Күн тартибине сереп салуу - 45

Иранга карата санкциялар жана ыктымалдуу жыйынтыктар.

Күн тартибине сереп салуу  - 45

АКШнын президенти Дональд Трамптын Обама мезгилинде 5 + 1  форматында өткөрүлгөн жолугушуулардын натыйжасында кол коюлган атомдук келишимден бир тараптуу чыгышынан кийин  АКШнын казына министрлиги Иранга каршы салына турган санкциялардын биринчи баскычын 7 -  август күнү ишке киргизди. Иранга карата санкциялардын экинчи баскычы болсо АКШнын казына министрлиги жарыялаган 180 күндүк мөөнөттүн толушу менен 5 -  ноябрь күнү башталды. АКШ тарабынан жарыяланган санкциялар өзгөчө Ирандын энергетика, банктык сектор, логистика, камсыздоо фирмалары сыяктуу тармактарды бутага алууда.

Саясат, экономика жана коомдук иликтөөлөр фондунун изилдөөчү – жазуучусу Жан Ажундун  пикирин угуңуздар.

АКШ биринчи баскычта жарыяланган санкциялар менен Ирандын АКШ долларына жетишүүсүн, мамлекеттик облигация сатуусун, алтын жана башка баалуу таштар менен болот, алюминий,  көмүр жана башка металдар менен соода кылышын, жүргүнчү учагы же бөлүкчөлөрүн импорттоосуна тоскоол болгон. Санкциялардын экинчи баскычында болсо Иран улуттук нефть фирмасы, Иран нефть соода фирмасы жана Улуттук танкер фирмасына эл аралык чектөөлөр алып келинип, экономикасы чоң өлчөмдө нефтиге таянган Ирандан нефть жана продукцияларынын сатылышына санкция салынат.

Американын президенти Дональд Трамптын атомдук келишимден бир тараптуу чыгышы менен Иранга карата санкциялардын арасында маанилүү темалардын бирөөсү да дүйнөлүк масштабдагы банктардын арасында электрондук фонд трансфер мүмкүнчүлүгүн берген SWİFT системасы. АКШнын санкцияларынын негизинде SWİFT борборунан берилген маалыматта : «SWİFT кээ бир Иран банктарынын системага жетишине тоскоол болду» ,- деп билдирилди. Иранга каршы салынган санкциялардын башка бир максаты болсо финансы мекемелери болду. Чет элдик финансы мекемелеринин Иран борбордук банкы жана белгилүү ирандык финансы мекемелери менен аткаргандарына чектөө киргизилди. Өзгөчө санкциялардын негизинде 700дөн ашуун ирандык киши жана мекеменин кара тизмеге кошулгандыгы АКШнын казына министри тарабынан жарыяланды.

Иранга каршы ишке ашырылган бардык санкцияларга карабастан Ак үй улуттук коопсуздук кеңешичиси Жон Болтон : «Иранга карата азыркы учурда ишке ашырылган санкциялардан дагы көбүн салабыз. Мурунку президент Барак Обама мезгилинде алып келинген санкция деңгээли менен чектүү калбайбыз»,- дегендиги абдан маанилүү.

АКШ тарабынан билдирилген санкциялардан убактылуу сегиз өлкөнүн бошотулгандыгы жарыяланды. Кытай, Индия, Италия, Греция, Түркия, Түштүк Корея, Япония, Тайвань убактылуу түрдө санкциядан бошотулган. Ушунун негизинде президент Р. Т. Эрдоганга берилген суроого президент : «Бул санкциялар тууралуу бардык нерсе Адан Зге чейин так эмес бирок биз бул санкциялардын туура эмес экендигин айтып жатабыз. Себеби бул санкциялар дүйнөнүн тең салмактуулугун бузууга карата кадамдар. Булар эл аралык укукка да дипломатияга да тескери. Дүйнө тынчтыкка таянган процессти жашоону каалап жатат. Тактап айтканда империалист  бир дүйнөдө, империалист кысымдар менен жашоону каалабайбыз. Бул жерде адамдар тынчтык, бейкуттук жана коопсуздук ичинде жашаган дүйнө каалайбыз. Менин мүмкүнчүлүгүм жана  күчүм бар. Ошондуктан мен баарын аткарамын дегендей болушу керек. Азыркы учурда ташталган кадамдарда Европа Биримдиги жана Европа Биримдиги өлкөлөрүнүн баарына жакыны бул ишке оң карабай жатат. Баары бул тууралуу башка бир жерде»,- деди. Өзгөчө Түркиянын Ирандан энергетика импортуна да көңүлдөрдү бурган президент Р. Т. Эрдоган : «Санкциялар тууралуу биздин мамилебиз так. Нефти тууралуу темаларда биз муну айттык : булар альтернативсиз нерсе. Ошондуктан биз санкцияга эч качан баш ийбейбиз. Биз бул жерде азыркы учурда 10 миллиард метр куб жаратылыш газ алып жатабыз. Биз бул жаратылыш газды албаган учурда мен жарандарымы кыштын суугунда тоңдурмак белем? Биз мындай нерсеге баш ийбейбиз, кабыл албайбыз»,- деп билдирген.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров да АКШнын Иранга карата санкцияларынын мыйзамсыз жана БУУнун Коопсуздук Кеңешинин чечимдеринин ачык түрдө бузулгандыгын айтты. Франция, Кытай менен Германиянын да Иранга каршы санкцияларга карата нааразычылыктарын билдирген өлкөлөрдүн арасында орун алууда. Бирок АКШнын дүйнөлүк масштабдагы күчү, гегомониясы жана таасири менен нааразычылык билдирген өлкөлөрдүн негизги фирмалары санкцияларга баш ийишерин белгилеген.



Тектеш кабарлар