Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-7

Яшар Кемалдын “Инже Мемед” чыгармасы.

Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-7

Урматтуу китеп күйөрмандары, биз –бүгүнкү уктуруубузда түрк адабиятынын белгилүү жазуучуларынан Яшар Кемалдын атактуу “Узун Мехмет” аттуу романынан кеп кылмакчыбыз. Бул роман 1955-жылы китеп болуп басылып, ал бир топ тилге которулуп чыккан. Кийин 1956-жылы «Варлык» сыйлыгына татыктуу болуп, Түркияда жана чет элдерде көп окулган романдардын катарына кошулган.

Кадырлуу окурмандар, алгач автор жөнүндө баяндап өтсөк, Нобель адабият сыйлыгына ылайык көрүлгөн биринчи түрк жазуучусу болгон Яшар Кемалдын негизги аты Кемал Садык Гөкчели болгон. Ал 1923-жылы төрөлгөн жана жашап өткөн 91 жылдык өмүрүндө бир топ аңгеме менен 23 роман жазып калтырган. Чыгармаларынын кээ бир саясий көз карашынан улам бир канча жолу камакка да алынган. Бирок талантын өркүндөтүп окурмандардын сүймөнчүлүгүнө ээ болгон бир топ эмгек жараткан. Чебер жазуучунун «Жер темир, көк жез» аттуу чыгармасы 1977-жылы Францияда Адабият сынчылары профсоюзу тарабынан жылдын эң жакшы чет элдик романы болуп тандалган. Яшар Кемал айрыкча 1984 - жылы Франциянын «LEJYON DÖNOR» орденин алган. Жазуучу чыгармаларында туулуп өскөн Адананы, Торосторду, Чукурованы жана ал аймактагы коомдук маселелерин чагылдырган. Биз кеп кылчу “Узун Мехмет” аттуу чыгармасы да Туркия мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүп жаткан алгачкы жылдарын чагылдырат. Анадолу калкынын караңгылыгына, айыл жашоосунун кыйынчылыгына жана айыл башкаруучуларынын зулумдугуна каршы күрөшүүдөгү окуяларды баяндайт. Бул чыгарма алгач болгар тилине, андан кийин 1959-жылы Назым Хикмет аны орус тилине которуп чыккан. 1961-жылдан баштап англис, француз, итальян, немис, испан тилдерине которулуп, бүгүнкү күнгө чейин кырктан ашуун тилде жарыяланган.

SİNYAL Окуя айыл жергесинде болуп өтөт. Атасы эрте кайтыш болгон Мехмет - апасы Дөне менен бирге Дегирменолук айылында жашаган он жашар өспүрүм. Айыл бүтүндөй Абди Ага аттуу кишинин карамагына өтүп, айыл тургундары ага көз каранды болуп жашашат. Өзүн-өзү билген Абди Ага мыйзамды да үрп-адатты да жалгыз өзү чыгарып, кой дээр кожосу жок жалгыз шарапат сүрөт. Сырттан келип эч ким да кийлигише албайт. Абди Аганын зулумдугуна чыдабаган Мехмет бир күнү айылынан качып чыгат. Башка айылда Сулайман аттуу кишиге малчы болуп иштейт. Апасын сагынган Мехмет эки жылдан кийин жашырынып кайра айылына келет. Муну билип калган Абди Ага Мехметти жазалап энеси экөөнө эгинден үлүш бербей ач калтырат. Ушул сыяктуу кыйын турмуш өткөргөн Мехмет 18 жашка келгенде досу Мустафа менен жашыруун районго барышат. Ал жердеги элдин эркин жашаганын көргөн Мехмет аябай таасирленет жана сүйгөн кызы Хадижаны ала качып районго алып келет.

