Индия мусулмандары

Глобалдык перспектива - 36

Индия мусулмандары

Социалдык илимпоз Дэвид Харви «Постмодернизмдин абалы» аттуу чыгармасында  жашап жаткан доорубузду мезгил  - жер тыгыны катары аныктаган. Ичинде жашаган глобалдашуу процесстери абдан алысты жакындатып, жакындарды алыстата алат. Орток тарыхый болгон окуяларды унуттурушу мүмкүн. Бул жумада Индия мусулмандарынан сөз кылууну чечтик.  Бүгүн бизге Индия коомдук түшүнүгү Мексикачалык алыс. Тарыхый жактан да ушундай беле?

Анкара Йылдырым Бейазыт университетинин саясий илимдер факультетинин деканы, профессор доктор Кудрет Бүлбүлдүн тема тууралуу пикири.

Индиянын унутулган исламдык тарыхы

Индия субконтинентинин (Индия, Пакитан, Бангладеш) ислам менен таанышуусу Азырети Өмер мезгилине барат.

ТРТнын «Түркия үнү» радиосунун түркчө редакциясындагы «Чешми Жихан» программасына конок кылган «Дели Машрек изилдөө борборунун» директору, ошол эле учурда Анкара Йылдырым Бейазыт университетинин саясий илимдер факультетинде конок мугалим доктор Омар Анас Индияга исламдын үч жол менен келгендигин белгиледи. Биринчиси Индонезиядагы сыяктуу мусулман соодагерлер жолу менен ишин жакшы аткарган, соодада ишеним берген мусулман соодагерлер континентте исламдын жайылуусунда таасирдүү болгон.

Экинчи жол Орто Азиядан келген суфилер Индияда абдан таасирдүү болгон. Доктор Анас өзгөчө Мевлана Желаледдин Руминин континентте абдан жакшы билингендигин белгилейт. Индиялык мусулмандардын өзгөчө суфилер Түркияга келгенде Конияга сөзсүз түрдө барышкандарын баса белгиледи. Азырети Мевлананын эки өлкөнүн ортосунда абдан маанилүү бир көпүрө боло аларына токтолгон. Азырети Мевлананын да Индияга абдан жакын бир аймактан Афганстандын Хорасандан, Белх  шаарынан болушу балким да бул таасирди арттырган маанилүү бир элемент. Турмушуна караганыбызда Азырети Мевлана чындыгында бир учу ал аймакта калган, бир учу Анадолуга чейин келген сөздөрү доорлорду ашкан бир көпүрө сыяктуу. Ар дайым аймактарды, өлкөлөрдү, адамдарды бириктирет.

Үчүнчү жол болсо кылымдарга созулган мусулман башкаруулары. Түрк тектүү мусулман башкаруучулар Индияда миңинчи жылдардан кийин таасирдүү боло баштаган. Осмондук жана Андалусия практикасында да көрүнгөндөй оптимист, айырмачылыктарга сый көрсөткөн башкарууну көрсөтүшүүдө. Астыңкы континенттин салты менен жергиликтүү калктын маданияты менен жанаша жашап жатышат. Индия астыңкы континенти абдан чоң мусулман аалымдарды да жетиштирген. Эстей кетсек «Мектубаттын» жазуучусу Имамы Раббани (1564 – 1624) «Хүжжетүллахил Балиганын» жазуучусу Шах Велиюллах Дехлеви (1602 – 1662) жана «Мусулмандардын артка кетиши менен дүйнө эмнелерди жоготту»  аттуу китептин жазуучусу Ебул Хасан ен Недви (1914 – 1999) эске келет.

Англис баскынынан кийин Индиянын исламдык тарыхы барган сайын дагы аз көрүнүп дагы аз билине турган абалга келди. Ал түгүл унутулуп бара жатат. Мында баскынчы саясаттарынчалык Индия, Пакистан жана Бангладештин өз мамлекеттеринин түзүлүш процессинде өз улуттук тарыхтарын жана улуттарын жаратуу аракетинин да таасирдүү болгондугун айта алабыз.

Бүгүн 200 миллиондон ашуун мусулман калкы менен Индия дүйнөдө эң көп мусулман калкка ээ Индонзиядан кийинки 2 -  өлкө. Индия астыңкы континенти катары караганыбызда мусулман калктын саны 600 миллионго жакын. Индиянын калкы болсо 1, 3 миллиард. Индия мусулмадарынын бүгүнкү абалы тилекке каршы  жакшы эмес. Ассам аймагында мусулмандарга карата кысымдар барган сайын күч алууда.

