АКШ кайда баратат?

Глобалдык перспектива-34

АКШ кайда баратат?

АКШ кайда баратат?

Анкарадагы Йылдырым Беязыт университетинин саясий илимдер факультетинин деканы проф. др. Кудрет Бүлбүлдүн темага байланыштуу баамдоосун окуп жатасыздар.

АКШ кайда баратат?

Акыркы убактарда, террорду колдогону себеби менен камакта кармалган кечил Брансон боюнча күчөп кеткен Түркия жана АКШнын ортосундагы кризиске үңүлгөн абалдабыз. Бул кризисти Түркия-АКШ алакалары жагынан түшүнүүгө аракет кылган кеңири катмар бар. Талкуу жана анализдер көбүнчө ушул перспективадан жүргүзүлүүдө.

Кризисти Түркия-АКШ алакалары жагынан түшүнүүгө аракет кылуунун шексиз көп себептери бар. АКШ тарабынан кризистин ушунчалык күчөтүлүшү; Орусиядан С-400 ракеталарынын алынышы, АКШнын Кудсту Израилдин борбор шаары кылышына каршы Түркиянын глобалдык абийирдин үнү болушу, эң акырында кечил Брансон окуясына байланыштырылса дагы Түркия тарабынан маселе мындай түрдө каралбайт. Түркия жагынан алып караганда маселе Түркия террордук уюм катары эсептеген ПКК/ЙПГ аркылуу АКШнын террор мамлекетин куруу аракети, Түркиянын 11-сентябры катары эсептелген 15-Июлдун жооптуусу ФЕТӨнүн корбашчысынын АКШдагы кымбат баалуу хан сарайында жашап жатканы, Түркиянын берген бардык документтерине карабастан ал туурасында эч кандай иш козголбогону болуп саналат.  АКШнын мамилесинин Түркиянын коомдук пикиринде кандай түшүнүлгөнү дагы жакшы байкалышы үчүн бул мисалды берсек болот; Усама бен Ладендин бир өлкөдө багылып жатканы жана ал өлкөнүн Аль-Каида террордук уюм аркылуу АКШнын Мексика чек арасында террордук аймак түзүү аракети Америка коомчулугунда кандай түшүнүлсө, АКШнын бул мамилеси дагы Түркиянын коомдук пикиринде  ошондой эле каршы чыгууну тартууда.

Түшүнүлсө боло турган себептерге карабастан кризисти Түркия менен АКШнын ортосундагы карым-катнаштар жагынан кароо кем баа берүү болот. Анткени АКШ бир гана Түркия менен кризисти башынан өткөрүп жаткан жери жок. АКШнын дагы чоң кризистери Кытай, Орусия, ЕБ, өзгөчө Германия менен болуп жатат. Ал эмес АКШнын тарыхында мисалы көп кездешилбегендей түрдө Мексика жана Канада менен да кризистер болуп жатат. Түндүк Корея жана Иран менен болгон өнөкөткө айланган кризистерге токтолбой эле коюн.

Ушул себептен Түркия менен АКШнын ортосундагы кризисти бир гана эки өлкөнүн ортосундагы карым-катнаштар жагынан кароо туура болбойт.

Бул кризистерди бир гана Трамп башкаруучулугунан көрүү да туура болбойт. Шексиз Трамп башкаруучулугунан келип чыккан жактары да бар. Муну менен бирге АКШ бийлигинин дээрлик бүткүл дүйнө менен болуп жаткан кризистеринин себептерин абдан тереңден издөө керек. Булардын башкылары мындай тизмеленсе болот;

АКШнын глобалдык деңгээлде болуп жаткан, балким жараткан кризистеринин эң маанилүү себептеринен бирөө, балким эң маанилүүсү, бул өлкөнүн ааламдашуудан жетиштүү түрдө киреше таппай жатышы болуп саналат. Глобалдык атаандаштыкта АКШнын фирмаларынын артта калышы. Глобалдык атаандаштыктан эң көп киреше таап чыккан өлкөлөр; АКШ жана ЕБ эмес, Кытай, Индия,Бразилия жана Түркия сыяктуу өлкөлөр болуп эсептелет. Бул процессте АКШнын экономикасы бир канча жолу кризиске батып жатканда, бул өлкөлөр улуттук киршелерин бир канча эсе жогорулатышты. Бул мезгилде Американын гегемониясынын бүтүп баратканы да байма-бай талкууга алынууда.

Өзгөчө АКШнын глобалдык атаандаштыктан, ачыктыктан, эркин экономика базарынан жетиштүү түрдө киреше таба албаганы белгилүү болуп турганда, АКШнын ызалануусунун абдан маанилүү себеби ушул болуп турганда, айрым интеллигенттерибиз жана башкаруучуларыбыз ааламдашууга карата эми көнүмүш адаттарын бузушу керек. Ааламдашуу процесстеринин өнүккөн өлкөлөргө дагы көп салым кошкон, байды дагы көп байыткан, кедейди дагы көп кедей кылганы түрүндөгү даяр конфорттуулук пландары боюнча дагы бир жолу ой-толгоолору керек.

