Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-20

Гагауз адабиятынан Дионис Танас уулунун “Узун кербен” аттуу романы.

Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-20

  Урматтуу радио китеп күйөрмандары, биздин бүгүнкү уктуруубузду гагауз адабияты менен улантабыз. Программада гагуз адабиятынын баштоочусу жазуучу жана окумуштуу профессор, доктор Дионис Танас уулунун “Узун кербен” аттуу романын баяндап беребиз.

                  Кадырлуу окурмандар, гагауз тили огуз түрктөрүнө окшошуп, түрк тилдеринин системасында огуз группасына кошулат. Гагауз эли азыркы тапта Молдованы байырлаган түрк элдеринин бири. Учурдагы адабияты башка түрк элдерине салыштырмалуу өтө жаш десек болот. Анткени 1957-жылды өзүлөрүнүн адабиятынын түптөлүшү деп кабыл алышат. Мына ушул адабияттарынын түптөлүшүнө чоң салымын кошкон жазуучу, акын, журналист, педагог, тарыхчы жана гагуз адабиятынын баштоочуларынын бири Дионис Танас уулу алдыңкы катарда. Ал Молдовада Кирийет айылында 1922-жылы төрөлгөн. Дионис бала кезинен эле адабиятка жакын болуп орус элинин улуу акын-жазуучуларынын чыгармаларын өз тилине которуп келген. Анын ырлары кеңири таралып орусча, азербайжанча, татарса, түркмөнчө жана түркчө которулган. Танас уулу окумуштуу катары да таанылып тарых жана фольклор жаатында чоң эмгектерди аткарган. Гагауз тилинде алгачкы роман болгон “Узун кербен” тарыхый романы да анын сыймыгы деп айтсак жаңылышпайбыз. Ата-бабаларынын басып өткөн жолун элине жана окурмандарына роман түрүндө жазып жеткирген. Мына ушундай ийгиликтерди жараткан жазуучу радио-телевидение жаатында да эмгектенген. Ошондой эле ал ыр дүйнөсүндө да таанылган обончу жана мыкты кеман черткен музыкант. Айтор, эрге жетимиш өнөр аздык кылат дегендей, Танас уулу да ар кыл жаатта чыгарма жараткан чыгармачыл инсан. Булар менен бирге эле мектеп окуу куралдарын даярдоодо дагы чоң салымын кошкон. Элдик инсан катары таанылган жазуучунун, адабият жаатында негизги чыгармалары ыр болуп эсептелип ар түркүн темада бир топ ыр жараткан. Ал эми белгилүү романына келсек, гагауз тилинде жазылган азырынча алгачкы жана жалгыз роман статусуна ээ.

                  Анда эмесе мындан аркы сөздү ушул “Узун кербен” аттуу роман менен уланталы.

SİNYAL“Узун кербен” аттуу бул романга тарыхый роман деп да атасак болот. Роман - гагауз элинин басып өткөн жолун, тарыхын келечек муунга жеткирүү максатында жазылгандай. Анда огуз элинин Орто Азиядан көчүп чыгып азыркы мекени Бужакка келгенге чейинки башынан өткөргөн кыйынчылык күндөрү жана ийгиликтүү окуялары менен курчалган. Жазуучу, башкы каарман катары бир аксакалдын оозунан бул окуяларды баяндап берет. Окурмандарына жеткиликтүү болуш үчүн суроо-жооп катары романын тизмектеп жүрүп отурат. Роман “Ата-бабалар”, “Балканга көч” жана “Бужак жери” деген үч бөлүмдөн турат. Алгачкы бөлүмдө ата-бабаларынын Алтайдан көчүп чыкканы баяндалат. Алтайдан чыгып Орто Азияда, Арал көлүндө, Днепр, Волга жана Туна дарыяларынын жээктерине миңдеген жыл бою байырлаганы тууралы айтылат. Китептин экинчи бөлүмүндө огуз элининин ичинен чыгып Балканларга жол тартканы баяндалат. Ал жерде мамлекет түзүп байыр алышат. Тарыхый чындыгы болгон бул романды жазуучу өзүнүн изилдөө тажрыйбасынан кеңири колдонгону белгилүү. Тарыхый хронология менен бирге чыгармада кызыктуу уламыш, жомок, макал-лакап, аңгеме жана ырлар менен камтылганын көрүүгө болот. Ушундай элдин тарыхына, руханий көрөңгөгө бай чыгармада гагауз деген сөздүн этимологиясын да маалымдай өтөт. Чыгарманын үчүнчү бөлүмүндө гагауз элинин Туна дарыясын өтүп, Бужак аттуу жерге жетип жайгашканы тууралуу баянда йт. Роман 1906-жылдын аяк чендеринде гагауз элинин саясий кысымга кабылып, кыйын кезеңге туш болгону менен аяктайт.

               Романдын атынан эле маалым болгондой жазуучу гагуз элинин кылымдар бою басып өткөн жолун узун кербенге салыштырат.

               “Эй кербен! Узун кербен куралган,

               Улай берет узун жолун турбастан.

               Ушул кербен көп жол басты карытып

               Качан келдин, кайдан келдин

               Көп кылымды арытып”

               деген жазуучу романында элдик баатырлардын эрдигин да баяндай өтөт. Куру Огуз, Олдан Баатыр, Сунбайлар, Кырчу Йунак, Ганди Хайдук, Тудорки, Оглан, Лунка, Дилбер, Тудор, Зана сыяктуу  баатырлардын кылымдар бою эли-жери үчүн күчүн аябай коргоп келгенин мисал кылат. Ушундай узун жолдун аягы 1906-жылы башка түрк элдериндей эле орус менен беттешип кыйын доорго туш келет.

               Роман жарыяланган соң абдан чоң кызыгуу туудурат. Анткени жазуучу гагауз элине эбегейсиз чоң белек тартуулаган эле. Алар ата-тегин, баскан жолун, тарыхын мына ушул роман аркылуу окуп билишет. Ушул себептен бул романдын руханий баасы өтө жогору деп айта алабыз.

                    Урматтуу окурмандар, бүгүнкү чыгарылышыбызда гагауз адабиятынан кабардар болдуңуздар. Эгерде Дионис Танас уулунун ийгилик жараткан “Узун кербен” аттуу ушул романына кызыгуу жаралган болсо анда, романдын орус жана түрк тилине которулган котормосунан таап окусаңыздар болот.

Программаны даярдаган Назгүл Кадырова.  



Тектеш кабарлар