               Бул кабарды уккан Абди Ага из кубар аксак Али аттуу киши менен Хадижага сөйкө салган болочок күйөөсү Вели экөөнү жөнөтөт. Мехметтин изин кууган аксак Али аларды токойдо табат. Абди Аганын кишилери менен Мехметтин ортосунда чыккан атышууда Вели өлүп, Абди Ага жараланат. Ошондон улам Мехмет Хадижаны айылга барышын, кийин келип алып кетээрин айтып качат. Бир топко жашырынып жүргөн Мехмет кийин Дели Дурду аттуу каракчылардын тобуна кошулуп кетет. Дели Дурду менен чогу иштеп баскынга жана таламай иштерине катышат. Ал жерде Мехмет курал-жаракты колдонуу жана согушуу ыкмасын үйрөнүп чыгат. Дели Дурдунун каарын жактырбаган Мехмет кийин Жаббар аттуу досу менен ал топтон бөлүнүп кетет.

               Бул учурда Абди Ага айылдан бир канча кишини үгүттөп Хадижанын Велини өлтүргөнү тууралуу жалган көргөзмө бердиртип, Хадижаны түрмөгө каматат. Түн катып айылга келген Мехмет апасынын өлтүрүлгөнүн, күнөөсүз жерден түрмөгө камалган аялын угуп чыдабай Абди Аганы өлтүрүүгө ант берет. Башка айылында жашаган Абди Аганын үйүн барып өрттөп жиберет. Үйдөн эч ким чыкпаганын көргөн соң өлдү деп эсептеп, айылына келип мындан кийин эркин жашашаарын айтып жерлерди айылдаштарына бөлүп берет. Айыл көп жылдан кийин биринчи жолу майрамдайт. Бирок Абди Аганын өлбөгөнүн уккан айылдыктар чочулап үйлөрүнө кире качышат. Жерди таратып бергенин уккан Абди Ага каарданып Мехметти өлтүрүүнүн жолун издейт. Ал учурда бир айыл башчы Агага эч ким баш көтөрө албаган. Ошол себептен Мехметтин Абди агага каршы турганы үчүн анын наамы алыска тарайт.

               Кайра тоого чыккан Мехмет аялы Хадижанын башка түрмөгө которулаарын угат. Буга сүйүнгөн Мехмет жолдо жолун тосуп түрмө кызматкеринен Хадижаны жанындагы кыз менен кошо куткарып үңкүргө баш калкалашат. Ошол кышты үңкүрдө өткөрүшөт. Тамак-ашты аларга аксак Али айылдан жеткирип турат. Бир балалуу да болушат. Милициялар аларды түрө издеп айылдагыларды тынч койбойт. Акыры таяктан чыдабаган бир койчу Мехметти тоонун этегинен көргөнүн айтып берет. Аны уккан милициялар ал жака барат да чыккан атышууда Хадижа окко учат. Ал жерден жаш баланы жашырган жанындагы кыз качып кутулуп башка айылга кетет. Арадан мезгил өтүп айылына кайткан Мехмет күнөөсүн мойнуна алып кармалууга бел байлайт. Бирок айылдаштары апасы менен Хадижанын өчүн албастан моюн сунбашын айтып дем берет. Мына ошондо Мехмет райондо жашап жаткан Абди аганы барып атып өлтүрөт. Андан соң айылына жетип эркин жашоонун эми чындап келгенин жарыялайт да өзү тоо беттеп чыгып кетет. Ошол күндөн кийин Мехметти эч ким көрбөйт. Эгер бир сүйлөм менен айта турган болсок бул чыгарма, Торос этегинде Дегирменолук айылында Узун Мехметтин жакыр жашоого баш көтөргөнүнүн натыйжасында заалимдер үчүн бир каракчыга, жердештери үчүн бир куткаруучуга айланган окуяны баяндайт.

          Урматтуу окурмандар, төрт томдон турган бул китеп Анадолу элинин жашоо-турмушунан кабар берет. Элүүнчү жылдарда Анадолу турк тууган элдин жашоо-турмушанан кабардар болгунуз келсе анда Яшар Кемалдын “Узун Мехмет” аттуу бул романын окуп чыгууну сунуштайбыз.

Программаны даярдаган Назгүл Кадырова.



Тектеш кабарлар