Коргонуу боюнча улуттук долбоорлор-1

Коргонуу тармагында жергиликтүү жана улуттук учактардын аңгемеси: Хүркуш жана башкалары

Коргонуу боюнча улуттук долбоорлор-1

Коргонуу тармагында жергиликтүү жана улуттук учактардын аңгемеси: Хүркуш жана башкалары

Түркия коргонуу өнөр жайында акыркы жылдарда жасалган маанилүү секириктердин оң натыйжаларын акыркы аскердик операцияларда көрдү. Ичкериде террордук уюмдар менен күрөшүү, тышкарыда «Евфрат калканы» кыймылы менен башталган жана «Зайтун бутагы» кыймылы менен уланган ийгиликтүү операцияларда жергиликтүү жана улуттук коргонуу өнөр жайдын техникалары колдонулду. Жергиликтүү куралдар, учкучсуз учуучу аппараттар, куралдуу учкучсуз учуучу аппараттар жана аянтта операция жүргүзүлүшүн камсыздаган оңдоо жана майлоо иш-аракеттери бүткүл дүйнөнүн көңүлүн бурду. Мурда коргонуу өнөр жайында чоң көлөмдө тышкарыга көз каранды болуп келген өлкөбүз, эми улуттук кемесин, танкасын, улуттук радарын, учкучсуз учуучу аппараттарын, куралдарын чыгарууда жана космоско спутнигин учурууда. Өлкөбүздө коргонуу өнөр жайында келип жеткен жер коргонуу өнөр жайы фирмалары менен аскердик ишканаларда иштегендердин салымдарынын жана өзгөчө акыркы 15 жылдан бери ташталган кадамдардын мыкты лидерлик менен башкарылышынын жемиши десек болот.

Нури Демираг: «Жеңиш бүркүтү учактын канатынын үстүнө конду»

Түркиянын коргонуу өнөр жайынын тарыхына көз чаптырсак,коргонуу өнөр жайы чындыгында маанилүү эмгектерге жана жандалбастоого карабастан жетиштүү колдоону көрө албаган сектор болгон. 1930-жылдар...Ал жылдардын Түркиясында Дивригиден чыккан маанилүү ишкер болгон Нури Демирагдын жашоо аңгемеси жергиликтүү-улуттук өнөр жайда көп жылдар бою эмнени өткөрүп жибергенибизди көрсөтүп турат. Өлкөнү темир жолдору менен жабдыганы үчүн «Демираг» фамилиясын алган. Өлкөнүн өнүгүүсү үчүн ондогон чоң долбоорлорду ишке ашырды. 1939-жылы учак чыгарды, Авиация мектебин ачып ондогон жаш учкучту жетилтти. Нури Демираг:«Жеңиш сайуучу быячактын учунда эмес. Жеңиш бүркүтү сайуучу бычактын учунан учту, асманга көтөрүлүп,  учактын канатынын үстүнө конду»,- деп айтып ал мезгилде көк асманга ээ болуунун канчалык маанилүү экенин ар бир мүмкүнчүлүктө түшүндүрөт. Түшүндүрүп эле тим болбойт, өлкөнүн көк асманга ээ болушу үчүн учак заводун курат. 1939-жылы көк асманга учкан алгачкы жергиликтүү учакты жасап чыгарат.

Ал эми анын башкаруучулары акыл уга тургандай эмес эле. Мындан мурда өлкөдөгү энергетика муктаждыгын камсыздоо үчүн 1933-жылы Кебан суу сактагычы долбоорун ал убактын Нафиа министри (Коомдук иштер министри) Али Четинкаяга сунуштап жатканда туш болгон мамиле абдан жаман болгон. Али Четинкая ал убактын Улуттук сотторунда кызмат кылган «Үч Алилерден» бири эле. Демираг долбоорун сунуштай электе эле министр, «Ооба Нури мырза, суу сактагыч салат экенсиң. Кантип саласың, ким менен саласың, ушунчалык чоң ишти кантип жеңип чыгасың? Андан кийин салдың деп коелу, өндүргөн энергияны кимге сатасың?» деп суук сөздөрдү айтып баштайт. Инженерлери менен келген Демираг даяр болчу. Анткени отчетторунда бул суроолордун бардыгына жооп бар эле. Ал эми министрдин угууга ниети жок эле. Демираг: «Бул маселе өлкөнүн келечеги болуп саналат»,- деп айтканда министр тарабынан сөзү токтотулат. Министр: «Өлкөнүн келечегин ойлоо сага калыптырбы, ойлосок биз ойлойбуз»,- деп айтып Демирагды куугандан да жаман кылат. 1933-жылы долбоорлонгон Кебан суу сактагычы 1966-жылы күн тартипке келет жана курулушу 10 жылга созулат. Ал убактын менменсинген башкаруучуларынын айынан ушундай маанилүү долбоор 33 жылдан кийин салына баштайт.

Нури Демираг 1939-жылы алгачкы улуттук учагыбызды жасап чыгарат

1935-жылы өлкөнүн муктаждыгы болгон учактарды алыш үчүн акция уюштурулат. 10 миң лирадан көп кайрымдуулук кылгандардын ысымдары учакка коюлуп жатты. Нури Демираг болсо кайрымдуулук кылуунун ордуна бардык капиталын улуттук учак жасап чыгарууга жумшоо чечимин чыгарды. Ал убакка дейре тапкан акчасын «улуттун аманаты» катары карачу. Европадан, Америкадан лицензияларды алып учак жасап чыгарууну» көчүрмө катары карагандыктан толугу «Түрк модели» болгон учак чыгаруу үчүн белсенет. 1936-жылы Бешикташта ишкананын пайдубалын түптөйт. Дивригиде салына турган ишкана менен бүгүнкү Йешилкөй Ататүрк аэропорту орун алган жерде учактарга аэропорт салынышы үчүн иштер башталат.

