Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-14

Уйгур адабиятынан Зунун Кадыринин “Чыйралуу” чыгармасы

Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-14

Урматтуу  китеп күйөрмандары, биздин бүгүнкү уктуруубузда уйгур элинин жазуучусу Зунун Кадыринин “Чыйралуу” аттуу аңгемесинен кеп салабыз.

                      Түпкү атасы түрк болгон уйгурлардын аты 8-кылымдагы тарыхый жазуу эстеликтеринен бери белгилүү. Учурунда күчтүү Уйгур Династиясын курган эл - азыр кытайдагы Шиңжан Уйгур автономдуу аймагында жашашат. Уйгур адабияты илгертен оозеки чыгармачылыкка бай келип Огузнаама, Тахир менен Зухра, Чын Темир сыяктуу дастандары менен белгилүү. 18-19-кылымдарда башталган кытайлардын саясий оюндары уйгур адабиятына да таасирин тийгизген. Кытайдын баскындуу саясатынан улам жазуучулар эркиндик темасында көп жаза башташкан. Мына ушул саясий кырдаалдарды колго алган жазуучулардын бири Зунун Кадыри болгон.

 Кадырлуу окурмандар, алгач автор жөнүндө баяндай өтөлү. Зунун Кадыри 1912-жылы чыгыш Түркстандын Тарбагатай деген жеринде төрөлгөн. Ал жаш кезинен тартып элдик дастан, жомокторго кызыккан. Алишер Неваи сыяктуу улуу жазуучулардын чыгармалары менен азыктанган. Өзүнүн алгачкы чыгармасы “Караңгылыктын кесепети” деп аталган пьесасы болгон. Азыр дагы эл арасында белгилүү болгон элинин боштондугу үчүн жазылган бир топ пьесасы бар. 1945-жылдан кийин аңгеме жанрында жаза баштаган. Аңгемелеринин темасы кытай башкаруучуларынын уйгур элине жүргүзгөн адилетсиз саясатын камтыйт. Элдин караңгылыгын, саясаттын ыпластыгын, элдин тарткан азабын жазуучу жөнөкөй тил менен элге жеткирет. Ал реалист жазуучу катары уйгур элинин таанымал даанышман инсаны. Анын ийгилик жараткан чыгармаларынын ичинде 1955-жылы жазылган “Чыйралуу” аттуу аңгемеси болуп саналат. Алып келген ийгилигинен улам сыйлыкка татыктуу болгон бул чыгармасы орус, англис, немис, француз жана жапон тилине которулуп элге кеңири таанылган.

 Жазуучу Зунун Кадыринин “Чыйралуу” аттуу чыгармасын жазып жаткан учур - кытайдын Коммунистик партиясынын дооруна, тактап айтканда социалистик системанын курулушуна туш келет. Мурунку улутчул көз караштагы кытай саясатынан эзилген уйгур эли эркиндигин ошол Коммунистик партиядан күткөн. Мына ушундай саясий өзгөрүүнү жазуучу чыгарманын башкы каарманы Метнияз аттуу чыгыш Түркстандык бир жигит аркылуу баяндайт. Метнияз шаардан айылга келген ыкшоо, жалкоо, кичинесинен эрке болуп өскөн, иш кылбаган ак кол келген образдагы жигит болот. Ал жашоосунда көп жумушта иштеп бирок жалкоолугунан улам ордун таппай келет. Метнияздын шаардагы ишинин жүрүшпөгөнүнөн улам атасы каза болгондон кийин айлындагы үйүнө көчүп барат. Бирок дыйканчылык кылуу ага өтө оор болот. Чындыгында анын колунан көп иш келген менен жалкоо болгон үчүн эч бирин так жасабай келген. Бирок адамдык сапаты элге жагат, сүйкүмдүү, берешен, ачык айрым, түз сүйлөгөн адам катары сүрөттөлөт. Ал айылга келгенде жаңы партиянын саясаты боюнча жер реформасы жана кооперативдер түзүлө баштаган учур болот. Метнияз жер реформасында өзүнө түшкөн үлүшкө айылындагы Ишбирлик тобунун башчысы Хемранын жардамы менен зыгыр эгет. Ишбирлик тобунун жардамы менен араң эгин эккен Метнияз эгини бышкыча акырындык менен ыкшоо мүнөзүндө өзгөрүүлөр башталат. Аны өзгөрткөн эки нерсе бар эле. Биринчиси Коммунистик партиянын айылдагы колу болгон Ишбирлик тобунун жардам берип тийгизген таасири. Экинчиси Хемранын жесир калган карындашы Иззетканга болгон сүйүүсү. Иззеткан акылдуу, маркум жолдошунан калган балдарына мээримдүү эне, чөйрөсүнө жардамын аябаган колу ачык жана абдан сулуу аял катары сүрөттөлөт. Колун сурап келгендер көп болгону менен балдарынан улам кайтарып жөнөткөн. Алардын ичинен Метнияз Иззетканга жетиш үчүн эски жалкоо, чечкинсиз мүнөзүнөн баш тартып, иштерман жана чечкиндүү болуп чыга келет. Ушундай өзгөрүшүн көргөн Иззеткан анын балдарына жакшы ата болоорун баамдайт. Метнияз Ишбирлик тобунун активдүү мүчөсү болуп кызматын так аткара баштайт. Жазуучу муну менен учурундагы Коммунистик партиянын үгүтүн жүргүзгөндөй. Анткени эски мамлекеттик башкаруу менен уйгур эли кыйналып келип Коммунистик партиянын саясатынан улам коомдун көңүлү жайлана түшкөн учуруна туура келет. Албетте ар бир чыгарманын терс каарманы бар. Бул чыгарманын терс каарманы Ишбирлик тобунун мүчөсү Сейит Ахун аттуу киши болот. Ал ач көздүгү, көрө албастыгы менен Метниязга терс таасирин тийгизет. Метнияздын Иззетканга болгон сүйүүсүн ушактап, жүрүп жаткан ишине тоскоолдук кылат. Бирок мындай кыйынчылыктарды жеңип, чыгарманын аягында Метнияз сүйгөнүнө жетип баш кошуп бактылуу өмүр сүрүшөт.  Жыйынтыктап айтканда аңгемеден сабак алуучу көп учурлар кездешет. Чыгарманын негизги сабагы - адамдагы сүйүү күчүнүн жашоону канчалык өзгөртөөрүнө басым жасайт. Муну менен бирге эгер адамга колдоо көрсөтсө канчалык даражада оңолоорун баяндайт. Өзгөчө, коомдо биргелешип иштешүүнүн пайдаларын көрсөтөт. Мына ошондо гана коомдун жана маданияттын өнүгүшүнө жол ачылаарын туюнтат.

Урматтуу окурмандар, бүгүнкү чыгарылышыбызда соңку уйгур адабиятынан кабардар болдуңуздар. Жогоруда кеп болгон жазуучу Зунун Кадыринин “Чыйралуу” чыгармасынын өзгөчөлүгү каармандардын психологиялык оң таасиринен улам окурмандарды өзүнө тартып турганында. Эгерде бул чыгармага кызыгуу жаралган болсо анын котормолорунан окууңуздарды сунуштайбыз.

Программаны даярдаган Назгүл Кадырова.  

 


Этикеткалар: Зунун Кадыринин

Тектеш кабарлар