Күн тартибине сереп салуу  - 35

Идлиб түйүнү

Күн тартибине сереп салуу  - 35

2011 -  жылдан бери болуп келе жаткан Сирия кризисинде Идлиб аймагы оппозициячылдардын акыркы чеби болгон. Идлиб менен бирге тегерегиндеги Батыш жана Түштүк Халеп менен бирдикте Түндүк Хама жана Түндүк Латакияда түркмөн тоолорунун жакындарын камтыган бул аянт Асад режимине каршы согушкан оппозициячылдардын колундагы акыркы аймак. Оппозициячылдардын Халеп, Чыгыш Гута, Дера, Кунейтра жана Түндүк Хомс сыяктуу аймактарды жоготушу Идлибдеги  оппозициячылдарды дагы да маанилүү абалга алып келди. Астана процессинин негизинде 3 миллионго жакын калкка ээ болгон Идлиб коопсуз аймактын ичине алынды. Түркиянын Орусия жана Иран менен түзүлгөн Астана келишиминин негизинде түзгөн он эки байкоочу жери аймактын тагдыры үчүн мааниге ээ болууда.

Саясат, экономика жана коомдук изилдөөлөр фондунун изилдөөчү  - жазуучусу Жан Ажундун тема тууралуу пикирин сунуштайбыз.

Идлиб аймагындагы оппозициячылдар кээ кээде бири бири менен кагылышып жатат. Идеологиялык бөлүнүүчүлүк менен бирге күч күрөшүнүн ичине да жетеленишүүдө. Аймактагы акыркы абалдардын негизинде  Идлибде HTŞ башкача айтканда “Hayat Tahrir-i Şam” жана Улуттук эркиндештирүү фронтунун чатыры астында эки негизги лагерден сөз кылууга болот. HTŞ АКШ тарабынан террордук уюм катары мүнөздөлүп, Улуттук эркиндештирүү фронту болсо Түркия тарабынан колдоого алынууда. HTŞ Астана процессинин тышында калып, Улуттук эркиндештирүү фронту Астана процессинин бир бөлүгү болууда. Режим жана союздаштарынын аймакка кийлигишүүсү үчүн шылтак катары алдыга чыгарган радикал топтор бар. Түркия болсо саясий маневралар менен бул топтордун ортодон жок кылынышы үчүн аракет кылууда. Идлиб Астана процессинин негизинде коопсуз аймак катары кабыл алынса да режим жана союздаштары Идлибди түздөн түз кенен түрдө бутага аларына байланыштуу сөздөрүн көбөйтө баштады. Идлибге ыктымалдуу бир аскердик кыймыл Түркия үчүн чоң рисктерди түзүп жатат. БУУнун Сирия атайын өкүлү Стаффан де Мистура берген маалыматта Идлибде Чыгыш Гута сценарийи кайталана турган болсо адамзаттык абалдын Чыгыш Гутадан алты эсе дагы жаман болорун ортого салган. Идлиб жана тегерегиндеги оппозициячыл элементтердин ортодон жок кылынышы Түркиянын көзөмөлү астындагы Африн, Азез, Баб, Жараблус сыяктуу аймактарды да түздөн түз коркута турган чындыкка себеп болот. Режимдин аскердик көлөмү Идлибге карата ыктымалдуу жана кенен масштабдуу кыймылдын бир гана Орусиянын бекитүүсү жана кыймылга кириши менен ишке аша аларын көрсөтүүдө. Түркия жана Орусиянын Сирия аянтындагы позициялары жана эки өлкөнүн ортосундагы карым  - катнаштар, Москванын Анкараны түздөн түз коркута турган кадам таштоо ыктымалын күчсүздөнтүп жатат. Бирок аймакка карата жасалган абадан бомбалоолор Астана процесси менен түзүлгөн келишимге карата ишенимди тебелеп, аймактын ыраатсыздыгына салымын кошууда. Ыктымалдуу Идлиб операциясынын алдында Түркиянын байкоочу жерлеринин баш тарттыруучулугунун алдыбыздагы процессте режим жана режим жактоочусу куралдуу күчтөр тарабынан тест кылынары күтүлүшү мүмкүн. Акыйкаттан да Түркия түзгөн он эки аскердик байкоочу жер менен аймактын кургактыктан бутага алынышынын алдын тосту. Режим Идлибге кенен бир кыймыл жасоо үчүн аскердик көлөмү жетерсиз жана ушунун негизинде өзгөчө Орусия жана Иранга толугу менен көз каранды экендиги көрүнүүдө. Орусиянын калкынын санынан аз болгон Асад режиминин Идлибге кол салуу чечиминин Орусия менен Ирандын бекитүүсү болбостон ишке ашпай тургандыгы айтыла алат. Режимдин Идлибге кол салуу чечиминин бир гана Орусиянын бекитүүсү жана кенен түрдөгү колдоосу менен ишке ашары белгилүү.

Түркия Идлиб аркылуу орустар менен жүргүзө турган сүйлөшүүлөр менен 3 миллионго жакын жаран жашаган аймакты чоң бир адамзаттык кризистен куткаруу аракетинде.

Аймакка карата жасалган абадан кол салууларга каршы Түркия Орусия жана режимдин аба күчтөрүн Сирия аба аянтынын ичинде токтотуусу мүмкүн болбогондуктан дипломатиялык жолдор менен абадан кол салууларын мүмкүн болушунча азайтуу үчүн аракет кылууда. Өзгөчө радикал уюмдарды Идлибден айазтып, Орусия жана режимдин аймакка карата аба кыймылдары үчүн алдыга койгон шылтоолору колунан алынышы керек.

Сириядагы кагылышуулардын акырына чыгарылышы жана Астана процессинин акырына чыгып саясий бир чечүүчү жолдун чыгышы үчүн Түркиянын оппозициячылдарды бир чатыр астында чогултушу чоң мааниге ээ болуп, режим жана союздаштарынын Идлибге карата кол салуучу мамилесинен баш тартуулары жана абадан кол салууларын токтотуулары керек. Бирок режимдин Идлибдеги оппозициячылдар да колго алып аскердик жактан Сирия оппозициясы менен төңкөрүшчүл күчтөрдү толугу менен жок кылууну каалагандыгы көрүнүүдө. Астана жана Сочи процессинин негизинде жүргүзүлгөн жаңы конституциялык түзүлүшү жана таштала турган башка кадамдарда да режимге кысым элементи катары жашоосун улантууда. Идлибдин коргоочусу Түркия үчүн ыктымалдуу качкын агымдарынан коргонуудан, FKH жана ZDH аймактарындагы калкына, ПККнын Сириядагы уландысы ПЙД/ЙПГ менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдө сөз ээси болгонго чейин кенен бир спектрда мааниге ээ болууда.

Саясат, экономика жана коомдук изилдөөлөр фондунун изилдөөчү  - жазуучусу Жан Ажундун баа берүүсү.



Тектеш кабарлар