Кыйрап жок болуу же болбосо глобалдык адилеттүүлүк

Глобалдык перспектива - 44

Кыйрап жок болуу же болбосо глобалдык адилеттүүлүк

Глобалдык перспектива-44

Кыйрап жок болуу же болбосо глобалдык адилеттүүлүк

20-кылым адам баласынын эң көп мыкаачылыкка туш болгон кылымы болду. Анын ичинде тарыхынын эң кандуу эки согушун; бир гана адамдарды эмес, ташталган жерлердеги бардык жандууларды жок кылган атом бомбаларын камтыйт.

2-Дүйнөлүк согуштан кийин түзүлгөн тартип, болгондордон сабак алып согуштарды керексиз кыла турган тынчтык тартиби эмес. Ээ болгон позицияларды коргош үчүн жеңгендердин тартиби болуп саналат. Эл аралык акча системасынын баяндоосу болгон жана Америка долларын дүйнө жүзүнүн негизги акчасы абалына айланткан Бреттон Вудс системасы, БУУнун тартиби жеңгендер курган тартипти дайыма туруктуу кыла турган жөнгө салуулар болуп эсептелет.

Анкарадагы Йылдырым Беязыт университетинин саясий илимдер факультетинин деканы, проф. др. Кудрет Бүлбүлдүн темага байланыштуу баамдоосун окуп жатасыздар.

Суук согуш мезгилинде салыштырмалуу түрдө жакшы иштеген Бреттон Вудс системасы дагы БУУнун тартиби дагы бүгүн чытырай баштады.

Негизинен өзү да бир коалиция болгон БУУнун Коопсуздук кеңешинин беш туруктуу мүчөсү болгон АКШ, Орусия, Англия, Франция жана Кытайдын ортосундагы глобалдык күч бөлүшүүсү алмашууда.

Эки уюлдуу тартиптин соңуна чыгышы менен глобалдык актерлор, ар башка глобалдык комбинациялар менен же коалициялар менен учурдагы тартипти улантууга аракет кылууда. Адилеттүүлүккө таянбаган глобалдык коалициялардын Иракта, Ооганстанда, Боснияда, Крымда, Сирияда, Араканда кандай түзүлгөнүн, кандай түзүлө албаганын же кеч түзүлгөнүн бардыгыбыз бирге көрдүк.

Суук согуш мезгилинин уландысы болгон глобалдык тартипке, глобалдашуу процесстери менен бардык нерсе дагы көрүнгөн жана билинген абалга келгени үчүн күн өткөн сайын сындоо деңгээли артууда. Бул жагынан алганда Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган, ар бир мүмкүнчүлүктө дүйнөнүн бештен чоң экенине басым жасап жатат. Глобалдык байланыш жана информатика, жабык коомчулуктарды жана ар түрдүү адилетисиздиктерди уланта алуунун чыгымын күн өткөн сайын арттырууда. Ар түрдүү маалыматка оңой эле жетип алганы сыяктуу жана адилетсиздиктер ачык байкалган глобалдык абалда, суук согуш тартиби улантыла албайт.

Бүгүнкү күндө «мурдагы абалдын» белгисиз болгон мезгилди жашап жатабыз. Келип жеткен жерде түркчө айтканда «eski hal muhal, ya yeni hal ya da izmihlal» мындайча айтканда «мурдагынын тоскоолдугу, же жаңы абалга же кыйроого алып барат» абалына туш келдик. Ооба, мурдагы абалды улантуунун чыгымы барган сайын артууда. Ал эми глобалдык актерлор тарыхында болуп көрбөгөндөй бир гана адам тукумун эмес, бүтүндөй жандуу түрлөрүн жок кыла тургандай химиялык куралдарга, суутек бомбаларына ээ болушту. Учурда белгилери байкалганы сыяктуу тең салмаксы саясий лидерлик сөз болгондо бүткүл дүйнөнүн келечеги коркунучта дегенди берет. Суук согуш тартиби сынга алынган бирок жаңы абал түзүлө элек чөйрөдө жаңы жок болуу коркунучуна туш болбоо үчүн бүтүндөй адамзатты коркунучка сала турган бул куралдардан кутулуу жана суук согуштан кийин тартиптин тынчтык жана ынтымак алып келиши максаты менен бардык тармакта глобалдык адилеттүүлүк коалицияларын курушубуз керек. Анткени адилеттүүлүк дагы, адилетсиздик дагы жугуштуу болуп саналат.

