Түрк дүйнөсүнөн кабарлар-38

Түрк дүйнөсүндө болуп өткөндөрдөн кабар берүү жана боордош өлкөлөрдү бири-бирине маалыматтандырууга салым кошуу максатында даярдалган «Түрк дүйнөсүнөн кабарлар» программасы...

812294
Түрк дүйнөсүнөн кабарлар-38

Түрк дүйнөсүндө болуп өткөндөрдөн кабар берүү жана боордош өлкөлөрдү бири-бирине маалыматтандырууга салым кошуу максатында даярдалган «Түрк дүйнөсүнөн кабарлар» программасынын кезектеги бөлүмү сиздердин назарыңыздарда...

Урматтуу окурмандар ар аптада болгону сыяктуу бүгүн да түрк дүйнөсүнүн ар кайсы аймактарынан чогултулган маанилүү окуяларды сиздер менен бөлүшөбүз.

 

Алгачкы кабарыбыз Түркмөнстандан болмокчу.

Түркмөнстанда 5-Азия оюндары башталды.

Ашкабатта 17-сентярда болгон расмий ачылыш аземине 7 миңдей  киши катышканы маалымдалды.

2010-жылдын акырында пайдубалы түптөлгөн жана түрк фирмасы тарабынан курулган олимпиада комплекстери 1,5 чарчы км аянтка салынды жана 15 башка спорттук комплексти камтыйт.

Жабык имараттагы жана мушташ искусствосу боюнча 5-Азия оюндарында 65 команданын спортчулары медаль үчүн таймаша башташты. 45 Азия жана 19 Тын океан өлкөсү менен катар, олимпиада байрагынын астында жарыша турган баш калкалоочулардын командасы оюндарда орун алууда.

Жабык имараттагы жана мушташ искусствосу боюнча 5-Азия оюндарында орто эсеп менен 6 миң спортчу 21 спорт тармагында медаль үчүн күч сынашат.

Оюндар бою 351 медаль тапшыруу аземи уюштурулат жана ийгиликтүү болгон спортчуларга 1870 медаль берилет.

5-Азия оюндарынын Аткаруу комитетинин жооптуу кызматкерлери берген маалыматка караганда оюндар убагында 140 миң кг тамак-аш даярдалат.

12 күнгө созула турган уюштуруу үчүн 700 миң билет бир канча жума мурда эле сатыла баштады. 17-27-сентябрь күндөрүнүн аралыгында боло турган оюндарда 8 миң ыктыярдуу кызматкер кызмат кылууда.

Комплекстин ичинде орун алган олимпиада стадионун кооздоп турган «ат башы» айкели бийиктик жана кеңдиги, суу спорттору борбору да жабык аянт көлөмү жагынан Гиннесс рекорддор китебине кирди.

 

Кезекте Казакстандан бир кабарыбыз бар.

Казакстанда жаңы алфавит мыйзамы долбоорлонуп Парламентке сунушталды.

Кирилл алфавитинен латын алфавитине өтүүгө даярданган Казакстанда жаңы алфавит мыйзам долбоору Парламентке сунушталды.

Казакстандын латын алфавитине өтүшү тууралуу тема каралган Парламенттин отурумунда, кабинет мүчөлөрү, илимпоздор жана филологдор катышты.

Отурумдун ачылыш сөзүн сүйлөгөн Казакстандын Парламент төрагасы Нурлан Нигматулин, улуттук аң-сезим, руханий баалуулуктар жана экономикалык өнүгүү жолунунун жаңы казак тилинин алфавитинин түзүлүүсү менен баштала турганын белгилеп кетти.

Нигматулин, жаңы казак алфавитинин өлкөсүн дүйнө жүзү менен бириктирген маанилүү фактор боло турганын баса белгилеп, «Латын алфавитине өтүүбүз, урпактарыбыздын англис тилин жана интернет тилин үйрөнүүсүн камсыздайт»,-деп айтты.

Казакстандын маданият жана спорт министри Арыстанбек Мухамедиулы, латын алфавитине өтүү даярдыктарын 6 жыл мурда баштагандардын жана бул процессте ар түрдүү иш-чараларда коомдук диспуттардын өткөрүлгөнүн маалымдады.