1937-жылы Түрк авиация мекемеси ачкан 10 даана билим берүү учагы менен 65 даана планер алуу тендерин уткан Демираг жана командасы күн-түн дебестен иштеп жатышты. Ататүрктүн 1938-жылы дүйнөдөн кайтышы менен бирге өлкөдө саясий талаш-тартыштар башталды. 1939-жылы бардык техникалык шарттары орундатылганына жана Түрк аба күчтөрүнүн учкучунун оң отчет бергенине карабастан учактар четке кагылды. Учактардан бирөө Эскишехирде аянттын тар болушунун себебинен талаага конгондо кырсыкка учурады. Түрк аба күчтөрүнүн жооптуу кызматкерлери кулап түшүүнүн техникалык ката болгону себеби менен сатып алуулардан баш тартты. Демираг, ал убактын бардык жооптуу кызматкерлерине көп жолу кат жазганына жана доо койгонуна карабастан натыйжа ала алган жок. Өлкөнүн келечегине таасир тийгизе турган маанилүү  долбоор дагы саясий талаш тартыштарга жана жалаа жабууларга садага чабылды.

Түрк башталгыч  жана баштапкы билим берүү учагын өнүктүрүү долбоору (Хүркуш)

Бүгүн болсо өлкөнү башкарган лидерлердин таасири менен жана тийиштүү мекемелерге колдоо көрсөтүүлөрү менен бир топ улуттук коргоо долбоору жүргүзүлүп жатат. ХҮРКУШтун прототиби жасалып чыгышы аяктады. Айрыкча иштери уланган алгачкы улуттук учагыбыздын 2023-жылы көк асманда учуу иштери улантылууда. Европанын улуттук авиация бийлигинен түрсертификатын алган алгачкы түрк учагы ХҮРКУШтун 2 даана прототиби жасалып чыкты. ХҮРКУШ (Түрк башталгыч  жана баштапкы билим берүү учагын өнүктүрүү долбоору), жаран жана аскердик авиациянын өнүккөн билим берүү учагынын муктаждыктарына жооп иретинде толугу менен өзгөчө долбоорлонду. Айрыкча ХҮРКУШ-С деп аталган версиясынын болсо куралдандыруу иш-аракеттери улантылууда.

Улуттук согуштук учак долбоору

Улуттук согуштук учак долбоору менен Аба күчтөрү командирлигинин 2030-жылдардан кийинки согуштук учак муктаждыктарынын өлкө ичинде атайын долбоор модели менен камсыздалат. Жергиликтүү өнөр жай техникалары эң жогорку деңгээлде колдонулган өлкөбүзгө тиешелүү долбоорлор менен иштер жүргүзүлүүдө. Иштери уланган бул маанилүү долбоордо алгачкы учуунун 2023-жылы ишке ашырлышы пландалууда.

F-35 Биргелешкен чабуул учак долбоору

Жаңы муундагы согуштук учак F-35 бешинчи муун, бир учкучтуу жана бир мотордуу, көп максаттуу, радарга аз кармалуучу өзгөчөлүккө ээ аңчы/согуштук учагынын долбоору жана өндүрүлүшү, АКШнын жол башчылыгындагы эл аралык консорциум (АКШ, Англия, Италия, Түркия, Нидерландия, Канада, Австралия, Норвегия жана Дания) тарабынан жасалууда. Түркия да арасында орун алган долбоордо 100 учак ала турганы менен көңүл бурууда. Түркия, программага өнөктөш болгон F-35 долбоорунун алкагындагы алгачкы учагын 21-июнда Техастагы Форт-Уэрт шаарында уюштурулган азем менен өткөрүп алды. Учурда учкучтарыбыз АКШда билим алуусун баштады жана тийиштүү билим алуусун аяктагандан кийин учактардын колдонулуусу башталат.

Түркия F-35 учактарынын Европа аймагында борт жана моторлорунун кеңири майлоо жана оңдоочу базасы болот. F-35 учактарынын эң татаал структуралык бөлүмдөрүнөн бири болгон «Ортоңку борту» АКШдан тышкары жалгыз булак катары Түркиядан чыгарылууда. Айрыкча F-35 А/В/С Композит компоненттер, F-35 Анын металдык астыңкы борттору жана аба өткөргүчтөрү менен F-35 А/В/С Асман-жерден кошумча жүк ташуучу-Пилон чыгарылышы Түркияда жасалууда. Тактыгын башкаруучу комплекти жана ТҮБИТАК САГЕ өнүктүрүп Рокетсан жасап чыгарган  SOM-Jлардын F-35терге интеграциясы Түркия тарабынан жасалууда.

Мамлекет колдогон бардык долбоорлор ишке ашырылып жатканда өтмүштө мамлекет колдобогон долбоорлор ишке ашырыла алган жок. Кийинки уктурууларыбызда ишке ашырылган берки ийгиликтүү долбоорлордун аңгемелерин түшүндүрүүнү улантабыз.



Тектеш кабарлар