ чыгармалары башка тилдерге которулуп, пъесалары чет элдик театрларда коюлуп келет. Түрк дүйнөсү үчүн эмгеги сиңип ал, 2015-жылдагы түрк дүйнөсүнүн “Адабият адамы” деп жарыяланган. Ошол эле 2015-жылы Тодур Занет түрк элдери арасында өткөн пъесалар конкурсунда жеңүүчү болуп, Туркиянын Анкара шаарында медаль менен сыйланган. Ал котормочулук жаатында да көп эмгек кылган жана кыргыз адабиятынан Мар Байжиев, Омор Султанов жана Айдарбек Сармамбетовдун чыгармаларын өз тилине которгон. Учурда эки кызды тарбиялаган бактылуу ата. Өз элинин татаал тарыхын, каада-салтын терең иликтеп, нечен томдук китептерди жазып, поезия, проза, драматургия жанрларында да байсалдуу иштеп келет. Өз мекенинде коомдук иштерге да активдүү катышып, айылындагы лицейге ысымы коюлганы анын мекендештери арасындагы зор кадырын айгинелеп турат. Тодур Занет кыргыз элине да таанылып, үстүбүздөгү жылы Айдарбек Сармамбетовдун котормосу менен “Күнүмдүк ыйык наныбыз” аттуу китеби Кыргызстандан басылып чыкты. Анда эмесе ушул “Күнүмдүк ыйык наныбыз” аттуу драмасы менен программабызды уланталы.

SİNYAL“Күнүмдүк ыйык наныбыз” аттуу бул чыгарма, совет бийлигинин 1946-1947-жылдары гагауз элине каршы уюштурган геноциди тууралуу жазылган. Ошол геноцидден улам ачкачылыктын кесепетинен гагауз элинин дээрлик жарымы өлүмгө учураган. Мындай тозоктон аман калгандардын көбү 1949-жылы товардык вагондорго жүктөлүп, Сибирге, Казакстанга, Алтайга айдалган. Алардын бир бөлүгү жолдо өлүп, калгандары сууктун жана ачкачылыктын курмандары болушкан. Пъесада чыныгы болуп өткөн мына ошол учурдагы гагауз элинин тагдыры сүрөттөлөт. Чыгармада Мити аттуу кишинин үй-бүлөсү менен элдин башына келген азапты баяндайт. Москвадан келген буйрук менен буйрук астында иштегендер кыштын кыраан чилдесинде элди ачка калтырып, терип-тепчиген үрөөндөрүн тартып алат. Согуш жылдарынан да бетер болгон ошол учурда эл ачкачылыктан тапканын жегени баяндалат. Эң коркунучтуусу да адам этин жегендер да чыккан экен. Мына ошондой күндөрдүн биринде Митинин үйүнө да кол салышып, үрөөнүн койбой жүктөп кетишет. Бул ишти болгондо да Митинин жакын досу Ради кылууга мажбур болот. Буга жини келген Мити мылтыгын такайт. Ошондо Ради кайгыруу менен бул бийлик бир мылтык менен токтото албастыгын айтып берет. Ач калган неберелерин ойлогон чоң эне ошол жерден кайгысынан бул дүйнө менен коштошот. Пъесанын кийинки көшөгөсүндө чоң эненин кыркылыгын өткөрүп аткан учуру болот. Кыркылыкка келгендердин арасында үрөөнүн талагандардан бирөө келип бир мүшөк буудайды ортого коёт. Карап калган үй-бүлөгө ал буудайга мылтыкка алмашарын айтат. Ошондо өздөрүнөн чогулткан үрөөндү кайра өздөрүнө бир сындырым нан үчүн саткан учур эле.  Буга абдан ачуусу келген Мити мылтыгын кезеп кууп чыгат. Анын жогорудагыларга жеткирээринен шек санап кайгырган жубайын кудайга сыйынууга чакырат. Жалгыз үмүттөрү кудайдан келээрин күтүшөт. Драма ушуну менен аяктайт. Бирок бул чыгарма чын жашоодон алынып ошол азаптуу күндөрдү баштарынан өткөргөн чыгармадагы каармандарынын кээ бирөө азыр жашоосун улантып келишкенин автор чыгарманын аягында окурмандарына баяндайт.

             Бул кылмышты жасагандардын урпактары бүгүн да бул улуу, намыстуу, бирок аз сандагы түрк элдеринин башына келген трагедиянын себептерин жашырууга аракет кылып келишет. Алар геноцидди эч ким билбей калышын каалашат. Бирок көрүстөндө жаткан ачкачылыктын курмандаркыктарынын үнү муну эч качан унуттурбайт.

                 Урматтуу окурмандар, бүгүнкү чыгарылышыбызда гагауз адабиятынан кабардар болдуңуздар. Пъеса жөнүндө кеңири окугуңуздар келсе, орусча, түркчө жана кыргызча котормолорун сунуштайбыз.

Программаны даярдаган Назгүл Кадырова.  



Тектеш кабарлар