Күн тартибине сереп салуу  - 38

Акыркы чеп Идлиб

Күн тартибине сереп салуу  - 38

Орусия менен Ирандын колдоосу менен Асад режими Сириянын бир топ аймагын аскердик жолдор менен кайрадан колго алды. Сирия аскердик оппозициясын жана аймакта жашаган жарандарды Хомс, Гута, Дера жана башка аймактардан чыгарып Идлибге эвакуацияланышынан кийин Идлиб аскердик жана жарандык оппозициянын акыркы чеби болду. Согуштан мурда 700 миң  калкка ээ болгон Идлибде азыр 3 миллионго жакын жарандын бар экендиги белгиленүүдө. Идлиб Астана процессинин негизинде жарыяланган 4 араздашууну азайтуу аймактарынын арасындагы акыркы аймак. Астана процессинин негизинде түрк куралдуу күчтөрү Идлибдеги фронт жолу боюнча 12 байкоо  жерин курду.

Саясат, экономика жана коомдук изилдөөлөр фондунун изилдөөчү – жазуучу Жан Ажундун тема тууралуу пикири.

Идлибге карата Орусия жана Иран колдогон аскердик операция узун убакыттан бери күн тартибинен орун алып келет. Ыктымалдуу аскердик операциянын негизинде Идлибде жаңы бир көч толкуну күтүлүүдө. Миллиондогон жаран Түркияга карай качууну жана  башпаанек суроону пландап жаткандыгы белгилүү. Түркиянын жалпы дүйнөдө эң көп качкын алган өлкө болушу Түркиянын жаңы бир качкын токунун ала албай тургандыгын көрсөтүүдө. Идлиб операциясы жарата турган адамзаттык кризис, бүткүл дүйнөнү тынчсыздандырганы менен адамзаттык кризиске тоскоол болуу үчүн бир гана Түркиянын аракеттери алдыга чыгууда.

Астана процессинин негизинде Иран, Орусия жана Түркиянын ортосунда ишке ашырылган саммиттердин акыркысы Тегеранда болду. Тегеран саммитинин орус жана түрк жетекчилердин маалыматынын тышында түз эфирден жарыяланышы менен бүткүл дүйнө президент Р. Т. Эрдогандын аймакта  ок атышпоону түзүү жана адамзаттык кризистин алдын тосуу үчүн көрсөткөн  аракетин көрдү. Тегеран саммитинен ок атышпоонун жарыяланышы Орусия жана Ирандын нааразычылыктарынан улам ишке ашпаса да куралдарды таштоого чакырылды. Өзгөчө Түркиянын чечкиндүү мамилесинен улам Идлибге ыктымалдуу аскердик операцияны кечеңдетти жана аянтта кадамдарды таштоо үчүн убакыттан утту.

Идлибдин келечеги үчүн ыктымалдуу альтернатив сценарийлери бар. Орусия жана союздаштары Түркиянын байкоо жерлеринен артка чегинип Идлибге кенен операцияны кабыл алышы үчүн кысым жасап жатышат. Түркия болсо альтернатив сценарийлерди чыгарууга аракет кылууда. Булардан бирөөсү да Түркия жана Түркияга колдоо көрсөткөн аскердик оппозициянын  таасиринин кеңейтилип Хейет Тахрир уш Шам жана башка топтордон бөлүнүп түндүктөн чегинип түштүккө өтүшү. Түркистан Ислам Партиясы жана Хураш ед Ден сыяктуу топтордун да кошулушу.

Болушу мүмкүн болгон адамзаттык кризиске каршы Түркия өзүн колдогон топтор менен бирге аянтка кирип, Идлиб борбору да болуу менен коопсуз аймак түзүшү эң мыкты сценарий болот. Оппозициянын толугу менен жерсиз калтырылышына бөгөт болуу, ыктымалдуу бир адамзаттык кризистин алдын тосуу ПКК/ЙПГнин процесстен пайдаланышынын жана саясий жетишкендиктерге ээ болушуна тоскоол болуу деген мааниде маанилүү бир жетишкендик болот. Идлибде  ыктымалдуу бир операциянын негизинде ПККнын Сириядагы уландысы да активдүү бир роль ойноп жатат. Өзгөчө Иранга караштуу куралдуу күчтөр жана Хизбуллахтын аянтта Сирия демократиялык күчтөрүнө караштуу куралдуу күчтөрдү машыктыргандыгын билебиз. Алардын да операцияларга кирүү багытында пландарынын болгондугун билебиз. Эгерде алар да кыймылдын бир бөлүгү боло турган болсо, Афринге фронт ачып, кайрадан Афринди колго алууга карата пландары бар. Тел Рыфатта буга карата күч бириктиришкендерин билебиз. Ошондуктан бардык бул рисктер болуп да Түркиянын артыкчылыктуу мамиле кылышы жана эч качан болду бүттүгө уруксат бербеши керек.

 

 



Тектеш кабарлар