Сирия кайда баратат?

Глобалдык перспектива-37

Сирия кайда баратат?

Глобалдык перспектива-37

Сирия кайда баратат?

Сириядагы согуштун аесуз түрдө уланып жатканына жети жыл болду. Астана процессинде ок атышпоо аймагы деп жарыяланган төрт аймактан акыркысы болгон Идлибге карай Сирия режиминин жана Орусиянын кол салуулары бүткүл дүйнөнүн күн тартибинде... Бүткүл дүйнө токтоо түрдө бул кол салуулардан кийин канча миллион кишинин жерлерин таштап кете турганын, химиялык курал колдонулуп колдонулбай турганын талкуулап жатат. Бир сериялдын жаңы сценарийин сүйлөшүп жаткансып кайгы-капасыз, абийирсиз жана кайдыгер түрдө. Таш боор болуп калышкансыйт.

Анкарадагы Йылдырым Беязыт университетинин саясий илимдер факультетинин деканы проф. др. Кудрет Бүлбүлдүн темага байланыштуу баамдоосун окуп жатасыздар.

Астана процессинин тараптары Түркия, Иран жана Орусия өткөн аптада Тегеранда саммит өткөрдү. Идлиб жана жалпысынан Сириянын келечеги темасында сүйлөшүлдү. Тегеран саммити Батыштын алыстан туруп казалдарды окуган, эл аралык коомчулук жана мекемелер үн катпай калган бул дүйнөдө Түркиянын сириялыктардын кыргынга учуратылбашын айткан жалгыз өлкө болгонун жана өзү жалгыз эң туура түрдө күрөшүүсүнүн так далили болду. Түркия жана Орусияга билдирилбестен Иран тарабынан жолугушуулардын түз эфирге берилиши, бул табигый чындыктын бүткүл дүйнөгө көрсөтүлүшүнө себепчи болду. Ачык бойдон унутулган микрофон сыяктуу... Тилекке каршы жолугушууларда башка лидерлерден сириялыктардын адамзат трагедиясына карай бир дагы сүйлөм уккан жокпуз. Президент Режеп Таййип Эрдоган ок атышпоонун зарылдыгын бир канча жолу кайталады. Түркиянын көпчүлүгү сириялыктардан турган 4,5 миллион кишини багып жатканын айтты. Чындыгында Түркия дагы, башка өлкөлөр сыяктуу чек араларын жаап, качкындарды өткөрбөй кое алмак. Бир канча миң качкынды көргөндө ЕБнин баалуулуктарын, адам укуктарын, «эркиндик, теңдик, туугандык» ураандарын тебелеп, мигранттарды жек көргөн лидерлерди бийликке алып келген айрым ЕБ өлкөлөрү сыяктуу мамиле кыла алмак. Чындап келгенде андай мамиле кыла алмак эмес. Түркияны айырмалап турган анын тарыхы, абийири, адамдык жоопкерчилик сезиминен улам ал өлкөлөр сыяктуу кылган жок, кыла албайт да болчу.

Согуштун жетинчи жылында тараптардын позициясында тилекке каршы көп өзгөрүү болгон жок. Орусия Сириядагы базалары аркылуу Жер Ортолук деңизде дагы таасирдүү болуу жана Крым, Грузия, Украинада эмес, Батыш өлкөлөрү менен дагы алыс жерде беттешүү үчүн Асад режимин колдоосун улантууда.

Иран болсо аймактык жайылуучулук саясатын Сирияда дагы улантууда. Диний лидери Али Хаманейге жакындыгы менен билинген, Тегерандын эл өкүлү Али Рыза Заканинин «Үч араб өлкөсү бүгүнкү күндө Ирандын колунда жана Ислам төңкөрүшүнө көз каранды. Сана, Иран төңкөрүшүнө кошулган төртүнчү араб борбор шаары болду», деп айтканы Ирандын аймактык жайылуучулугун ортого салып турат. Ливан, Ирак, Йемен, Сириянын борбор шаарлары, Закани айтканы сыяктуу канчалык деңгээлде Ирандын колунда экенин билбейм. Бирок бул өлкөлөрдөгү абалдар, аймактагы элдердин аккан канынын жооптуусу катары Иранды көрсөткөнү маалым. Ирактын 2-чоң шаары жана эң маанилүү порт шаары Басрада көпчүлүгү шииттерден турган элдин Иранга каршы көчөлөргө чыгуусу, Ирандын Башкы консулдугун өрттөп жибериши, Иран жайылуучулугунун кирген өлкөлөрдө калтырган издери жагынан сабак алынса болот. Ал эмес дүйнө жүзүнүн аркы учуна чейин кетип жатканда деле Иранга бир дагы качкындын кирбөөсү сириялыктардын Ирандын секталык жорумдарына, коңшулугуна жана адамзат баалуулуктарына карай эч үмүттөрү  калбаганын көрсөтүп турбай элеби?