Глобалдык адилеттүүлүк үчүн коалиция изденүүсүн бир гана мамлекеттер деңгээлинде ойлобощ керек. Дүйнө жүзүн келечегин издеген ушул мезгилде турмуштун бардык тармактарында бардык деңгээлде глобалдык адилеттүүлүк коалициялары үчүн аракет жумшоодо. Академиктер, иш дүйнөсү, кесиптик уюмдар, профсоюздар, адвокаттар биримдиги, ой-пикир мекемелери, жарандык коомдук уюмдар, спорт, искусство, адабият чөйрөлөрү, интеллектуалдар, студенттик топтор өз араларында глобалдык адилеттүүлүк коалицияларынын колдоочусу боло алышат. Ушул багытта эң оболу бири-бирилерин жакшы таануу жана кызматташууга карай иш-чараларды арттырып андан соң үндөрүн чогуу бийиктете алышат. Мурда суук согуш мезгилинде плюрализм болбогон суук согуш медиасынын алдында башкача изденүүлөр мүмкүн эмес эле. Эми өнүккөн байланыш жана информатика технологиялары, арткан адам жөндөмдүүлүгү бардык тармакта ар башка өлкөлөрдөн адамдардын ортосунда кызматташтыкты мүмкүн кылууда. Студент болсок учурда бардык жерде эл аралык студенттер бар. Ишкер болсок ансыз деле дүйнөлүк деңгээлде карым-катнаштарды куруудабыз дегенди берет. Бардык тармакта ушундай изденүүдө болушубуз керек. Коркунуч болушунча жакын, кыйратуучу жана глобалдык болуп турганда, жергиликтүү бойдон калуу менен  глобалдык натыйжаларды ала албайбыз. Мусулман, христиан, жөөт, атеист, будист...кайсы ишенич, идеология, дүйнөлүк көз караштан болсок дагы бет келген коркунучтун деңгээлин ойлоп, глобалдык адилеттүүлүк коалицияларынын ичинде бардыгыбыз биргелеше келечегибизди коргоп, адамдык абийирибизди алдыга чыгарышыбыз керек.

Мезгил-мезгили менен бул абалда ийгиликке жетишилүүдө. АКШнын бир беткей түрдө Кудс чечимин чыгарганына каршы БУУнун Башкы ассамблеясында чагылышуусун тапканындай бардык өлкөлөр тарабынан көрсөтүлгөн орток мамиле, мыкаачылык менен өлтүрүлгөн саудиялык журналист Кашыкчы кылмышына каршы дүйнөлүк деңгээлдеги каршы чыгуу, адамзаттын биргелешкен позициясынын мүмкүн экенин көрсөтүп, бизге үмүт берет.

Ошондой эле түрдө темага багытталган глобалдык адилеттүүлүк коалициялары түзүлө алат. Кудс, Аракан, Сирия, адам укуктары, исламофобия, бөлүүчүлүккө каршы кызматташтык, нео-нацизмге, фашизмге, химиялык куралдарга, глобалдык монополияга каршы биргелешкен мамиле бул темалардан бир канчасы боло алат.

Бардык деңгээлде глобалдык адилетсиздиктерди чечмелеп, буга каршы глобалдык адилеттүүлүктү талап кылып жана мажбурлашыбыз керек. Кайсы динден, тилден, уруудан, ишеничтен, идеологиядан болсок бололу, кимден келсе келсин зулумдукту тизгиндеген глобалдык деңгээлде үн каткан үстөмдүктү кура албасак, кыйрап калуудан кутула албайбыз. Анткени жалгыз бир мамлекеттин, катмардын, коомчулуктун өзү жалгыз глобалдык кол салууларды токтото алуусу мүмкүн эмес.

Дагы адилеттүү дүйнөлүк тартип үчүн мүмкүнчүлүгүбүз бар. Адилеттүүлүк жолунда таштала турган бардык жолдорду басып өтүш үчүн бардык адамзат катары эң жогорку аракетти жумшообуз зарыл. Андай болбосо эртеңки күнү адилеттүүлүккө таянбаган жаңы дүйнөлүк тартип, мурдагысы сыяктуу жаңылыш түзүлгөн учурунда, же болбосо глобалдык актерлордон бирөө, адамзатты жок кыла турган бомбаларды атып кыяматты мажбурласа, абдан кеч болуп калат. 

Анкарадагы Йылдырым Беязыт университетинин саясий илимдер факультетинин деканы проф. др. Кудрет Бүлбүлдүн темага байланыштуу баамдоосун окудуңуздар.



Тектеш кабарлар