700 жылга созулган түрк тектүү султандыктар

Индия астыңкы континентинде миңинчи жылдардан баштап 1857 -  жылга чейин түрк тектүү султандардын өкүмү улантылган. Континентте түрк тектүү султандыктар газневилер менен башталган. Эң көп билинген султандыктардын бирөөсү Чагатай түрктөрүнөн болгон Бабур шах жана уулу Жихангир шах мезгилинде эң көркөмдүү жылдарын жашаган Бабур империясы. Акыркы Бабур шахы Бахадыр шахтын 1857 -  жылы англистерге жеңилиши менен Индия астыңкы континентинде султандар мезгили аяктайт. Осмондук султандары менен Индиядагы султандардын ортосунда жакын карым  - катнаштардын болгондугу белгилүү. Осмондук үй  - бүлөсү Түркиядан сүрүлөрү менен Осмон принцессаларынын кээ бирлери индиялык принцтер менен турмуш курушкан.

Англистер Индияны эртереээк басып алса же АКШны мусулмандар ачса?

Бүгүн Индияда 18 расмий тил, 22 аймак, 400гө жакын тил жана диалекти бар. Дүйнөнүн дин, тил, маданият, ишенич жактан балким да эң түрдүү жана эң бай өлкөсү.  Бул байлыктын ушул күнгө чейин келишинде эч шексиз көптөгөн жылдарга созулган мусулман башкарууларынын абдан чоң таасири болсо керек. Себеби бул башкаруулар жергиликтүү маданияттарды, тилдерди, диндерди ортодон жойгон, ассимиляция кылган эмес, аларды өз цивилизациясынын бир бөлүгү деп санаган бир башкаруу методун көрсөтүштү. Осмондуктардын өз аймагында араптардын Андалусияда жасаганындай. Ушул себептен мусулман башкаруулар, башкарууларын жоготушканда бул аймактардагы бардык диндер, тилдер сыяктуу эле маданий жашоосун улантышты. Узун убакытка созулган мусулман башкарууларга карабастан бүгүн Балкандарда түркчөнүн, Андалусияда арапча аттар да айтылбастан, англис тили  Индия, Пакистан жана Бангладештин расмий тилдеринин бирөөсү болду. АКШда болсо жергиликтүү калктын бүгүн жашаган  тил, дин жана маданияттары  мууну түгөнүп бара жаткан кашка ибис куштары сыяктуу коргоо астына алынган.

Бул абал адамга кааласа каалабаса да бул суроону сураттырат: англистер 1800-  жылдарда эмес АКШдагы сыяктуу 1400 – жылдарда Индияга келгенде абал кандай болор эле? Индияда да АКШ сыяктуу ак адамдардын тилине, динине дагы көп таасир берген, жергиликтүү маданияттар, тилдер, ишеничтер жок кылынган өлкө болмок. Же тескерисин ойлонгодор :  АКШ батыштыктар тарабынан эмес мусулмандар тарабынан ачылганда Американын жергиликтүүлөрүнүн абалы кандай болор эле? Астек, инка, мая жана башкаларынын маданияттары, ишеничтери, тилдери да жок болуунун босогосунда болор беле? Же бүгүн АКШны алар башкармак беле?

Англис баскынынан кийин Индия астыңкы континентинде бир гана батыш маданияты эгемендүү болгон эмес. Континент Индия, Пакистан жана Бангладеш катары үчкө бөлүнгөн. Бул бөлүнүүнү англис империализминин «бөлүкчөлөргө бөл - башкар» саясатынын бир жыйынтыгыбы, же тыгылып калган мусулмандардын чаарасыздык саясатыбы - маанилүү бир талкуу маселеси. Континент бир өлкө катары калганда бул өлкөлөрдүн бири бирине каршылыгы сөз болбостон, көпчүлүккө ээ боло турган мусулмандардын да таасири менен балким да аймакта дагы көп тынчтык жана ырааттуулук өкүмдүк кыла алмак беле? Ким билет?

Боштондук согушу жана Индия мусулмандары

 1 -  дүйнөлүк согушунда англистер осмондук жерлерине кол салары менен индиялык мусулмандар чоң каршылык көрсөтүштү. Өздөрү да англис баскыны астында болгон. Осмон мамлекетинин да баскын астында калышы, үмүттөрүн  жок кылып, өлкөлөрүндөгү  баскын дагы да тереңдешет. Осмон мамлекетине жардам берүү үчүн Жиннах жана Ганди да колдоо берген Хилафет кыймылын башташат. Кыймылдын алдыңкылары мезгилдин англис премьер  - министри менен жолугушушту. Боштондук согушуна колдоо берүү үчүн араларында акча чогултуп Түркияга жиберишет. Программабызды глобалдашуу менен баштаган болчубуз глобалдашуу менен бүтүрөлү. Глобалдашуу дүйнөнү бири бирине дагы да жакындатып, бизге жакын аймактарды, тарыхый бирдиктеликти унуттурбашы керек. Бул жакындыктар 21 -  кылымда алдыңкы өлкөлөрдүн бирөөсү болууга талапкер Индия менен карым  - катнаштарыбызды көп тараптуу күчтөндүрүүгө себеп болушу керек.

 

 

 



Тектеш кабарлар