Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-19

Чуваш адабиятынан Константин Васильевич Ивановдун “Нарспи” аттуу сүйүү дастаны.

Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-19

Урматтуу китеп күйөрмандары, биздин бүгүнкү уктуруубузду чуваш адабияты менен улантабыз. Программада чуваш адабиятынын белгилүү акыны жана чыгармачыл инсаны Константин Ивановдун өмүр-баянын жана анын чуваш элинде белгилүү “Нарспи” аттуу сүйүү дастанын баяндап беребиз.

                      Кадырлуу окурмандар, Константин Васильевич Иванов чуваш адабиятынын белгилүү акын-жазуучуларынын катарындагы атактуу ысым. Ал чуваш элинин фольклористи, адабият таануучу жана чыгаан  акыны катары таанымал. Иванов 1890-жылы Башкыр жеринин Пелепей аймагындагы Слакбаш  айылында төрөлөт. Чоң аталары орус падышачылыгынын зомбулугуна туруштук бербей Чебоксар шаарынан Урал аймагына оогон. Ивановдун атасы абдан эмгекчил жана бай Вазинка Иванов аттуу християн болгон. Вазинка орусча, башкуртча жана татарча эркин сүйлөгөн адам болот. Анын жазуулары гезит-журналдарга жарыяланып турган. Мына ушундай ата балдарынын билим алуусу үчүн болгон күчүн жумшаган.  Кичинесинен окууга дилгир Константиндин чыгармачылыгы эрте жетилип мектеп чагынан ыр чыгара баштаган. Ошол учурдун көйгөйү орустардын үстөмдүк кылып басып алышына каршы ыр чыгарып элине дем берет. Мына ушул себептен ал мектебинен айдалат. 1907-жылы революция токтогондон кийин кайра мектебине кайткан Иванов чыгармачылыгын өркүндөтүп чуваш тилине жомок, табышмак жана ырларды которгон. Мындан сырткары мыкты сүрөтчү да болгон. Ал орустун белгилүү Лермонтов, Некрасов, Толстой жана Ушинский сыяктуу акын-жазуучуларынын чыгармаларын чувашчага мыкты которгон. Ийгиликтүү чыгармаларын да ошол жаш кезинде - он жети, он сегиз жашында жараткан. Алгачкы китеби “Чуваш жомоктору” деп аталып, 1908-жылы жарык көргөн. Ошол китебинде жазылган “Нарспи” аттуу ыр-дастаны абдан популярдуу болуп чыга келет. Белгилүү чуваш жазуучусу Педер Хузангай жаш жазуучуга баа берип мындай дегени бар: “Бул абдан таң калаарлык эле. Үч миң саптан турган бул дастанда эски чуваш элинин каада-салты терең чагылдырылган. Бул эч бир чыгармага окшобогондой өзгөчө жазылган” деп баалайт. Акын “Нарспи” дастанын жазгандан кийин жети жыл гана жашаган. Ошол кыска өмүрүндө бир далай чыгарма жазган экен. Бирок кол жазмалары согуш учурунда орустар тарабынан жок кылынган. 

                                  Учурда акындын төрөлгөн Слакбаш айылында анын эстелиги орнотулуп жана музейи ачылган. Анын аты Чуваш Мамлекеттик Драма Театрына да берилген. Ошондой эле Чебоксар шаарында акындын аты менен аталган көчө жана чоң эстелиги жолугат. 1967-жылдан бери маданият жаатында ийгилик жараткандарга Иванов аттуу медал берилип келет. Мына ушундай сый-урматка жеткен улуу чуваш акыны Константин Иванов элинин сыймыгы болуп кале бермекчи.

                      Анда эмесе мындан аркы сөздү акындын “Нарспи” аттуу сүйүү дастаны менен уланталы.

Бул дастанда чуваш элинин эски айыл турмушу, үрп-адаты, жаратылыш менен болгон байланышы Нарспи жана Сетнердин сүйүү баяны менен бирге чагылдырылган. Чыгармада Нарспинин атасы кызы сүйгөн кембагал Сетнерден бөлүп бай киши Тыхтаманга кыйнап күйөөгө узатат. Табиятынан сулуу Нарспи сулуулугу менен бирге өтө зирек, иштерман жана таза кыялдуу жан болот. Силпи айылынын эң бай адамынын кызы болуп, көркөмдүү үйдө жашап, эркин чоңоёт. Бирок турмуш куруу чагы келгенде Нарспинин атасы Михетер анын көңүлүнө карабай иш жасайт. Албетте болочок күйөө баласы өзү сымал бай болуш керек эле. А бирок Нарспи өзү сымал жаш жана сулуу жанга үрүп чыгаар ити да жок кедей Сетнер аттуу жигитке ашык болот. Нарспинин күйөөгө узатуу күн да жетип ой-боюна коюшпай өзүнөн бир топ улуу Тыхтаманга узатышат. Муну кабыл албаган Нарспи качууну ойлоп бирок ал да ишке ашпай кармалат. Ошентип Хушылка деген жерге келин болуп түшкөн Нарспинин шордуу күнү башталат. Күндө жаңжал, күндө ур-токмокко кабылат. Картаң күйөө зомбусу Нарспинин сай-сөөгүн сыздатат. Айласы кеткен Нарспи Тыхтамандын тамагына уу кошуп өлтүрүп качып жөнөйт. Сетнерди табуу максаты менен жолго чыккан Нарспи бороон-чапкындуу күнгө туш келип токойдо адашат. Окуяны уккан Сетнер токойду көздөй бет алат. Соңунда табышкан эки ашык Сетнердин үйүнө келип түшөт. Бул жолу кыз Нарспи ата-энесин укпоону чечет. Наалат айткан атасы кызын ала-албай үйүн беттейт. Бакыт учкан куш сымал Нарспини кубанычы көпкө узабайт. Багы жокко дагы жок дегендей, чыгарманын аягы күтүүсүз жерден Сетнердин өлүмү менен аяктайт. Уурунун колунан өлгөн Сетнерден кийин жашоо жок экенин баамдаган Нарспи бакка асынып өлөт. Мына ошентип эки жаштын өлбөс сүйүүсү дастан болуп жазылып, ооздон-оозго айтылып Нарспинин асынган багы сүйүү багы катары кийинки жаштардын тез каттоочу мекени болуп калган экен.

Урматтуу окурмандар, бүгүнкү чыгарылышыбызда чуваш адабиятынан кабардар болдуңуздар. “Нарспи” дастаны орусча, башкуртча, татарча, марий жана украин тилине, булгар, удмрут, азербайжан, италиян жана башка бир топ тилге которулуп элдин жүрөгүнөн түнөк таап көпчүлүктүн сүймөнчүлүгүнө ээ болгон дастанга айланган.  Эгерде бул дастанга кызыгуу жаралган болсо, анда Константин Ивановдун “Нарспи” аттуу дастанын орус тилинде которулган вариантын окуп чыгышыңыздарды сунуштайбыз.

Программаны даярдаган Назгүл Кадырова.  



Тектеш кабарлар