Түрк дүйнөсүнөн кабарлар-39

Түрк дүйнөсүндө болуп өткөндөрдөн кабар берүү жана боордош өлкөлөрдү бири-бирине маалыматтандырууга салым кошуу максатында даярдалган «Түрк дүйнөсүнөн кабарлар» программасынын кезектеги бөлүмү сиздердин назарыңыздарда...

Түрк дүйнөсүнөн кабарлар-39

Урматтуу окурмандар ар аптада болгону сыяктуу бүгүн да түрк дүйнөсүнүн ар кайсы аймактарынан чогултулган маанилүү окуяларды сиздер менен бөлүшөбүз.

Алгачкы кабарыбыз Казакстандан болмокчу.

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Түркмөнстанга сапар жасады.

Назарбаев, Жабык имараттагы жана мушташ искусствосу боюнча 5-Азия оюндарынын ачылыш аземине катышканы барган Түркмөнстанда президент Бердимухамедов менен жолукту.

Казакстан президенттигинин жазуу түрүндөгү жарыясында жолугушууда Бердихумамедовдун Назарбаевге 5-Азия оюндарынын ачылыш аземдерине катышууну кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылыгын билдиргени маалымдалды.

Гурбангули Бердимухамедов, 64-өлкө катыша турган оюндардын колдошуу жана ынтымактын көрсөткүчү болгонун айтып, БУУнун талабы боюнча баш калкалоочулардан түзүлгөн 65-өлкө катары аныкталган команданын да оюндарда күч сынаша турганын айтты.

Президент Назарбаев болсо оюндарды өткөрүп жаткандыгы үчүн Бердимухамедовду куттуктап, өлкөдө элге кызмат кыла турган көп сандаган спорт комплексинин салынганын баса белгиледи.

Мындай иш-чаралардын Түркмөнстандын дүйнө жүзүндө дагы жакшы таанылышын камсыздай турганын айткан Назарбаев, Казакстандын да быйыл 28-Дүйнөлүк кышкы университет оюндарын өткөргөнүн эске салды.

Назарбаев, андан кийин 5-Азия оюндарына катыша турган Казакстандын улуттук командасынын делегациясы менен жолукту.

 

Түркия үнү радиосунун сүйүктүү окурмандары, кезекте Өзбекстандан бир кабарыбыз бар.

Өзбекстан Түркияга ырахмат айтты. Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдүлазиз Камилов: «Түркия тарабы Өзбекстанда курула турган «Имам Бухари» илимий изилдөө борбору менен Ислам цивилизациясы борборуна ар түрдүү колдоону көрсөтүүгө даяр экенин жарыялады. Биз да ушундан улам ырахматыбызды айттык»,-деди.

Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдүлазиз Камилов, Түркияга Өзбекстанда курула турган «Имам Бухари» илимий изилдөө борбору менен Ислам цивилизациясы борборуна колдоо көрсөтүүгө даяр болгонун жарыялоосунан улам ыраазычылыгын билдирди.

Камилов, улуттук телеканалына куруп берген маегинде Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев менен президент Режеп Таййип Эрдогандын Казакстандын борбор шаары Астанада өткөрүлгөн Ислам Кызматташтык Уюмунун илим жана технология саммитинин алкагында жолукканын эске салды.

Жолугушууда Самаркандда «Имам Бухари» илимий изилдөө борбору менен Ташкентте Ислам цивилизациясы борборунун курулуусу темасында өз пикирлерин айткандарын белгилеген Камилов: «Жолугушуу убагында Түркия тарабы, Өзбекстанда курула турган «Имам Бухари» илимий изилдөө борбору менен Ислам цивилизациясы борборуна ар түрдүү колдоону көрсөтүүгө даяр болгонун жарыялады. Биз да ушундан улам ырахмат айттык»,-деп айтты.

Камилов, Өздекстандын президенти Мирзиеевдин октябрь айында Түркияга расмий сапар менен келе турганын, сапарда эки өлкөнүн ортосундагы карым-катнаштардын дагы да өнүктүрүлүшүнүн карала турганын баса белгиледи.

Сапарга чейин тараптардын ортосундагы экономикалык жана инвестиция тармактарында өз ара келишимдердин даярдала турганын маалымдаган Камилов, сапарда жаңы жана чоң долбоордун күн тартипке келе турганы маалыматын бөлүштү.

 

Акыркы кабарыбыз орток тарыхыбыз тууралуу болмокчу.

«Түрк тарыхы үчүн маанилүү кадам ташталды».

Эл аралык Түрк академиясынын төрагасы Дархан Кыдырали: «Кентайдан Улуу тоого чейин; тарыхый аң-сезимдин жаңыланышы» археологиялык эмгектеринин алкагында Түрк тарыхы үчүн абдан маанилүү табылгаларга ээ болгондорун жарыялады.

Кыдырали, Анадолу агенттигинин кабарчысына берген  маалыматында Монголия өкмөтү жана улуттук музейи менен болгон келишимдин алкагында мындан мурда изилденбеген Монголиянын Шивет Улан аймагында археологиялык казуу эмгектерин баштаткандарын айтты.

Шивет Улан комплексинин ибадатканасында болгон казуу иштеринде көп сандаган шайман табылганын баса белгилеген Кыдырали: «Казууларда Шивет Уландын Илтериш Каган доорунда 670-691-жылдар аралыгында жашаганын белгиледик. Ушул убакка дейре жабык болгон жана изилдөө жасалбаган Керулен аймагындагы казууларда Түрк тарыхын чагылдырган орто эсеп менен 20 табылга таптык»,-деп айтты.

  • «Өтүкен жана Улуу тоонун арасында жаңы окшоштукту таптык».

Кыдырали, Кентайда Чынгыз Хандын туулган жери Бурхан Халдундан Улуу тоодогу Алача Хан, Жуси Хан мавзолейине чейин аймакта бир айлык археологиялык саякат уюштургандарын да маалымдады.

«Өтүкен менен Улуу тоонун ортосунда жаңы окшоштук жана байланыштарды белгиледик»,-деген Кыдырали, Улуу тоодо Алтын Ордонун алгачкы куруучусу Бату жана анын атасы Жожу Хандын көрүстөнүнө зыярат кылгандарын, максаттарынын да Евразия мамлекети Алтын Ордонун маанисине токтолуу экендигин сөз кылды.

Саякатка Түркия да арасында орун алган 10 өлкөдөн илимпоздор катышканын белгилеген Кыдырали, саякатта Улуу тоодогу Домбаул күмбөзүнүн Өтүкендеги Шивет Улан комплексинин уландысы болгонун белгилегендерин айтты.

Кыдырали: «Анын жанындагы Алача Хан күмбөзү жаңы мезгилдин, Алтын Ордо да Ислам доорунун башталышына туура келет. Улуу Тоо, кош цивилизациянын бириккен жери»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар