Күн тартибине сереп салуу  - 41

Парламент шайлоосунан кийинки Ирак Күрдистан Аймактык Башкаруусу.

Күн тартибине сереп салуу  - 41

 

Калкынын саны 6 миллион болгон Ирак Күрдистан Аймактык Башкаруусунда (ИКБЙ) 3 миллиондон ашуун шайлоочу 30 -  сентябрь жекшемби күнү жалпы шайлоо үчүн добуш берди. Депутаттарды шайлоого катышуу катнашы 57 пайызга жакын болгондугу билдирилди. Шайлоо процессинин жалпы мааниде тынчтыкчыл жана тынч өткөндүгүнө карабастан кээ бир аймактарда куралдуу кишилердин жана пешмерге күчтөрүнүн болушу маанилүү талаш  - тартыштарга себеп болду. Ата Мекендик Күрдистан (КЙБ) жана Күрдистан Демократ Партиясы (КДП) бири бирин шайлоодо алдамчылык менен күнөөлөсө «Горан» жана «Жашыл муун кыймылы»  өзгөчө Ата Мекендик Күрдистанды (КЙБ) шайлоодо алдамчылык кылуу менен күнөөлөдү. Бардык билдирүүлөргө карабастан Ирак Күрдистан Аймактык Башкаруусунун (ИКБЙ) шайлоосу жалпысынан ийгиликтүү түрдө аяктады. Тышкы иштер министрлигинин катчысы Хами Аксой ушунун негизинде : «ИКБЙ парламенттик шайлоосунун тынч өткөндүгүнө кубанчытуубуз. Шайлоо жыйынтыктарынын Ирактын биримдик жана бүтүндүгүнүн сакталышы жана өлкөдө ырааттуулуктун түзүлүшүндө пайдалуу болушун каалайбыз»,- деди.

Саясат, экономика жана коомдук изилдөөлөр фондунун изилдөөчү – жазуучусу Жан Ажундун пикири.

Расмий болбогон шайлоо жыйынтыктарына караганда КДП чоң ийгиликке жетишүү менен добуштардын 45 пайызын алып, КЙБ болсо шайлоодо добуштардын 19 пайызын гана алды. «Горан» кыймылы 12 пайыз, «Жаңы муун кыймылы» болсо 8, 3 пайыз, исламдык партиялар 7 жана 5 пайызга жакын добуш алган болсо «Сердем» союздаштыгы 1 пайыздык добушка жетишти.

Расмий болбогон шайлоо жыйынтыктарына караганда чоң ийгиликке жетишкен КДП ошол эле учурда Ата КЙБ партиясын (КЙБ) кыйгап өтүп, башка кичине партиялар менен өкмөт куруу мүмкүнчүлүгүнө жетишти. Добуштарды саноо менен бирге Ирак парламентинде президенттик шайлоо да улантылып жаткан. Ирак конституциясы боюнча күрттөрдөн  шайланган президенттикке талапкерлер КЙБ жана КДПтин орток талапкер чыгарбашы менен эки партиянын ортосунда конкуренциянын чыгышына себеп болду.

КДП президенттик үчүн Фуад Хүсейинди, КЙБ болсо Берхем Салихти талапкер кылып көрсөттү. Ирак парламентиндеги экинчи турдагы жашыруун добуш берүүгө 329 депутаттан 273 катышты. КЙБнин талапкери Берхам Салих 219 добуш алып Ирактын төртүнчү президенти болду. КДПтин талапкери Фуад Хүсейин болсо 22 добуш алды. Президенттик шайлоонун биринчи турунда 7 талапкерден эч бири 220 добушту ала албагандыктан шайлоонун экинчи туру өткөрүлдү. Шайлоонун биринчи турунда Берхем Салих 165, Фуад Хүсейин 89 добуш алып, көз карандысыз аял саясатчы Сирве Абдулвахид болсо 18 добуш алган.

Президенттик шайлоодо КЙБнин президентикке талапкери Берхем Салихтин жеңишке жетишиши ошол эле учурда ИКБЙнин ички саясатында да таасиринин болушу ыктымал. Акыйкаттан да ошол эле күнү болгон шайлоодо чоң ийгиликке жетишкен КДП ички саясатта КЙБге каршы дагы күчтүү жана катуу саясат жүргүзө алат.

ИКБЙдеги шайлоонун жыйынтыгы Түркия  - ИКБЙ карым  - катнаштары жана Түркиянын террор менен күрөшүнө да таасир берет. ИКЙБнин көз карандысыздык референдумунан кийин Ирак борбордук өкмөтүнүн катуу жообу менен Керкүк сыяктуу жетишкендиктерин жоготкон ИКБЙ башкаруусу Түркия менен карым  - катнаштарын оңдоону каалап жатат. Өзгөчө КДП экономикалык тармакта Түркия менен сооданы кайрадан жандандырууну каалап жатат. Түркиянын КЙБ текшерүүсү атындагы Сүлеймание аэропортуна карата санкцияларын улантышы Түркиянын КЙБге карата мамилесин көрсөткөн маанилүү бир кыймыл. КДПнын шайлоодон ийгилик менен чыгышы Түркия – ИКБЙ карым  - катнаштарына оң багытта таасир беришин күтүүгө болот.

Түркиянын террор менен күрөшүүсүндө Түндүк Иракта жүргүзгөн аскердик операциялары ПККнын Түндүк Ирак аркылуу Түркияга өтүшүнө тоскоол болууга аракет кылууда.

Түркиянын Түндүк Иракта ПККга каршы жүргүзгөн күрөшү КДПнын шайлоодон ийгиликтүү чыгышы менен дагы күчтөнүшү мүмкүн. Акыйкаттан да КЙБ жана ПККнын ортосундагы карым  - катнаш салыштырмалуу дагы жакшы болуп турганда ПКК менен КДПтин ортосундагы карым  - катнаш салыштырмалуу дагы да начар. Түркия ИКБЙ менен карым  - катнаштарды күчтөндүрүп ошол эле учурда КДПден ПККнын Түркия үчүн пайда кылган коркутууларына каршы так кадамдарды талап кыла алат.

Ирак шайлоосунан айлар өткөнүнө карабастан Ирак борбордук өкмөтүнүн курула албашы Ирак жана Түркиянын коопсуздугу үчүн оң жыйынтыктарды жаратышы күтүлүүдө. Эгерде Ирак борбордук өкмөтү да курула турган болсо, Ирактагы бир топ маселе менен күрөш дагы таасирдүү түрдө жүргүзүлө алат.

 



Тектеш кабарлар