Сирия согушунун көшөгө аркасындагы эң жооптуусу жана негизги өлкө шексиз Израиль болуп саналат. Израиль, аймактагы атаандаштарынын бардыгы тең күчтөн тайышы үчүн согуштун болушунча көпкө созулушуна карай башынан бери үнсүз жана терең саясат жүргүзүп келет. Бул саясат Израилдин чек араларын сионист еврейлердин «арзу мевуд» идеясынын алкагында Түркиянын түштүк-чыгышын да камтыган «убада кылынган жерлерге» чейин кеңейтилишин көздөгөн «Чоң Израиль» стратегиясы менен дал келүүдө. Балким башынан бери ушул багытта стратегияларды өнүктүрүүдө.

АКШнын Сирия саясаттары болсо Израилден айырмаланбайт. АКШ, ДЕАШ коркунучунун жок кылынганына карабастан ПКК-ПЙД террордук уюмдарга ар түрдүү куралдар менен күтүлбөгөндөй колдоо көрсөтүшүн улантууда. Бул колдоонун бир жагынан Ирандын курчоого алынышы үчүн жасалып жатканы айтылууда. Түркияны да бөлүүнү максаттаган, Түркияны чек арасын бойлой жаап алган ПКК-ПЙД террор мамлекети үчүн камсыздалган күтүлбөгөн колдоо бир гана Ирандын курчалышы менен түшүндүрүлсө болобу? Же болбосо бул террордук тилке узун мөөнөттө Израилдин узун мөөнөттүү максаттарына жете алышы үчүн ачылган жолбу?

Ошондой эле Европа Биримдиги. Ашкере улутчулдук барган сайын таасирин арттырган жана өлкөлөрдү туткунга алган учурунда жалгыз дарты үч-беш сириялык качкынды өлкөсүнө келтирбөө болгон ЕБнин жана ЕБ өлкөлөрүнүн Сирия үчүн жакшы саясаты болгонун айтуу мүмкүнбү?

АКШнын бир гана Израилге индекстелген саясаттарынан баш тартпаган, ЕБнин ишке ашпаган, бош убадалардан ашып так кадамдарды таштамайынча, Орусия жана перс колдогон Сирияда Асад режиминин кол салууларын токтотуусун күтүү бекер эле болот. ЕБ жана АКШ, сириялыктар өз өлкөсүндө өлө беришин же Түркияда жашай беришин маселе деп эсептебей жатат.

Сирияда бүткүл дүйнөнүн көз алдында этникалык тазалоо болуп жатат. Өлкөнүн калкынын түзүлүшү өзгөртүлүүдө. Режим жана анын колдоочулары айрым убакта Батыш өлкөлөрү, басып алгысы келген шаарлардын террорист уясы экенин айтып, буларды бомбалап жатат. Миллиондогон адамдын террорист экенин ойлоо мүмкүнбү? Бул жерде максат этникалык тазалоо жасап, шаарлардын демографиялык түзүлүшүн өзгөртүү эмей эмне? Максат террордук уюмдар менен күрөшүү болсо мунун жалгыз жолу, террористтерди жана карапайым адамдарды айырмалабастан бүтүндөй шаарларды эли менен кошо жок кылуу эмеспи?

Чыгымын согушкандар эмес, Түркия сыяктуу адамзат үчүн санааркап жаткан өлкөлөр көтөргөн Сириядагы кирдүү согуш токтотулушу керек. Согуш токтотулуп, калыбына келтирүү үчүн көп жылдарга созула турган кадамдар таштала алсын. Бул согушта бомбалар ташталып тирүүлөй өрттөлгөн балдардын эмне күнөөсү бар? Бомбалардын астында калбаш үчүн өлкөсүнөн качып баратканда деңиздерге чөккөн дагы канчалаган Айлан бөбөктөрдү карап турууга жүрөгүбүз чыдайбы?

Адамзат тарыхынан канчалаган залимдер келип өттү. Иди Амин, Сталин, Пот, Гитлер, Муссолуни,Коркунучтуу Иван, Робеспьер, граф Дракула, кресттүүлөр, Хажжаж Залим булардын алдыңкылары болчу. А бирок тарыхта эч бир зулумдук туруктуу калган эмес, эртедир кечтир кылган зулумдуктары залимдердин өздөрүн кыйраткан, кыска мөөнөттө болбосо дагы узун мөөнөттө ар дайым жабыркагандар жеңген. Бүгүнкү күндө бул залимдер ар ким тарабынан билинет жана аларга наалат айтылып жатса, узун мөөнөттө адамзат жеңе турганынын белгиси.

Бандиттер дүйнөгө башкаруучу боло албайт.

Анкарадагы Йылдырым Беязыт университетинин саясий илимдер факультетинин деканы проф. др. Кудрет Бүлбүлдүн темага байланыштуу баамдоосун окудуңуздар.



Тектеш кабарлар