Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-15

Уйгур адабиятынан Абдурахим Өткүрдүн “Из” романы

Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-15

Урматтуу китеп  күйөрмандары, биздин бүгүнкү уктуруубузду уйгур адабияты менен улантабыз. Программада уйгур адабиятынын белгилүү жазуучусу жана акыны Абдурахим Өткүрдүн “Из” аттуу чыгармасын баяндап бербиз.

 Кадырлуу окурмандар, соңку уйгур адабияты дегенде Абдурахим Өткүрдүн ысмы кеңири таанымал. Ал акын-жазуучулук менен гана чектелбестен мыкты түрколог жана элине жанын үрөгөн саясатчы да болгон. Көбүнчө акын катары таанылган Абдурахим чыгыш Түркстандын Кумул деген шаарында 1923-жылы соодагердин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Жаш кезинен жетим калып, аны - атасынын досу Осмон ажы чоңойтот. Осмон ажы анын окууга шыгын көрүп диний мектепке берет. Адабий чыгармачылыгы университетте окуп жүргөндө, 1939-жылдарда башталат. Анын алгачкы эмгекетери ыр болгон. Ырларынын темасы элинин эркиндиги жөнүндө болгон үчүн башка уйгур жазуучуларындай эле ал дагы түрмөгө камалып жыйырма жылга чейин өмүрүн абакта өткөргөн. Мына ушундай запкыдан кийин ырларын абайлап жазууга мажбур болот. Кытай коммунистик партиясынын жазуучу-акындарга жазуу эркиндигин бергенден кийин гана чыгармачылыгын уланта баштаган. Эркиндигин алган 1985-жылдан баштап чыгармачылыгындагы элге кеңири таанымал, маанилүү эмгектери, атап өтсөк “Өмүр жолу” ыры, “Из” жана “Ойгонгон жер” сыяктуу романдары жаралган. Абдурахим Өткүр өзүнүн 72 жылдык өмүрүндө ыр, роман, пьеса, котормолор жана бир топ макала жазып калтырган. Ал элинин эркиндиги үчүн аягына чейин күрөшүп, тарыхты казып изилдеп Жусуп Баласагындын “Кут алчу билим” чыгармасын уйгур тилине которуп жана эски уйгур жазуулары жөнүндө макалаларын жарыялап түркология илимине салымын кошкон. Абдурахим Өткүр 1995-жылы катуу оорунун айынан бул дүйнөдөн кайткан.

Абдурахим Өткүрдүн документалдык тарыхый романы болгон “Из” 1985-жылы Щинжан халк басмаканасынан жарык көрөт. “Из” романы 1907-жылы өзүнүн төрөлгөн жеринде Кумул аймагындагы дыйкандардын көтөрүлүшү менен 1912-жылкы Тимур Халифе көтөрүлүшүнөн күч-кубат алып кийинки урпакка из калтырууну көздөп жазылган. Уйгур элинин кытай өкмөтүнөн тарткан запкысына жана алардын адилетсиздигине каршы күрөшкөнүн тарыхый дастан түрүндө баяндайт. Тимур Халифе кытайдын 2000 жылдык феодалдык системасына көтөрүлүш жасап эркиндик байрагын элине алып берген патриот болгон. Ал эркиндик кыска сүрсө да өз элине кытайдын да жеңилээрин көрсөтө алган. Мына ушундай эрдикти улантууну көздөгөн жазуучу калеми менен элине кызмат кылган.

                  Жалпысынан 419 баракты түзгөн бул роман 28 бөлүмдү түзүп арап тамгасы менен жазылган. Романды “Из” аттуу уйгур адабиятында белгилүү төмөнкү ыры менен баштайт:

Жаш элек, узак сапарга аттанганда биз,

                                    Кылым тооруп атка минди неберебиз.

                                    Аз элек кыйын сапарга аттанганда биз

                                    Чоң кербенге айландык, чөлдөргө калтырып из.

                                    Издер калды чөлдөрдүн арасында, дөңгүлдө ээнсиз

                                    Эчендеген арстандар уктайт чөлдө кабырсыз.

                                    Кабырсыз калды дебегин, балгын кызарып талында

                                    Жайнаган гүлгө бүрүнөт, кабырыбыз өз маалында.

                                    Баскан из да, чек ара да баары калды узакта

                                    Чыкса бороон, учса кумдар, бирок көмүлбөс изибиз.

                                    Аттарым алсыз болсо да, кербенди жолдо таштабайт,

                                    Алдыда урпак-небере, баба изин кууп бизди унутпайт.

                  “Из” аталышы уйгур элинин эркиндигинин символу катары атайын тандалып алынганы маалым. Ырдын аркасынан жазуучу, окурмандарына кайрылып өзүнүн башкы каарманы Тимур Халифаны Максим Горкийдин “Данко”суна окшоштуруп дастан түрүндө түшүндүрөт. Тимурду укмуштай куш сымал сүрөттөп, кытай баскынчыларын ажыдаарга окшоштурат. Андан соң чыныгы тарыхый окуяларга токтолот. “Из” романынын ар бир бөлүмүндө тема коюлган. Мисалы биринчи бөлүмүндө башкы каарман Аманкул ууга чыгып Айгыз аттуу сулууну таап алып, айылына алып келген окуя сүрөттөлгөн үчүн “Тоо периси” деп аталат. Экинчи бөлүмү “Айгыздын башынан өткөргөн кыйынчылыктары, кийинки бөлүмүндө Тимур Халифаны сүрөттөгөн “Боз ат минген адам” сыяктуу темаларды камтыган. Романдын соңуна чейин Аманкул менен Тимурдун бирге күрөшкөн эрдиги баяндалат. Акыркы бөлүмү “Кырсыктын соңу” деп аталып ал бөлүмдө кытайлар тарабынан Аманкул менен Тимур өлтүрүлүп жоокерлери чачырайт. Мына ушундай тарыхый чындыкты жазып кийинки муунга из калтырган жазуучу, уйгур үрп-адаты, каада-салты, макал-лакаптарынан көп мисал келтирип чыгармасын руханий байлык менен толтурган десек болот.

                  Жазуучу чыгарманын башында Тимур Халифа жөнүндө бир топ маалымат топтогонун жазат. Анан маалымат берген улуу муунга жана мамлекеттик архивден пайданганга жардам бергендерге ыраазычылыгын билдирет. Кийин романын жазаар алдында Тимур Халифанын мазарын зыярат кылып, анан романын жаза баштаганын баяндайт.

Урматтуу окурмандар, бүгүнкү чыгарылышыбызда соңку уйгур адабиятынан кабардар болдуңуздар. Түрк дүйнөсүнө таанымал, уйгур элинин деми болгон бул чыгармага кызыгуу жаралган болсо, анда Абдулкадир Өткүрдүн “Из” романын сунуштайбыз.

Программаны даярдаган Назгүл Кадырова.  


Этикеткалар: Абдурахим Өткүрдүн

Тектеш кабарлар