 Латын алфавитине өтүш үчүн илимпоздор, филологдордон турган Жумушчу тобу тарабынан латын символдору колдонулган казак тили алфавитинин долбоору түзүлгөнүн айткан Мухамедиулы, жаңы алфавиттин түзүлүшүндө бардык пикирлер эске алынганын айтты.

Мухамедиулы, даярдык иштеринде элдин көпчүлүк катмарынын латын алфавитине өтүү чечимин колдогонун кошумчалады.

Жаңы алфавит жазуучуларынан Байтурсунов, Тил илимдери институтунун директору Кажыбек Эрден Задаулы, алфавиттин баскычтуу түрдө ишке ашырыла турганын жана бул процессте эч бир кыйынчылык туулбай турганын айтты.

Түрк академиясынын төрагасы Дархан Кыдырали да боордош өлкөлөрдүн тажрыйбаларынын изилденгенин, натыйжада латын тамгаларынын орток түркологиянын алфавити болгонун жана латын алфавитинин казак тилинин фонетикасына эң жакын тил экенин айтты.

Латын алфавитине өтүүгө камданган Казакстан, 2018-жылдан тарта мектептерде сабак китептеринин латын алфавитинде окутула башталышын максаттайт.

Мамлекет башчысы Нурсултан Назарбаев, 2025-жылга чейин бардык китептерди, мезгилдүү чыгарылыш жана расмий документтерди латын алфавитинде чыгарууну пландагандарын жарыялаган.

 

Акыркы кабарыбыз маданият-искусство дүйнөбүз тууралуу болмокчу.

Эл аралык түрк маданияты уюму ТҮРКСОЙдун салттык түрдө уюштурган «Опера күндөрү» иш-чарасы быйыл 11-13-сентябрь күндөрүнүн аралыгында өттү.

ТҮРКСОЙ, ТР Маданият жана туризм министрлиги, ТР Мамлекеттик опера, балет башкы директорлугу, Эмгек, көркөм өнөр жана маданият фондунун кызматташуусунда өткөрүлгөн быйылкы иш-чараларга Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия жана Түндүк Кипр Түрк Республикасынан 9 опера чебери катышты.

2017-жылдын 4-сентябрынан бери Малтепе университети жана ТҮРКСОЙдун кызматташуусунда дүйнөгө таанымал сопрано Fiorenza Cedolins тарабынан аткарылган Мастеркласска катышкан ТҮРКСОЙ чеберлери алгач ирет Түркияда искуство сүйүүчүлөргө чыгармаларын тартуулашат.

20-ТҮРКСОЙ опера күндөрүнүн алкагында аткарыла турган алгачкы концерт Стамбулдун эң жаңы опера сахналарынан бири болгон Гранд Пера Эмек залында өткөрүлдү.

ТҮРКСОЙдун Опера жылдыздарын концертте Казакстандан пианист Ассел Давлетярова менен Кыргызстандан Медет Осмонов коштоп жүрдү. Түрк дүйнөсүнүн опера жылдыздары, Стамбулда болгон ачылыш концертинен кийин жыл сайын болгону сыяктуу быйыл Түндүк Кипр Түрк Республикасында (ТКТР) искусство сүйүүчүлөргө чыгармалырн тартуулашты.

2017-жылдын 13-сентябрында болгон концерт, ТКТРнын улуттук билим берүү жана маданият министрлигинин карамагында Гирнеде орун алган Беллапаис монастырында өттү.

Алгачкысы 1994-жылы болгон ТҮРКСОЙдун салттык түрдө уюштурган иш-чараларынан бири катары Түрк дүйнөсүнүн таанымал искусство чеберлерин жолугуштурган, искусство менен катар маданий бөлүшүү мүмкүнчүлүгүн тартуулаган ТҮРКСОЙдун Опера күндөрү иш-чарасы, ушул убакка дейре көп сандаган ар башка шаар жана өлкөдө аткарылды. Түзүлгөн күнүнөн бери көркөм өнөргө жана искусство чеберлерине теңдешсиз колдоосун уланткан ТҮРКСОЙ, бүткүл дүйнөдө аткарган иш-чаралары менен түрк калктарынын маданий байлыктарынын таанылышына салым кошуусун улантууда.

 



Тектеш кабарлар