Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-16

Өзбек адабиятынын таанымал акыны Шүкрулланын чыгармачылыгы

Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-16

Урматтуу китеп күйөрмандары, “Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар” аттуу программабыздын бүгүнкү чыгарылышын өзбек адабияты менен улантабыз. Бул уктуруубузда өзбек адабиятынын белгилүү акын-жазуучусу Шүкрулланын өмүр жолу жана анын чыгармачылыгы менен тааныштырабыз.

   Кадырлуу окурмандар, алгач акын жөнүндө баяндай өтсөк, Шүкрулла 20-чы жана 21-чи кылымдагы өзбек адабиятынын белгилүү чыгармачыл акыны, драматургу, котормочусу жана роман жазуучусу катары элге таанымал. Ал 1921-жылы Ташкенттин Элмазар деген жеринде жарык дүйнөгө келет. Ал жаш кезинен ырга кызыгып улуу акындардын ырларын угуп чоңоёт. Өзүнүн ырга болгон шыгын окуучулук жылдарындагы эскерүүсүндө апасынын тийгизген таасиринин өтө чоң экенин баяндайт. Апасы Зейнеп айым Абдуллага кичине кезинен эле Ясавинин, Сопу Аллаярдын ырларын окуп берчү экен. 1935-38-жылдары Ташкент Мамлекеттик Педагогикалык факультетинде окуйт. Ал жылдары дуйнөлүк адабияттан кабардар болуп ырга болгон шыгы дагы да артат. Окуусун аяктагандан кийин Каракалпакстанга барып мугалимдик кызматын аткарат. Кийин кайтып 1939-1944-жылдары мугалимдик кесип менен бирге Низами педагогикалык институтунда билим алат. 1945-1951-жылдары Өзбекстан мамлекеттик басмаканасында редактор жана Өзбек жазуучулар союзунда кеңешчи болуп иштейт. Мына ошол жылдары совет учурунун оюнубу же кесиптештеринин анын ийгилигин көрө албастыгыбы, айтор күнөөсүз жерден күнөө коюлуп КГБга үстүнөн арыз түшөт. Ошентип отуз жашында 1951-жылы “Советтер союзуна каршы пропаганда жасаган жана эл душманы” деген күнөө менен 25 жылга кесилип Сибирге айдалат. Бирок 1955-жылы Сталиндин өлүмүнөн кийин эркиндикке чыгат. Ошол кыйын кезең жылдарын жазуучу “Кепинсиз көмүлгөндөр” аттуу романында баяндап берет. Чыгармачылыгында канчалаган бут тосуулар болсо да сабыр менен жеңип чыгармасын улантат. Анткени “Эл душманы” аталганда анын чыгармаларын басууга да тыйуу салынган эле. Бирок чыныгы эмгегин баалаган Шереф Решидов аттуу журналист-жазуучунун жардамы менен ырлары жана прозалары Ташкентте, Москвада басылат. Ошол учурдун “эл душманы” аталган акындын чыгармалары азыркы учурда орус, англис, азербайжан, түрк, арап, немис жана башка тилдерине которулуп элге кеңири таанылды. Боордош элдин улуу жазуучуларынан Кайсын Кулиев, Мустай Каримдер макалаларында жазуучу жөнүндө “улуу талант”, “жүрөк менен акылдын көзү” деп сыпаттап чыгармачылыгына баа беришкен. Орус жазуучусу Римма Казакова, авар акыны Расул Гамзатов, дүйнөгө таанымал Чынгыз Айтматов да акындын ырларына оң пикир айтып баалашкан. Коомчулук анын чыгармачылыгын бийик тутуп ага арнап Юсуп Жумаев аттуу акын төмөнкүдөй ыр чыгарган:

                      Бул арсыз, тар жүрөк

                      Чексиз дүйнө боло албайт.

                      Топтолсо да көлчүктөр

                      Сыр-дайрадай боло албайт.

                                  Бул ааламда туура сөз

                                  Ыйык курандай таптаза.

                                  Калган кептин ичи бош

                                  Куран сөзүндөй боло албайт

                      Карачы, бүгүн дүйнө тар

                      Канчалаган устат бар

                      Юсуф үчүн миң киши

                      Бир Шүкрулла боло албайт.

SİNYAL

Жазуучу Шүкрулла өзбек адабиятында алгач акын катары таанылат. Анын алгачкы ырлар жыйнагы “Алгачкы дептер”, “Жүрөк ырлары”  деп аталып 1949-жылы жарыяланат. Жалпы жонунан акындын жыйырма чакты ыр жыйнак китептери, бир топ драма жана романдары бар. Өмүрүн чыгармачылыкка арнаган акындын эмгеги бааланып Өзбекстандын маданиятына кызмат кылган адам, Өзбекстан Эл Акыны, Хамза Атындагы Мамлекеттик сыйлыктын ээси, Алишер Навои Атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты сыйлыктарына ээ болгон. 2016-жылы ал “Түрк Дүйнөсүндөгү жылдын адабиятчысы” деген наамга ээ болот.

                  Совет доорунун эпкини өткөн соң 1990-жылы ал “Кепинсиз көмүлгөндөр” аттуу эскерүү романын жазган. Совет доорунун оор жылдарын чагылдырган бул чыгармасынын мааниси терең. Чыгармада сүргүн жылдарында тарткан азабын баяндайт. Анан келечектеги урпакка сабак катары пикирин айтат. Бул романын барактап отуруп бир жагынан Шүкрулла сыяктуу күнөөсүздөрдүн тагдырын, экинчи жагынан болсо бөрк ал десе баш алган кепенсиз көмүлгөндөрдүн тагдырын окуй алабыз. Жазуучу бул чыгармасын жазып жатып өзү сыяктуу жазуучулардын арман-муңун да элге жеткиргенди максат кылган. Басып өткөн жолун ыр саптары менен туюнткан жазуучу ар бир ырында чындыкты жазганын айтат. Анын ырынын мааниси терең жана стилинин жөнөкөйлүгү менен башкалардан айырмаланат. Акындын дүйнө таануусун, философиялык ой жүгүртүүсүн мына бул төрт ыр сабынан да байкоого болот.

                  Дүйнө бизди эсептеди жакшы деп

                  Берди бизге бардыгынан чеги жок

                  Бирок аттиң бүлүндүрдүк жулунуп

                  Үн катпады дүйнө байкуш буулугуп.

Урматтуу китеп күйөрмандары, өзбек адабиятынын улуу жазуучуларынан Шүкрулланын чыгармалары чет тилдери менен бирге түрк тилдүү боордош элдердин тилдерине да которулган. Совет доорунун замандашы болгон бул акындын чыгармаларына кызыгуу жаралган болсо кыргызча котормолорунан же орус тилинен окуй аласыздар.

Программаны даярдаган Назгүл Кадырова.  



Тектеш кабарлар