Трамп бийлиги, өлкөсү ааламдашуудан жетиштүү киреше таап чыкпаганы үчүн эркин базар экономикасынын шылтоосуна, ааламдашуудан мурдагы саясаттарга багытталууда. Арткан салыктар, жогорулаган бажы салыктары, өлкө тышына аккан капиталды артка чакыруулар бул саясаттын уландысы болуп эсептелет. Бул саясаттар дүйнөлүк сооданы тарытуусу менен бирге башка өлкөлөр менен катар АКШга да зыян тийгизе турган кадамдар болот. Эң көп акыркы кардарга зыян тийгизет. Анткени арткан салыктар жана бажы тарифтери менен баалар жогорулайт.

Экинчи себеби өткөн аптада жазганыбыздай АКШ башкаруучулугунда диний топтордун, жамааттардын, секталардын барган сайын арткан таасири болгонун айтсак болот. Кудс жана кечил Брансон чечиминде болгону сыяктуу АКШ башкаруучулугунун иррационалдык айрым чечимдерин башкача түрдө ачыктай алуунун рационалдуулугу жок. Вице президент Майк Пенстин, мурдагы президенттерден уул Буштун радикал евангелист экенин кайра эске сала кетели.

Андан башка себеп катары АКШ туш болгон башкаруу кризисин айтсак болот. Көп сандаган окуяда Пентагон, Ак үй жана АКШнын тышкарысы башкача ойлоно алууда жана башкача мамиле кыла алууда. АКШ бийлигинен дагы ашып өткүдөй түрдө Америка коомчулугундагы ар башка коалициялардын каршы чыгуулары жана күтүүлөрү Ак үйдү болушунча мажбурлоодо. Трамп башкаруучулугундагы өжөрдөнүүнүн маанилүү себебинин бул коалициялар жагынан айтылган Трамптын президенттиктен кулатылуу процесси болгону белгиленүүдө.

АКШ менен Түркиянын ортосундагы кризис, эки өлкөнүн карым-катнаштарынан тышкары эмне кылыш керек?

Шексиз маселенин Түркияга, АКШга жана бакша өлкөлөргө байланыштуу жана бардык адамзатты  кызыктырган жактары бар.

АКШнын ишке ашырган саясаттары жагынан каралганда кайрадан жабык экономикаларга кайтуусу, бажы дубалдарын жогорулатуусу, эркин экономика базарын кичирейтет. Бул кичирейтүү бардык өлкөлөргө жана кишилерге зыян тийгизет. АКШнын өзгөчө Кытайдын жогорулоосуна каршы өнүктүргөн бул саясаттары бир аз түшүнүлсө болот. Муну менен бирге Дүйнөлүк Соода Уюму, Дүйнөлүк Банк жана Эл аралык уюмдар жана эркин сооданы, жүгүртүүнү жактагандар, ар кимге зыян тийгизе турган бул саясаттарга каршы биргелешкен мамилени өнүктүрүүсү зарыл.  АКШнын оюндун эрежелерине жараша ойнобой жатышы бардык өлкөлөр үчүн коркунуч жаратып жатат.

2-Дүйнөлүк согушта нацизм жана фашизм сыяктуу радикал идеологиялык агымдардын жана учурда Жакынкы Чыгышта радикал динчил агымдардын өлкөлөрүн жана дүйнөнү кайда алып баратканы белгилүү. Ушундай эле түрдө Америка башкаруучулугунун, сионист христиандык катары көрүнгөн евангелизм жана радикал динчил агымдардын катуу таасирине дуушар болушу адамзатка пайда алып келбейт. Америкалык эркиндикчил, плюралист жана либералдык катмарлар бул коркунучту билип турушат болуш керек. Бул катмарлардын рационализмге, эркиндикке жана плюрализмге  карата күрөшүүлөрү адамзат үчүн абдан баалуу.

Өлкөлөр убак-убагы менен коомдук, экономикалык, саясий, маданий кризистерге дуушар болушу мүмкүн. Мындай абалдарда өлкөлөрдү мындай кризистерден чыгара турган көрөгөч лидерлерге муктаждыгы болот. Трамп бийлиги бул темада чоң үмүт бере албай жатат. Андан да жаманы үмүт бербөө темасында Трамп башкаруучлугунун жалгыз болбогондугу. Көп сандаган Европа өлкөсү келечекке карай үмүт берүүчү көрөгөчтүктөн кем калган лидерлер тарабынан башкарылууда.

Үмүтүбүзүдү үзбөйлү, бирок дүйнө, ааламдашуу саясаты тилекке каршы жаркын келечекке убада бербей жатат.

Анкарадагы Йылдырым Беязыт университетинин саясий илимдер факультетинин деканы проф. др. Кудрет Бүлбүлдүн темага байланыштуу баамдоосу...

 



Тектеш кабарлар