Кандай билим берүү стратегиясы керек?

Глобалдык перспектива - 42

Кандай билим берүү стратегиясы керек?

Кандай билим берүү стратегиясы керек?

Улуттук билим берүү министри Зеки Селчуктун кызматын баштап жатканда жаңы билим берүү стратегиясынын керектүүлүгү жана кыска мөөнөттө даярдала турганы жөнүндөгү жарыясы, көп сандаган адамда толкундануу жаратты. Академия, бюрократия жана саясат тууралуу маселелерибиздин бир бөлүгүнүн стратегиянын кемчилигинен келип чыкканы белгилүү. Ушул себептен мамлекет же жеке менчик мекемелерде ишти эң оболу стратегия издөө менен баштоо абдан туура башталгыч болот. Жакынкы убакта басымдуу түрдө техникалык муктаждыктарга, шашылыш маселелер менен алектенген улуттук билим берүүбүздүн жаңы стратегияга муктаж болгону белгилүү эле. Бир тараптан маселелерибиздин маанилүү бир бөлүмү жаңылыш стратегиядан келип чыгууда. Билим берүү тууралуу стратегия издөө абдан орундуу болушу менен бирге ортого салына турган стратегиянын 200 жылдан бери ортого салынган жаңылыш же  кем стратегиядан бири болбошу үчүн бардыгыбыздын салым кошуубуз абзел.

Анкарадагы Йылдырым Беязыт университетинин саясий илимдер факультетинин деканы, проф. др. Кудрет Бүлбүлдүн темага байланыштуу баамдоосун окуп жатасыздар.

  1. Кандай адам профилин жетилтүүнү максаттаганын билген стратегия; Билим берүү стратегиясы, эң оболу адамыбызды жана улутубузду дагы жакшы келечекке алып барышы үчүн кандай адам профилине ээ болушубуз керектигине жооп бериши керек. Бүгүнкү күндө муктаж болгон адам көрүнүшү улуттук жана руханий баалуулуктар менен жабдылган, дүйнөлүк баалуулуктарга ээ болгон, плюралист, жетик адам көрүнүшү болуп эсептелет.
  2. Негизги принциптерге ээ болгон стратегия; Адам профилинен кийин, билим берүү стратегиясынын бул профиль үчүн белгилүү философияны же негизги принциптерди ортого салышы күтүлөт. ( «Билим берүүнүн дүйнөлүк принциптери» болсо, жети берене түрүндө тизмеленет. Адилеттик аң-сезимин жараткан билим берүү. Адамды жакшы ойлоого жетелеген билим берүү. Жалпы ахлак эрежелерине ээ болгон жеке адамдарды жетилткен билим берүү. Эки күнү бирдей болбогон/иштөөгө багыттаган билим берүү. Ар кимге бирдей эмес, адамдардын потенциалына жараша түрлөндүрүлгөн билим берүү. Турмуш менен эриш аркак билим берүү. Жаттоочу эмес, ойлонгон, териштерген, ойлоп тапкан билим берүү).
  3. Муктаждык анализи жана шайкештик жабдуусу; Адам профили жана негизги карым-катнаштардан кийин бүгүнкү күндүн шарттарына ылайыктуу муктаждык анализи жасалышы керек. Муктаждык анализи жеке менчик сектор, өлкөдөгү ар башка мекемелер, жарандык коомдор, академия менен бирге Түркиянын, аймагыбыздын жана дүйнөнүн келечеги ойлонуп даярдалышы керек. Даярдалган муктаждык анализине жараша билим берүү процессинде берилиши керек болгон тармактар жана өзгөчөлүктөр белгилениши керек. Түркиянын эмгектенүү көп болгон өлкө экени, ортодогу жумушчуга абдан көп муктаждык бар экени, ушул себептен кесиптик лицейлердин иликтенишинин зарылдыгы, бүтүндөй системанын муктаждыкка жараша кайрадан жаңыланышынын зарылдыгы эмитеден айтылса болот. Муктаждык анализи бир гана жолу болбошу керек, тынымсыз жаңыланышы керек, турмуштун талаптарына жараша тынымсыз жаңыланып турушу зарыл.
  4. Аткарган эмес, координациялаган, текшерген жана багыттаган мамлекет; Көздөлгөн адам профили, принциптер жана жабдуулар белгиленгенден кийин эң маанилүү нерсе билим берүүнүн толугу менен мамлекет тарабынан ишке ашырыла турганыбы же мамлекет багыт берген, текшерген, координациялаган ролду милдеттениши керекпи? Бүгүнкү күндө дүйнөдө адамдар балдарынын келечектери тууралуу дагы көп сөз ээси болууну каалап жатат. Суук согуш мезгилиндеги мамлекеттин, атуулдун тандоолорун жана муктаждыктарын ойлобостон, толугу менен өзү белгилеген билим берүү программасын коомчулукка сунуштаган мезгилдер эми артта калды. Үй-бүлөлөр балдарынын өз диндерине, маданияттарына дагы көп берилген билим алууларынын изденүүсүндө. Ааламдашуу процесстери менен базар муктаж болгон сапаттуу адам профили дагы эми суук согуш мезгилинин бир өңчөй билим берүү системасынын камсыздала алышынан абдан узакта. Билим берүү системасы үй-бүлөлөрдүн дагы плюралисттик тандоолоруна жана ошондой эле базар издеген ар башка муктаждыктарга төп келген сапатта болушу керек. Ошондуктан билим берүү стратегиясын даярдоо ошол эле убакта эркиндик, адам укуктары, базардын муктаждыктары маселеси болуп саналат. Дагы ачык айтыш керек болсо билим берүү системалары, үй-бүлөлөрдүн мусулманча, христианча, иудаистче, же дагы секулярдык же дагы либералдык, социалисттик, консервативисттик же дагы башкача билим берүү талаптарына жооп бере алышы керек. Ошол эле учурда атаандаштык дагы күчөгөн глобалдык чөйрөдө, талаптары тез-тез алмашкан базардын муктаждыктарына кайдыгер калбоо керек. Бир гана мамлекет тарабынан бериле турган билим берүүнүн үй-бүлөлөрдүн ар башка тандоолоруна жана базардын тез-тез алмашкан муктаждыктарына жооп бере алышы мүмкүн эмес. Ушул себептен билим берүү стратегиябыз, мамлекет аткарган эмес,  координациялаган, текшерген жана багыттаган сапатта болушу керек. Учурдагы билим берүүдө жарандык коомдун жана жеке менчик сектордун ордун арттыруу тренди ылдамдатылышы абзел. (Бул модел саламаттык сактоо тармагында ийгиликтүү ишке ашырылууда). Жарандык коомдун, жеке менчик сектордун жаңылыштыктарынан кеп кылынса болот. Бул сындоолор ар түрдүү болушу мүмкүн. Ал эми биздин цивилизациябыз фонд цивилизациясы болуп эсептелет. Ибн-Сина, Газали, Мевлана, Харезми, Молдо Фенари, Кушчу Али сыяктуу көп сандаган илимпоз жана ойчул адамдарды жалаң фонд цивилизациясынын элементтери болгон мекемелер жетилткен ысымдар болуп саналат. Кургаганы калса дагы бул дарыяга суу буруш керек, бул очокту күлдөрдөн кайра курушубуз керек.

Бир тараптан Түркия сыяктуу жаш калктын саны көп болгон бирок калктын санынын өсүү ылдамдыгы азайган өлкөлөрдө жаңы мектеп, мугалим, имарат сыяктуу билим берүүгө карай муктаждыктардын жана каржылоолордун бир гана мамлекет аркылуу камсыздалышы чыгымы жагынан улантыла алгыдай эмес. Төрөлүү катышындагы төмөндөөнүн себебинен көп өтпөй жаңы салынган мектептер жана дарсканаларга муктаждык болбойт, мугалимдер сабак бере ала турган окуучу таба алышпайт. Ушул себептен чыгымды азыртадан жеке менчик сектор менен бөлүшүү рационалдуу ой-жүгүртүүнүн талабы болуп олтурат.

  1. Окуучуларды акыркы чекитке чейин алып барган эмес, жөндөмдүүлүктөргө жараша багыттаган стратегия; Учурдагы билим берүү системабыздын негизги маселелеринен бирөө, багыттандырбаган үчүн жаштарыбызды университет каалгаларына жана андан кийин кесиптик сынактарга чейин алып баруусу. Өлкөнүн карьера-кесип делген кесиптерге болгон муктаждыгы абдан чектелип турганда жаштардын акыркы чекитке дейре алып барылышы жана бирок акыркы каалгада, болоору болгондон кийин, ачуу чындыктар менен беттешүүлөрү өздөрү үчүн дагы өлкөбүз үчүн дагы чоң жоготуу болуп саналат. Ушул себептен билим берүү стратегиябыз окуучуларыбызды башталгыч мектептерден баштап, жөндөмдүүлүктөрүнө жараша багыттаган системага таянышы керек. Багыттоо системасы убак-убагы менен бири-бирине өтүүнү да камтыйт.
  2. Эл аралык атаандаштыкка ачык стратегия; Түркия барган сайын эл аралык студенттик борборго айланууда. Президентибиз Жогорку окуу жайлар кеңешинин академиялык жылдын ачылыш аземинде Түркияда 143 миң эл аралык окуучу окуп жатканын айтты. Глобалдык атаандаштыкта максатыбыз бул санды дагы көбөйтүү. Дагы көп эл аралык студент тартыш үчүн билим берүү стратегиябыз мамлекеттик кызматкерлердин дагы маалыматтандырылышы, университеттердин адистештирилиши, жеке менчик сектордун жаңы инвестицияларды салышы, мыйзамдын жаңыланышы сыяктуу элементтерди камтыйт.
  3. Борборчул эмес, жергиликтүү муктаждыктарга ылайык стратегия; Стратегия, жергиликтүү муктаждыктарга жараша, ар башка облустарда, ар башка окуу жайларга мүмкүнчүлүк бериши керек. Окуу жайлардын облустардын муктаждыктарына жараша ар башка убактарда ачылып жабылышына мүмкүнчүлүк түзүү абзел.

Программабызды электрондук соода секторунун жетекчилеринен Жек Манын сөздөрү менен бүтүрөлү: «Билим берүү чоң маселе. Үйрөтүү формабызды өзгөртпөсөк башыбыз балээде болушу мүмкүн. Анткени үйрөтүү формабыз, үйрөткөндөрүбүз 200 жыл мурдагыдан калган. Балдарыбызга машиналар менен атаандашууну үйрөтө албайбыз. Алар дагы акылдуу. Баалуулуктар, ишенүү, көз карандысыз ойлонуу, топ болуп иштөө, башкаларына баа берүү. Булар адамдык жөндөмдүүлүктөр. Билим берүү сизге буларды үйрөтпөйт. Адамдардын бири-биринен башкача экенин түшүнүү үчүн искусствону үйрөтүшүбүз керек. Үйрөткөндөрүбүз машиналардан башкача болушу керек».

Анкарадагы Йылдырым Беязыт университетинин саясий илимдер факультетинин деканы проф. др. Кудрет Бүлбүлдүн темага байланыштуу баамдоосун окудуңуздар.

 

 



Тектеш кабарлар